Шашылыш кабар:

BIF-2017: Орто Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу каралат

Декабрь 5, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
64

Бишкек инвестициялык форумунда быйылкы жылы Орто Азия мамлекеттеринин кызматташуу келечеги каралат.  6-декабрда коңшу Тажикстан жана Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү 40 тан ашык ишкердин коштоосунда келе турганы күтүлүүдө.

Бишкек инвестициялык форуму 6-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Ага катышуу ниетин жалпы миңге жакын катышуучу билдирген. Анын 60 дүйнөнүн 7  өлкөсүнөн келет, калганы жергиликтүү бизнестеги жарандар түзмөкчү. Учурда акыркы каттоо жүрүп жатат. Быйылкы жылы ишкерлерге багыт берүү максатында эки чоң пленардык талкуу өтөт.

Форум үчүн спикерлер негизги критерийлер менен тандалып алынды. Алардын арасында кыргызстандык, казакстандык, пакистандыктары бар. Биринчи жыйында  Кыргызстандагы түз инвестиция жана инвестор менен сүйлөшө билүү тармагы боюнча тажрыйбалар берилет.  Анын алкагында Кыргызстанда бизнесин жүргүзгөн  пакистандык ишкер төрагалык кылаары күтүлүүдө.  Андан ары Казакстандан жана Кыргызстандан ийгиликтүү иш алып барган компаниялар сөз сүйлөшөт.

Бирок быйылкы жылдагы негизги өзгөчөлүк, Орто Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу перспективалары каралат. Бул тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров  «Марал» радиосуна билдирди. Форумга катышуу үчүн коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан жалпы 32 ишкердин келээри күтүлүүдө.

Экинчи бөлүктө Орто Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу перспективалары деп, соода жана экономикалык багытта болот. Бул жерде Өзбекстан жана Тажикстандан соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүн күтүп жатабыз. Ошондой эле Тажикстандан 17 ишкер, Өзбекстандан 15 ишкер катышкан делегациясын күтүп жатабыз. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын келечеги, негизгиси биздин Орто Азиядагы мүмкүнчүлүктөрдү талкулоо.

Бул форумга үчүнчү жылы катышып жаткан ишкер Урмат Акматов эки жылдагы жасаган иштеринин үзүрүн  көрө баштады. Өзү көп жылдан бери  АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөрдөн айыл чарба техникаларын алып келип сатчу. Былтыркы жылы Бишкек инвестициялык форумунан өнөктөш таап, Кыргызстандагы такси кызматын көрсөткөн фирмалар менен жаңы иш баштаган.  Тагыраагы, бүгүнкү күнү  Орусия жана Өзбекстандан  такси фирмаларына унаа ташуу жагын колго алып келет. Быйылкы жылы коңшу мамлекеттер менен дагы жаңы кадамдарды таштаганы турат.

Бишкекте биринчи жолу ушундай долбоор ишке ашты. Такси тармагы муну менен дагы бир кадамга жогорулады. Анткени, буга чейинки Кыргызстандагы бир дагы такси фирмасынын өзүнүн унаасы болгон эмес. Муну менен жаңы унаа колдонулган жана коопсуздукту сактай турган жагы жок болчу. Ошондуктан биз бул долбоорду колдодук. Былтыркы жылы Орусиядан бир канча унаа алып келген болсо, Быйыл Өзбекстанга буюртма бердик. Эми алдыда коңшу мамлекеттер менен бирдиктүү иш баштайлы деген ойдо турабыз.

«Биз эксперт» аналитикалык борборунун аткаруучу директору Айнура Чекирова бул аянтчанын маанилүүлүгүн белгилейт.  Бул бир гана ишкерлерге эмес,  чөнтөгүндө аз акчасы менен турган жарандарга дагы пайдалуу болуп жатат. Негизгиси жаңы өсүп келе жаткан тармактардын өнүгүүсүн шарттап жатканын «Марал» радиосуна айтып берди.

BIF форумуна келген инвестицияны эсепке албаганда деле өлкөнүн жаңы өсүп келе жаткан тармактардын өнүгүүсүнө жардам берет. Анткени, башка бирөөнүн тажрыйбасын угуп, форумга келген жаран өзү да иш ачат. Ошондо жаңы идея менен алмашуу болот.

Быйыл BIF 2017 форумуна 200 ашык долбоор келип түшкөн. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен BIF 2017 форумунун тизмесине 81 долбоор киргизилет.

Кошумчалай кетсек, биринчи BIF 2015 форумунда 10 компания $750 000 ашык суммага келишим түзгөн, экинчи BIF 2016 форумунда – $3 млн көбүрөөк суммадагы бештен ашык келишимге кол коюлган.

Эске сала кетсек, жакында www.bif.kg  сайты ачылды, эми BIF форумунун алкагында ишкерлер менен кызматташуу жыл бою жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *