Шашылыш кабар:

Бишкекте окуучулардын интеллектуалдык таймашы өттү

Декабрь 2, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
95

“Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган жарышка борбор калаанын 15 мектебинен окуучулар катышты. Анда 10-класстын окуучулары математика, тарых, география, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынан билим деңгээлин сынашып, логикалык суроолорго жооп беришти. Таймаштын жыйынтыгында №71 мектеп-интернаты 2 миң 260 упай менен биринчиликти багындырса, экинчи орунга 2 миң 200 упай менен №5 мектеп гимназиясы илинди.

Бул интелектуалдык жарыш жыл сайын 3 тур жана бир финалдык беттеш менен жыйынтыкталат. “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун  координатору Айзирек Насированын айтымында, аталган таймаш былтыркы жылдан тарта өлкөнүн 7 облусунда уюштурула баштаган.

-Бүгүнкү жарышта окуучулардын даярдыктары жакшы экен. Иш-чара Бишкек шаарынын 15 мектебинин ортосунда өткөрүлөт. Ысык-Көлдө Кара-Кол шаарында, Баткен облусунда Кызыл-Кыя шаарында ошондой эле, ар бир облуста өткөрүлүп келет. Таймаш, жок дегенде, тогуз мектептин арасында уюштурулат. Оюндар октябрдан май айына чейин өткөрүлөт. Ар бир турда топтолгон упайлар эсептелип, жыл соңунда жеңүүчүлөр аныкталат. 

Кыздар арасында өткөн “Акыл Карачач” интеллектуалдык таймашынын катышуучулары жарыштын арты менен билимге болгон кызыгуусу артып, башка мектептер ортосунда достук мамиле жаралып жатканын айтышат. Айдаркан Молдакулов атындагы №5  улуттук компьютердик гимназиянын 10-классынын окуучусу Фатима Жеңишбек кызы мурда мектептен кийин үйгө кетип эс алса, эми убакытты туура колдонгонду өздөштүргөнүн белгиледи.

-Азыркы учурда бул таймашка экинчи ирээт катышып жатам. Бул жолку жарыш абдан көңүлдүү өттү. Билим менен кошо достукту да бекемдеп жатабыз. Башка окуу жайлардын окуучулары менен тааныштык. Билим деңгээлин салыштырып, пикир алыштык. Таймашка даярданып жатып, убакытты туура бөлүштүргөндү үйрөндүк. Алган билимибиз алдыда боло турган Жалпы республикалык тестирлөөгө пайдасын берет деп ишенем. 

Кароо сынакка ар бир мектептен 6 окуучу катышат. Алар түрдүү класстардан тандалып алынат. Мындайда класстар арасындагы ынтымак бекемделип, балдар коллектив менен иштөө маданиятын өздөштүрүшөт. Натыйжада, ар тараптуу көндүмдөр калыптанаарын Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын усулдук иштер боюнча директорунун орун басары Атыркүл Ырыскелдиева билдирди.

 Мындай иш-чаралары окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга эле салым кошпостон, балдар арасында достук кызматташтыкты да бекемдөөгө чоң өбөлгө болот. Кароо сынактын арты менен балдардын көп изденип, билим алуусуна шарттар түзүлөт. Мындан сырткары, турмушка багытталган, адеп-тарбияга үндөгөн, маданияттуулукту үйрөткөн окуу китептери сунушталат. “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун кызматкерлери мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруп жатат. 

Кошумчалай кетсек, “Акыл Карачач” интеллектуалдык таймашы 2011-жылдан бери уюштурулуп келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *