Шашылыш кабар:

«Жол картасы» чек ара маселесин чечти

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
95

Сүрөт: Толкунбек Абдыгулов жана Аскар Мамин

«Жол картасына» кол коюлгандан кийин кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекеттеринде жүк ташыган автоунаалардын кезеги дээрлик жоюлуп, өткөрмө пункттары кадимки тартипте иштеп баштады.

Күттүргөн «жол картага» кол коюлду

Казакстандын Астана шаарында кол коюлган «жол картасы» эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам мүнөздөгү 16 чара камтылып, 5 кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чаралар бар. «Жол картага» Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кол коюп, мындан ары кыргыз-казак чек арасындагы маселелер кандай жол менен чечилээрин айтты.

— Бүгүнкү интенсивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин биз бир пикирге келип, «жол картасына» кол коюуга жетиштик. Бул документке ылайык биздин өлкөлөр чогуу иш алып барып, жаралган бардык маселелерди Евразиялык экономикалык комиссиянын мыйзамдарынын чегинде чечебиз.

Толкунбек Абдыгулов башында турган Кыргызстандын делегациясы казак тарап менен кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы «жол картанын» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн 1-декабрда Астана шаарына барган эле. Документке казак тараптан Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин кол коюп, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл күчөтүлгөндөн бери канча мыйзам бузуу фактылары катталганын жарыялады.

— Белгилей кетүүчү жагдай чек арадагы кабыл алынган чаралардан кийин, 2017-жылдын 10-октябрынан 1-декабрына чейин текшерүүнүн ар кандай түрүнөн 4 миңден ашык мыйзам бузуулар аныкталды. «Жол картасына» кол коюлган соң кыргыз-казак чек арасындагы экспорт-импорт жана транзиттик жүктөр Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү менен бирге көзөмөлгө алынат.

Буга чейин Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен 18-октябрда Астанада жолугуп, «жол картасын» иштеп чыгуу чечими кабыл алынган. Октябрдын соңунда эки өлкөнүн өкмөт башчылары Ереванда жолугуп, бирок «жол картасына» кол коюлган эмес. Анда казак тарап Кыргызстанга өз талаптарын коюп, расмий Бишкек менен Астана тил табыша албай калган.

Сүрөт: Чек арадагы көзөмөл күчөгөн алгачкы күн. «Ак-Жол» бекети

Абдыкариева: Өткөрмө бекеттерде тыгын жок

Чек арадагы абалды жөнгө салуу учүн иштелип чыккан «жол картасына» кол коюуну президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев 30-ноябрда Минскте Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында жолугуп, келишишкен. Анда эми кыргыз-казак чек арасына үч тараптуу көзөмөл киргизүү, башкача айтканда Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ тараптан бирден адам көз салуу керек деген чечим кабыл алынган.

Эми эки тараптын «жол картага» кол коюусу менен чек арадагы абал жакшырып, адамдардын жана оор жүк ташыган автоунаалардын тыгыны дээрлик жокко эсе болуп калганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева «Марал» радиосуна кабарлады.

— 3-декабрдан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана автотранспорттордун тыгыны жок. Учурда «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда 50гө жакын гана жүк ташыган унаалардын кезеги турат. Калган «Ак-Жол», «Чалдовар», «Чоң-Капка», «Токмок» жана «Кең-Булуң» чек ара көзөмөл өткөрүү жайларында транспорттордун жана жарандардын тыгыны жок.

Казакстан 3-декабрдан баштап саатына 20дан 25ке чейин оор жүк ташыган автоунааларды өткөзүп жатканы белгилүү болду. Ал эми чек арадагы көзөмөл күчөтүлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү, казак тарап бир жүк ташыган унааны 40 мүнөттөн, бир жарым саатка чейин текшерип, өткөзүп жаткан. «Жол картасына» кол коюлгандан кийин «Ак-Тилек» бекетинен бир сутка ичинде 222 автоунаа өткөнү кабарланды. Ал эми «Чоң-Капкада» турган 100гө чукул унаа «жол картасына» кол коюлганча эле 2-декабрь күнү өтүп бүткөн.

Сүрөт: Кыргыз-казак чегинде кезек күткөн автоунаалар

«Айыл-чарба продукцияларын экспорттоо жеңилдеди»

Астанага кыргыз делегациясы менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов дагы барган. Анын айтымында кол коюлган документке ылайык эми Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын ЕАЭБге кирген өлкөлөргө экспорттоо жеңилдейт.

— Эң биринчи жетишкендик күчөтүлгөн режим (ред: чек арадагы) алынып салынды. Экинчиден Кыргызстан эми товарды экспортоочу ишканаларды өзүбүз карап, талаптарга жооп берсе реестрге киргизе алабыз. Анын тизмесин биз макулдашып, Казакстан менен Орусияга жиберсек, алар текшерип инспекция кылбай туруп эле биздин кепилдик менен уруксат берип, реестрге киргизе берет.

Казакстан кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү 10-октябрдан тарта бир тараптуу күчөткөн. Расмий Астана бул кадамын Кыргызстандын бажысындагы ири аткезчилик менен байланыштырган. Бирок кыргыз тарап коюлган дооматтарды четке кагып, бул көйгөй Казакстанда дагы бар экенин жүйө кылган эле. Кыргызстанда бийлик алмашып, жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун келиши менен эки тарап мунасага келди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *