Шашылыш кабар:

А. Имангазиев: Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери мигранттардын абалы жакшырды

Декабрь 4, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
72

Учурда 700 миңден ашуун кыргызстандык окуу же иштөө максатында чет өлкөдө жашайт. Алардын дээрлик 630 миңдейи Орусияда,  Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Италияда 5 миң жана Араб Эмираттарында  да беш миңдей кыргызстандык бар. Алардын экономикага кошкон салымы эбегейсиз. Азыркы тапта алардын укуктарын коргоо жана шарттарды түзүүдөөгү абал да кыйла жакшырды. Бирок, кыргызстандык мигранттардын эмгек акысы, пенсияга чыгуусу жана каза тапкан учурда сөөктү жеткирүү маселелеринде бир топ мүчүлүштүктөр да жок эмес. Ошого карабастан бул көйгөйлөрдү жоюу боюнча тынымсыз иштер алып барылып жатканын ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Имангазиев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Чет жактарда эмгектенип жана окуп жүргөн жарандардын укуктарынын корголуусу акыркы кезде бир топ жакшырды. Анын ичинен Орусиядагы мигранттардын абалынын жакшырганы да өзгөчө көңүлдү бурат. Мындай пикирин ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Имангазиев билдирди:

«Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта мигранттардын абалы кыйла жакшырды. Анын натыйжасында мигранттар которгон акча 2 млрд долларга жетти. Бул экономикалык жагы. Ошол эле учурда Кыргызстандан Орусияга болгон миграциялык агым күчөп, учурда 630 миңдей жараныбыз Орусияда эмгектенип жатат. Эмгек келишими боюнча жеңилдиктер, айдоочулук күбөлүктүү таануу маселесинде да бир топ маселелер оң тарабына чечилди».

Ал эми мигранттардын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болгон жүк-200 маселеси да чечилгени калганын ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин кеңешчиси Алмаз Букалаев маалымдады. Анын айтымында, жакында эле Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстанда катталган бардык авиакомпанияларды чет өлкөдө каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн акысыз алып келүүгө милдеттендирген. Эми болсо, сөөктү жөнөтүүдөгү башка чыгымдарды азайтуу жана ага компенсация төлөп берүү боюнча нормативдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

«Мисалы буга чейин каза болгон жарандын жакындары тиешелүү документтерди үч айдын ичинде миграция кызматына өткөрүп берсе, сөөктү алып келген жол каражатына гана мамлекет компенсация төлөп берчү. Эми транспорт маселеси акысыз деп чечилген соң, сөөктү алып келүүдөгү башка чыгымдарга компенсация төлөп берүүнү карап жатабыз. Алсак, бальзамдоо, табытты даярдатуу ж.б кызматтар да кийинки жылдан тарта акысыз болуп калышы мүмкүн. Учурда буга карата иш-аракеттер башталды». 

Ошондой эле бул жылы чет өлкөдөгү жарандарга укуктук маселелерде көмөк көрсөтүү максатында, адвокаттардын бирдиктүү базасы түзүлгөн жана айрым элчиликтерде юристтик кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү ачылган. Анткени учурдагы статистика боюнча 1700дөй кыргызстандык чет өлкөдө соттолгон. Алардын эң көбү Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын абактарында кармалууда. Ошондой эле Кытайда да эң оор беренелер боюнча соттолгон 18дей жаран бар. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Алмаз Имангазиев төмөнкүлөргө токтолду:

“Биз учурда Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал жакта соттолгон жарандарды Кыргызстанга алып келүү аракетин көрүп жатабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кытайдын Кылмыш-жаза кодекси дүйнөдөгү катаал мыйзамдардын бири болуп саналат. Ошентсе да, бул жылы эки жараныбызды Кытайдан Кыргызстандын абагына котордук. Ал жакта дагы 18дей жаран бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү “наркотикалык затты сатууга аракеттенүү” беренеси менен соттолушкан”.

Расмий маалыматтар боюнча 700 миңдей, бей расмий маалыматтарда миллионго чукул кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө жан багып келет. Мындан улам эксперттер чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарынын толук корголуусу жана аларга маалыматтык кызмат көрсөтүүдө  консулдук кызматтар жетишсиз деп эсептешет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча чет өлкөдөгү мигранттар эң көп укуктук кеңештер, кылмыш иштерине аралашкан, айлык маянасын ала албай калган фактылар боюнча арыз менен көп кайрылышат. Ошол эле учурда каза болгон жарандын сөөгүн жеткирүү маселесинде да ТИМдин өкүлчүлүктөрүнө кайрылуулар көп түшөт.

Ушул жылы эле чет өлкөлөрдөн 238 адамдын сөөгү Кыргызстанга алынып келинсе, анын 216сы Орусиядан жиберилген. Ал эми адам сатуу жана кулчулукка сатылып кетүү боюнча ТИМдин карамагына 2-3 маалымат келип түшкөн. Бул абал Түркия жана Араб өлкөлөрүндө катталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *