Шашылыш кабар:

Артур Медетбеков: Курал сатуу боюнча көп иш ачыкка чыга элек

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
142

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү коррупция менен күрөш уланышы керек деп, укук коргоо органдарындагы жана сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр нааразычылыктарды жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 4-декабрда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алганда айтканын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жээнбеков бул жааттагы коррупцияны жоюп, бийликтин бардык бутактарындагы жемкорлук менен аёсуз күрөштү улантуу керектигин белгилеген. Биз күч түзүмүндөгү коррупция тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү коррупция менен күрөш улантылышы керектигин белгиледи. Өлкө башчысы бул жааттагы кайсы жемкорлук тууралуу сөз кылышы мүмкүн, дегиле Куралдуу күчтөрүндөгү коррупциялык тобокелчиликтер канчалык?

Артур Медетбеков: 2015-2016-жылдары Кыргызстанда чуулгандуу чоң окуя болду. Куралдуу күчтөрүндөгү коррупция, курал-жарактарды сатуу боюнча 14 офицер жумуштан кетти. 13 офицерге иш козголуп, иши сотко өттү. Мен билгенден Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери 26 автомат, 14 тапанча, 15 миңге жакын ок дарыларды уурдап, сатып жиберген. Ошол убакта азыркы президент (ред: Сооронбай Жээнбеков) премьер-министр, Генералдык штабдын учурдагы жетекчиси (ред: Райимберди Дүйшенбиев) Чек ара кызматынын башчысы болчу. Ошондуктан алар бул жатта коррупция абдан күчөп кеткенин жакшы билишет. Экинчиден куралдарды уурдап сатуу боюнча дагы көп иштер ачыкка чыга элек. Соттун чечими дагы жок. Андан сырткары 2010-жылы тонолуп кеткен курал-жарактын жарымы элдин колунда.

Марал: Сиз айтып өткөндөй былтыр Чек ара кызматынын аскер кызматкери көп сандагы курал-жаракты сатып жүргөнү аныкталып, кылмыш иш козголгон эле. Курал сатууга Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча комитеттин кызматкерлеринен тарта айдоочуларына чейин аралашканы айтылып, 13 адамга айып тагылганы кабарланган. Бул Күч түзүмдөрүндөгү курал сатууга жогорку жетекчилер дагы аралашып жатат дегенди түшүндүрөбү?

Артур Медетбеков: Жогорку жетекчилер курал сатууга катышып жатат деш үчүн фактылар керек. Бирок, алардын ишиндеги шалаакылыгы, кетирген катачылыктардан улам жанагындай иштер болуп, куралдар сатылып кеткени билинип жатпайбы. Андан сырткары Куралдуу күчтөрүндө ар кандай курулуш иштери болот. Аларга үй салынат, чек ара тозоттору курулганда дагы коррупцияга жол берилип, иш козголгон учурлар бар. Кыргызстанга жаңы куралдарды сатып алууда дагы иштер козголгон. Ошондуктан ушул багыттарга көп көңүл буруу керек. Учурда Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн саны деле көп эмес. Бирок, айлык-маянада дагы мыйзамсыз иштер катталат.

Марал: Буга окшогон чуулгандуу иштер коомчулукта катуу талкууга алынып, бирок жыйынтыгы кандай болгону белгисиз бойдон калууда. Күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык иштерди алдын алуу жана аны жоюу боюнча кандай жолдорду көрүп турасыз?

Артур Медетбеков: Жаңы курал жарактарды алып келип, аскерлерди кийим менен камсыздап коюу бул реформа эмес. Реформа деген бул биринчи кезекте күч түзүмүндөгү кызматкерлердин аң-сезимин өзгөрүү. Экинчиден, мыйзамдардын иштешин камсыз кылуу зарыл. Андан сырткары, алардын жашоо-шартын жакшыртып, шарт түзсө аскерлер арасындагы, Куралдуу күчтөрүндөгү коррупцияны төмөндөтүүгө же толугу менен жок кылууга жол ачылат.

Сүрөт: Сооронбай Жээнбеков жана Райимберди Дүйшенбиев. 4-декабрь 2017-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *