Шашылыш кабар:

Милиция кызматкери эмнеге өзүн-өзү атып алган?

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
421

Ички иштер министрлигинин курал-жарак сактоочу жайында болгон окуя иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, күзөттө турган Эрлан Солпуев жанындагы автомат менен өзүн-өзү атып алган. Айрымдар бул жагдайды анын психологиялык абалы жана көйгөйдөн качуунун жолу менен байланыштырышууда. Маалым болгондой аскер кызматкерлеринин шалаакылык менен кызмат учурунда бирин-бири же өзүн-өзү атып алган учуру алгачкы жолу эмес. Андыктан мунун себеби эмнеде экендигин эксперттерден сурап көрдүк.


1-декабрда, 19:00 чамасында Кой-Таш айылында жайгашкан ИИМдин курал-жарак сактоочу жайында болгон окуя иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, күзөттө турган кенже сержант 1991-жылы туулган Эрлан Солпуев өзүн-өзү атып алган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев билдиргендей учурда экспертизалык териштирүүлөр жүрүүдө.

Азыр териштирүү жүрүп жатат. Алдын ала жүргузүлгөн териштирүүлөргө ылайык, милиция кызматкери өзүнө бекитилген курал менен атынып алгандыгы аныкталган. Учурда аны эмне себептен бул кадамга баргандыгы аныкталууда.

Эске салсак, буга чейин да колдонуп жаткан куралы менен шалаакылыктын кесепетинен аскер кызматындагылар кокустуктан атып алган учурлар катталган. Мындан улам адистер учурда аскер кызматында курал колдонуунун жоопкерчилиги жана тартиби төмөндөдү деген пикирди айтып келишет. Бирок мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенат Өмүрбек Кутуев: “мындай кокустуктар мурда да болуп келген. Шалаакылык чанда гана кездешип, бирөөнүн жаңылыштыгы үчүн жалпы кызматкерлерди айыптоо туура эмес”,- деп, буларга токтолду.

Куралды колдонуу чоң жоопкерчилик. Ал эми мындай учур шалаакылык. Албетте, баарын так үйрөтпөгөн командиринде да күнөө бар. Ал эми бир-эки кишинин айынан жалпыны күнөөлөө туура эмес.

Азырынча Эрлан Солпуев өзүн-өзү атайылап аткан деген божомолдор айтылууда. Айрымдар буга анын психологиялык, үй-бүлөлүк көйгөйлөрү себеп болушу мүмкүн деп божомолдошот. Мындан улам акыркы мезгилде аскер кызматкерлеринин психологиялык абалы төмөн экендигин айткан эл өкүлү Бакирдин Субанбеков: “Аскер тартибин үйрөнүүгө бөлүнгөн 1 жылдык  убакыт аз, курал колдонуудагы тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү керек”,-дейт.

-Мындайда ар кандай ой пикир жаралат. Балким шалаакылык, балким психологиялык абал себеп. Анткени мурдагыдай “дедовщина” жок. Ошого балким үйдөгү турмуш шарт, кыска ойлуулук менен ушундай кадамга барышы мүмкүн. Ошондой эле, алардын курал колдонуунун жоопкерчилигин аңдабагандыгында. Анткени буга чейин да аскер кызматын өтөп жатып ок атып алган учурлар болгон. Демек алар 1 жылда көп нерсе үйрөнө албайт. Ага кошумча 18 жашта адамдын психологиясы турукташпайт.

Маалыматка ылайык, Эрлан Солпуев мамлекеттик органда 2010-жылдан бери кызмат өтөп келген. Акыркы жолу Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунда кызмат кылып жаткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *