Шашылыш кабар:

Өзгөчө балдардын өзгөчө сүрөттөрү (фотобаян)

Декабрь 2, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
120

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата «Колдон колго» («Рука в руке») коомдук бирикмеси кайрымдуулук көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмөгө аутист балдардын сүрөттөрү коюлду. Андан түшкөн каражат аталган коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн жакшыртууга жумшалат. Маалыматка ылайык, аталган уюмдун каттоосунда 345 бала бар. Орун жетишпегендиктен бардык балдарды бирдей убакытта кабыл алууга мүмкүнчүлугү жок. Андыктан 50 бала менен гана иштеше алат.


       

Аутист балдардын өзгөчөлүгү бир нерсени үйрөнсө берилгендик менен жасашат. Майда нерселерди мээсинде жакшы сактап калышат. Андыктан алар көбүнчө математика, сүрөт, чыгармачылык жагына ыктап үйрөнүп кетсе, өзүн мыкты көрсөтө алат дешет адистер.

     

Алардын өзгөчөлүгү бир гана коомчулукта өзүн кантип алып жүрүүнү билбегендигинде.

Өзгөчө балдар өзгөчө мамилени талап кылышат. Ошондуктан өзгөчө ата-энелерден сабырдуулук талап кылынат.

Азырынча бул дартты аныктоодо медицина алсыз болуп турат. Бирок аба-терапевттердин айтымында АКШда баланы 18 айында аныктап, баланы жашоосун программалаштырып алууга мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *