Шашылыш кабар:

Чоң муштум ата күнөөсүн моюнга алган жок

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
253

Баласын ичке тепкен атага кылмыш иши козголуп, азыр убактылуу кармоочу жайда. Бирок баласына зомбулук көрсөткөн ата коомчулукта жарыяланган видео монтаждалган деп таанууда. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми коомчулук жана балдардын укугун коргоочулар зомбулук көрсөткөн атаны жазалоо талабын коюп, аталык милдетинен ажыратуу керек деген пикирин билдирип жатышат.


Карда тайгаланып басалбай, жерге жыгылып, улам тура албай кыйналып жаткан 2 жаштагы баласын атасы тепкен видео социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.  Жада калса коомчулуктун жардамы менен баласын тепкен ата кармалып, ага кылмыш иши козголду. 1967-жылы туулган  Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук району боюнча башчысынын орун басары болуп эмгектенгендигин аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктап, кызматтан алынгандыгын маалымдады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Адыл Оморов билдиргендей ага “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголуп, азыр убактылуу кармоочу жайда. Бирок Бариер Адиев аталган видеону монтаждалган деп, моюнга албай жатат.

-Атасы биринчи айткан билдирмесинде, балага катуу мамиле жасаган жокмун деген. “Ал видеону көргөм, бирок ал монтаждалган”,- деп танууда. Бирок коомчулук жалпы көрүп тургандай видео монтаждалган эмес. Видео азыр техникалык экспертизада. Ошондой эле ал сурак учурунда: “Аялым экөөбүз ошол видеонун айынан уруштук”,-деп айткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай  атасы ичине тепкен бала ооруканага 3-декабрда 01:05 те келген. 2,5 жаштагы бала калың күрмө кийип тургандыктан оор жаракат алган эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө. Ал эми “Балдардын укугун коргоо” лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова, мындай мамилени жасаган ата мурда да зомбулук жасаган болушу мүмкүн экендигинен шекшийт. Ал жада калса, башка үй-бүлө мүчөлөрүн да текшерүү талабын коюуда. Анткени ал балага мындай мамиле жасаган ата жубайына оңой эле кордук жасашы мүмкүн деп кабатыр.

Эмне себептен ата-энелер балдарын ур-токмокко алышат? Анткени, алар жазаланбайт! Эгерде буга чейинки болгон окуяларда ата-энелер жазасын алып, тийиштүү чаралар көрүлгөндө мындайлар тыйылмак. Бирок, азыр ата-энелер «коркпойм, жоопкерчиликке тартылбайм» деп ишенет.

Ал эми социалдык кызматкерлердин айтымында, окуя болгон күнү баланын  энеси атасын аталык милдетинен ажыратууну суранып арыз жазган. Бирок экинчи күнү жазган арызында эч кандай доосу жок экендигин айткан. Бул туурасында Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова  “Марал” радиосуна билдирди.

-Баланын абалы жакшы. Ойноп жүрөт. Бирок биринчи күнү биздин кызматкерлер кабар алганда арыз жазам деген. Арыздын аягында баланын атасын аталык милдетинен ажыратууну суранган. Бирок кайра эч кандай доосу жок экендигин айтууда. Эми жыйынтыкты сот чыгарат.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, мындай зомбулукка кабылган балдардын саны 1 жылдын ичинде болжолдуу 130га жеткен. Бул расмий түрдө катталганы гана. Демократия түшүнүгүн туура эмес колдонуп, “өзүмдүн үй-бүлөм, өзүмдүн менчигим” деп каалагандай мамиле жасагандар да бар дешет укук коргоочулар.

Педагог Зарипа Исламова, акыркы учурда мындай окуялардын көп катталып, коомдо жөнөкөй көйгөй катары кабыл алына башташын үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоголушу менен байланыштырат. Замандын өнүгүшү менен баалуулук моралдык нерседен материалдыкка байланып, бакытты башка жактан издегенине байланыштуу дейт. Көр оокаттын айынан үй-бүлө институту бузулуп, кесепети балдарга зордук-зомбулук менен чагылып жатат деген оюн айтты.

-Ата-эненин бири-бирине болгон мамилеси балага чагылат. Эгерде ортодо урмат-сый болсо, үй-бүлөдө бактылуулук болот. Бирок азыркы учурда баалуулук материалдык мүнөзгө байланып, бакытты башкадан издеп, балдарга жакшы мамиле кыла албай жатабыз. Мен ушул сыяктуу бир канча видеолорду көрүп чыктым. Баарында бактысыздык бар. Жубайына болгон мамилесин баласынан чыгарат. Эң биринчи кезекте үй-бүлө институтун калыптандырууну үйрөнүүбүз абзел.

Балдардын укугун коргоо лигасы дал ушундай зомбулукка кабылган балдар жөнүндө 102 же 111 ишеним номуруна чалууну өтүнөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *