Шашылыш кабар:

Т.Бирназаров: Биз уткан 10 миң евро сыйлык мамлекеттин эсебине түшөт

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
142

Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы Таллинде өткөн “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, 10 миң евро менен сыйланган. 2-декабрда өткөн фестивалда баш байге үчүн 18 тасма ат салышкан. Бул боюнча режиссер менен маектештик.

Кинофестивалга кантип катышып калдыңыз? Конкурстун шарттары кандай эле?

Таллиндеги “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалына мурда башка жерде коюлбаган кинолорду чакырышты. Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшөванын эмгеги менен “Түнкү кырсык” тасмасын жөнөттүк. 600 фильмден 18 кино тандалып, биздин кино да тизмеге илинген эле. Быйылкы жыл жеке эле мага эмес, кыргыз киносу үчүн да жемиштүү болду. Каражаттын баары мамлекетке түшөт.

18 кинонун арасынын биринчиликти багындыруу оңой иш эмес, сиздин кино тасма эмнеси менен өзгөчөлөндү?

Биздин кино жөнөкөй жана жасалмасы жок тартылганы менен айырмаланат. Анткени, конкурска катышкан тасмалардын айрымдарын төрт-беш мамлекет биригип тартышкан. Ага миллиондогон акчалар коротулган.

Калыстар кандай баалашты? 

Калыстар жети мамлекеттен келишти. Алар бири-бирин деле тааныбайт. Биздегидей эмес экен, өздөрүнчө көрүп, аягында эле талкуу кылышпаса. Ар бири менен баарлашканга мүмкүнчүлүк болбоду.

Кинону тартууга канча убакыт кетти? Тасма эмне жөнүндө?

Тасмада карыя менен жаш кыздын ортосундагы мамиле баяндалган. “Түнкү кырсык” киносу  «Кыргызфильм» киностудиясынын каражатына тартылды.  Ага 5 млн сомдун тегерегинде акча коротулду. Тасма бир айда тартылып бүттү.  Монтаждап, даярдаганы 6 ай кетти.

Алдыда дагы кандай пландар бар?

Эми  тасманы элге алып чыгыш керек.  Азыр президенттер жөнүндө тарткан кинонун үстүндө иштеп жатам.

Кошумчалай кетсек, “Караңгы түндөр” кинофестивалы 1997-жылдан бери өтүп келет. Ал дүйнөдөгү 20 абройлуу фестивалдын катарына кирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *