Шашылыш кабар:

Исаков ШКУ жыйынына катышты

Декабрь 2, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
53

Өкмөт башчы Сапар Исаков 30-ноябрда, Орусиянын Сочи шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 16-жыйынына катышуу үчүн барды.

Сочи шаарынын эл аралык аэропортунда Өкмөт башчыны Краснодарск крайынын вице-губернатору Василий Швец тосуп алды.

Өкмөт башчынын ШКУ ӨБК кеңешинин жыйынына катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүүсү пландаштырылган. Анын негизинде Өзбекстан, Кытай жана Пакистандын премьер-министрилери менен жолугушту.

Уюмдун күн тартибинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУнун алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыз кылуу механизмдери талкуулоо белгиленген.

1-декабрда Сочи шаарында ШКУ  мамлекеттеринин өкмөт башчылар тар курамдагы жыйынга чогулушуп, анда мындан ары уюмду өнүктүрүү, өлкөлөрдүн өз-ара экономикалык аракеттенүүсү жана коопсуздук маселелери талкууланды. Андан соң жыйын кеңири курамда уланды.

Жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков маалыматтык технологиялар жаатындагы идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштады.

Премьер-министр ошондой эле көңүлдү аймактык маанидеги долбоорлорго бурду жана ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүгүн кескин жогорулатуучу «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун тез арада ишке берүүгө кызыктарлыгын билдирди.

Биз жалпысынан аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана тийиштүү макулдашылган укуктук базанын түзүлүшү үчүн чыгуудабыз. Бул контекстттен алып караганда 2014-жылы Дүйшөмбү шаарында кол коюлган эл аралык унаа менен жүк ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө Келишимди ишке ашырууну тездетүү маанилүү деп эсептейбиз.

Мындан тышкары, Исаков белгилегендей, уюм өлкөлөрүн өнүктүрүүнүн бирден-бир маанилүү компоненти катары бирдиктүү евразиялык мейкиндикти жана Чыгыш менен Батышты бириктирген транспорттук коридорду түзүү эсептелет.

Бирдиктүү транспорттук коридорду түзүү Кытайдын «Бир алкак – бир жол» глобалдык демилгесинин алкагындагы Жибек Жолу экономикалык алкагы долбоорунун негизги максаттарынын бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө ШКУ курамына Иран мамлекетти кошулмакчы. Ошондой эле, уюмга кошулуу үчүн Афганистан мамлекетинен да арыз келип түшкөн.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын «жаңы коргонуу» тенденциясына көңүл бурууга чакырды.  Ал эл аралык чөйрөнү калыптандыруунун башка шарттары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, азыр дүйнөдө болуп жаткан саясий таасир, жаратылыш ресурстарын, сатуу жана базарларга активдүү күрөш жүрүүдө. Ошондой эле, эл аралык терроризм коркунучу бар.

Орусия, Түркия, Иран жана башка өлкөлөрдүн аракеттеринин натыйжасында Сириядагы согушкерлер олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Бирок коркунуч дагы деле сакталууда. Ошондой эле, уюм өзүнүн банкын ачуу керек.

Уга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын 16-отурумунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Алар: көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык,  уюмдун бюджетинин аткарылышы,  2018-жылга карата бюджет, терроризмге каршы жана башка документтер.

Айта кетсек, ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан мамлекеттери кирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *