Шашылыш кабар:

Мамлекеттик ипотекалык компания убактылуу насыя берүүнү токтотту

Декабрь 1, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
143

Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуу боюнча убактылуу өтүнүч кабыл албай калды. Документ кабыл алууну токтотуу каржылоонун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу болгону айтылууда. Биз бул маселе боюнча, толугураак маалымат алуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Марал: Азыркы учурда мамлекеттик ипотекалык насыя берүү боюнча жагдай кандай болуп жатат? Жарандарга насыя берүүгө чыны менен эле каражат жетишсизби?

Нуржигит Үсөнакун уулу: Кечээ, 30-ноябрда тиешелүү каражаттын кандайдыр бир бөлүгү келип түштү. Ал каражаттын негизинде биз банктардын алдындагы милдетибизди аткардык. Албетте бул каражат жетишсиз. Дагы акча издеп жатабыз. Буюрса, кийинки жумада калган каражаттар келип калат деп күтүп жатабыз.

Ошол себептен учурда насыя берилсин деген чечимдерди аткаруу үчүн гана каражат бар. Тагыраагы буга чейин насыя алам деп документ тапшырган жарандарга гана берип, жаңыдан кабыл албай турабыз.

Марал: Мындай жагдай канча убакытка созулушу мүмкүн? Кайрылуулар кайра качан кабыл алына баштайт?

Нуржигит Үсөнакун уулу: Биздин оюбузда бир-эки жумага созулат. 15-20-декабрга чейин бул жагдай толугу мене турукташтырылат. Каражат табылса банктар кайрадан арыздарды кабыл алууну башташат.

Марал: Азыркы учурдагы муктаждыкты жабуу үчүн канча каражат керектелет?

Нуржигит Үсөнакун уулу: Бүгүнкү күндө ушул жылдын аягына чейин өкмөттөн ала турган суммабыз бар, бирок ал тилекке каршы биздин эсеп боюнча жетпей жатат. Насыя берилсин деген чечимдерден тышкары дагы насыя берүү үчүн кошумча катары 100-150 миллион сом керек болууда.

Марал: Бүгүнкү күнгө чейин жалпы өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу канча жаран насыя алды?

Нуржигит Үсөнакун уулу: 30-ноябрга алынган маалымат боюнча, 2324 жаран 2 миллиард 557 миллион сом насыя алды. Бул бардык облустарды камтыйт. 1369 жаран көп кабаттуу үйлөрдөн батирлерди алууда, 955 жаран жер үйлөрдү алууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *