Шашылыш кабар:

Исаков жетектеген өкмөткө жүз күн. Эмне иштер жасалды?

Декабрь 1, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
64

Сапар Исаков жетектеген команданын өкмөткө келгенине эртең туура жүз күн толот.  25-августта Жогорку Кеңеш Исаковдун премьер-министрлигин колдогон. Бул аралыкта жаш өкмөт деп таанылган команда кайсы негизги иштерди жасады? Буга чейинки өкмөттүн эмнеси менен айырмаланды?

Үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында министрлер кабинетин Сапар Исаков жетектеген. Бул кызматка киришкенине 2-декабрда жүз күн болот. Бул аралыкта С.Исаков негизги кайсы иштерди жасады?

Алып карай турган болсок, өкмөт башчылыкка баратканда эле өлкөнү өнүктүрүү боюнча «Жаңы доорго кырк кадам» долбоорун сунуштаган.  Аны аткаруу  алдыңкы беш жылга эсептелген.  Бул багытта парламент алдында бир канча убада берген.

Анда негизгилеринин бири «Жаңы доорго кырк кадам» долбоорунун бир пункту «Таза коом» долбоору айтылды. Тагыраагы  мамлекеттик кызматтарды  санарип форматына өткөрүү менен коррупцияны азайтуу болгон. Бул максаттарды аткаруу жагында негизги иш катары ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик кызматттарды көрсөтүү боюнча  электрондук  порталы ачылды. Өкмөттүн бул сындуу кадамдары кагаз жүзүнөн иш жүзүнө ашканын экс-депутат Равшан Жээнбеков белгилейт. Бирок премьер-министр  майда иштерге эмес, көбүн эсе фундаменталдуу иштерге көңүл бурганы натыйжалуу боло турганын Маралга билдирди.

Премьер-министрдин идеялары, аракеттери дурус. «Таза Коом» боюнча идеялары жалпы туура. Ошолордун кээ бирлери жасалды. Паспорт алуу боюнча бир аз жеңилдиктер болду. Бирок мен ойлойм, премьер-министр майда-барат  нерселер менен алек  болгонго караганда мамлекеттеги маанилүү, фундаменталдуу маселелерди чечиши керек. Мисалы, бүгүнкү күндө маанилүү кандай реформалар жасалды дегенде майда иштерди айтпаганда көрсөткүчтөр жокко эсе.

Ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» долбоорунда жарандарга турак-жайды жеткиликтүү кылуу үчүн  ипотекалык насыялардын пайыздарын  азайтуу  жагы каралган. Бирок бүгүнкү күнү ипотекада өзгөрүүлөр байкала элек.

Экинчиден Сапар Исаков Кыргызстан менен Казакстан бийлигинин ортосунда маселе чыккан абалга туш келди. Бирок аны чечүүгө канчалык аракет көргөнү менен президенттердин деңгээлинде жолго коюлууга тийиш болгондуктан өкмөт башчылар кыйын абалга кептелгенин Жогорку Кеӊешинин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеӊешинин катчысы Умбриель Темиралиев айтты. Үчүнчүдөн, азыркы өкмөт койгон максаттар беш жылдан аркы жылга эсептелингенине байланыштуу азырынча баа берүү оор дейт ал.

Жүз күндүн ичинде экономикага туруктуу бир кыймыл алып келүү өтө оор нерсе.  Анын үстүнө Сапар Исаков Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында оор кырдаалга туш келди. Мында өкмөт башкы кыйчалыш абалда калып калды. Болбосо маселе президенттердин деңгээлинде чечилүүгө тийиш. Экинчиден азыркы өкмөттүн пландары алдынкы беш жылга эсептелинген. Ошондуктан баа берүү дагы кыйын.

Тышкы саясатты Сапар Исаков жогору деңгээлде жүргүзөт деп бааланып келет. Бул жаатта өкмөт башчылык кызматка келиши менен кыргыз-казак чек арасында күтүүсүз маселе чыкты. Муну Казакстан тарап Кыргызстандан аткезчилик жол менен товар кирип жатканын айткан.  Бул маселени чечүү үчүн эки тараптуу бир канча жолугушуулар өттү. Ушул жагдайларды эске алганда Сапар Исаков тышкы саясатта жүз күн ичинде кандай жыйынтык көрсөтө алды? Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов буларга токтолду.

Тышкы саясатта биз эски эле жолду улап келе жатабыз. Бирок негизги окуя Казакстан менен калды. Мында өкмөт болгон аракетин жумшады. Бирок натыйжа болушу үчүн өкмөткө убакыт берүү керек.

Учурдагы өкмөт берген убадаларынын негизгилерин айтып өтсөк, өлкөнүн ички дүң продукциясы 2023-жылга чейин азыркы көлөмүнөн эки эсе жогорулашы керек. Ошону менен элдин киреше булагы дагы эки эсеге өсүүгө тийиш. Өлкөдөгү жакырчылык көрсөткүчү 15 пайызга чейин азайышы керек. Мындан башка коррупцияны жойгон өлкөлөрдүн катарынан өөдө жылуу жагы дагы камтылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *