Шашылыш кабар:

Казакстан чек арасын ачты, Баш мыйзам беренелери ишке кирди

Декабрь 2, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
44

Узап бара жаткан апта ичиндеги окуялар.

Узап бара жаткан аптада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президент катары алгачкы иш сапары Орусияга болду. Кыргыз коомчулугун эң ириде Орусия менен алака-катыш, кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаал, тышкы саясаттагы багыттар өңдүү жагдайлар кызыктырып жаткан учур.

Президент С.Жээнбековдун Москва менен Минск сапарынын эң маанилүү бөлүгү анын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу, анда чек арадагы кырдаалды талкуулаганы болду.

Жээнбеков менен Назарбаев 30-ноябрда Минск шаарында эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып кыргыз-казак чек арасындагы маселе жөнгө салынаарын жарыялашты. Маалым болгондой эми эки өлкөнүн чегинде үч тараптуу көзөмөл коюлат.

Андан көп өтпөй эле, 2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Жол картасына» кол коюлду. Маалыматка караганда, Жол картасына кыргыз тараптан вице-премьер министр Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан Казакстандын өкмөтүнүн төрага орун басары Аскар Мамин кол коюшту. Буга байланыштуу кыргыз-казак чек арасы 2017-жылдын 3-декабрынан тарта адаттагыдай режим менен иштеп баштайт.

1-декабрдан тарта Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерине кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

70-берене парламенттеги коалициялык көпчүлүк боюнча. Андан чыгыш үчүн фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экиси макул болуп, аны кол коюу менен бекитиш керек.

Ал эми 72-берене премьер-министр менен биринчи вице премьер-министрдин укугу тууралуу. Бул кызматтарга Жогорку Кеңештен шайлангандардын депутаттык мандаты сакталат. Жалпы жыйында добуш бере алат. Өкмөттөн кетсе, депутаттык орду сакталат.

75-берене спикерге тиешелүү. Парламентте коалиция тараса, төраганы да кайра бекитүү зарыл болот.

81-берене президенттин мыйзамдарга вето коюу укугу тууралуу. Мурда салык жана мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамдарга сөз жок кол коюуга милдеттүү болсо, эми премьер-министр кайрылган учурда кол койбой, парламентке кайрып бере алат.

87-беренеге ылайык, өкмөттүн куралышы Жогорку Кеңештен көз каранды. Жаңы чакырылыш келгенде өкмөт кетип, парламент башкасын курайт.

Ушул эле берененин башка пункту боюнча, коргонуу жана коопсуздукту караган өкмөт мүчөлөрүнөн башкасын президент премьер-министрдин сунушу боюнча кызматтан алышы мүмкүн.

Премьер-министр Сапар Исаков ШКУ жыйынына катышты.

Бул жуманын соңунда, 30-ноябрда ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчылары Сочи шаарында жыйынга чогулушту. Уюмдун күн тартибинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУнун алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыз кылуу механизмдери талкууланды. Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков жыйында санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштады. Ошону менен бирге ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүгүн кескин жогорулатуучу «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун тез арада ишке берүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Жогорку Кеңеш 2018-жылдын бюджеттин кабыл алды.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш  2018-жылдын республикалык бюджетин жана 2019-2020-жылдарга карата республикалык бюджеттин болжолу жөнүндө мыйзам долбоорду кабыл алды.

Маалыматка ылайык, бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 2018-жылы 140 млрд. 882 млн. сом өлчөмүндө болот деп болжолдонууда. Ал эми чыгашасы 161 млрд. 149 млн. сом деңгээлинде белгиленген. Ошондо бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сомду түзмөкчү.

Мыйзам долбоору жалпы жыйында каралып жатканда бир катар депутаттардан бюджеттин тартыштыгынын көлөмүн кыскартуу боюнча сунуштар түштү.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында иштерди жүргүзүү керектигин айтты. Ал үчүн салык, лицензия, эмгек маселелерин оптималдаштыруу, бизнес жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын депутат белгиледи.

Бюджет долбоорлору каралып жаткан учурда өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берип, киреше-чыгашалар боюнча өз негиздемелерин түшүндүрүүгө аракет кылышты.

Эгерде 2018-жылдын бюджетинде жоготуулар болсо тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылышы белгилүү болду. Сапар Исаков,  кайсы мекеме өзүнө бөлүнгөн жумушту аткарбаса анда чара көрүлөт деди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *