Шашылыш кабар:

Майыптар конвенциясын кабыл алууга акча тартыштыгы тоскоолбу?

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
53

Гүлзар Дүйшөнова мындан 15 жыл мурун автоунаа кырсыгынан улам баспай калган. Окуядан бир жылдан кийин жолдошу да каза тапкан. Ал ортодо эки баласын кол өнөрчүлүк менен багып чоңойткон. Г.Дүйшөнова, башка түшкөн сыноого көнүп, кайрадан коомчулук менен аралашып жашоо үчүн 5 жыл убакыт кеткенин айтат.

-Ал кезде мен 25 жашта элем. Бир четинен майып болдум, экинчи четинен балдарым менен жесир калдым. 15 жылдан бери майыптык араба менен жүрөм. Майыптарды көрүп, алар менен сүйлөшүп, кайра жашоого умтула баштадым. Эртеңки күнгө эч кимдин кепилдиги жок. Ошондуктан, бул нерсени коомчулукка жеткиргим келет. Айтаарым, БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жөнүндө Конвенциясын кабыл алышса. 

Майыптыгы барлар жөнүндө Кыргызстандын ички мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөгөн механизм жоктугуна байланыштуу, анда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатат. Андыктан, Конвенцияны кабыл алууга туура келээрин “Феномен” коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев билдирди. Ошондой эле, конвенция — эл аралык документ болгондуктан, анын кабыл алынышы менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин билим алуусуна, медициналык дарылануусуна, жумушка орношуусуна жана башкаларга шарт түзүлөөрүн кошумчалады.

-Мүмкүнчүлүгү чектелгендер эмгекке болгон укугубузду коргоодо ички мыйзамдарыбыз иштебей жатат деп толук айта алабыз. Баса албагандар, кулагы такыр укпай, көзү көрбөгөндөр Билим берүү министрлигинин программаларынан пайдалана албай келет. Себеби, мектептерде жана окуу жайларда аларга шарттар түзүлгөн эмес. Ички мыйзам иштебегендиктен, Конвенциянын кабыл алынышын талап кылып жатабыз.  

“Майыптарга юридикалык көмөк көрсөтүү” уюмунун жетекчиси Толкунбек Исаков Кыргызстан Конвенцияны кабыл албай жаткан себебин 3 негиз менен түшүндүрдү. Анын айтымында, өлкөдө министрликтер  бат-баттан алмашып жатканына байланыштуу документ тууралуу толук түшүнүктөрү жок.

-БУУнун мүмүнчүлүгү чектелгендер жөнүндө Конвенциясына алты жылдан бери жетпей келебиз. Анткени, биздин атка минерлерде саясий эрк жок. Экинчиден, документ тууралуу тиешелүү түшүнүк жок. Үчүнчүдөн, кабыл алууга каражат жок дешет. Бирок, бул — чындыкка жатпаган маалымат. 

Конвенцияны кабыл алуудан кийин аны аткарууга 36 млрд сом талап кылынат. Бирок, аны каражатсыз деле ратификациялай берсе болоорун, ал үчүн эсептелген сумманы кайра карап чыгыш керектигин  Жогорку кеңештин депутаты Аида Касымалиева билдирди.

-Жакында эле Өкмөттөн аталган документти кабыл алууга каражат жетишпейт деген жооп алдык. Бирок, ушул маселени депутаттар кайра көтөрүп чыкканы турабыз. Себеби, бюджетти караганда формалдуу түрдө өтө чоң сумма айтылган. Эгер биз акча табылса кабыл алабыз дечү болсок, дагы 50 жыл күтүшүбүз зарыл. Андай идеалдуу шарт эч качан болбойт.  Азыр көздү жумуп, ратификациялашыбыз кажет.  

Ал эми майыптыгы барлардын шартын жакшыртууда БУУнун Конвенциясын ратификациялоонун ордуна өлкөдөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөш керектигин мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев маалымдады.

-Конвенцияны кабыл алууга экономикалык абал жол бербейт. Аны ратификациялап алып, талаптарды аткара албай калсак, күнөөлүү болуп калабыз. Өзүбүздүн мыйзамдар иштеши зарыл. 

Кошумчалай кетсек, БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жөнүндө Конвенциясы 2008-жылы күчүнө кирген. Ал эми Кыргызстан аталган документти кабыл алуу боюнча документке 2011-жылы кол койгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *