Шашылыш кабар:

Президенттердин үмүт берген жолугушуусу

Декабрь 1, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
69

Эми кыргыз-казак чек арасына үч тараптуу көзөмөл коюлат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин жолугушуусунда белгилүү болду.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришкенден кийин алгачкы чет өлкөлүк сапарын Орусияга жасады. Өлкө башчысы 29-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин жана Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп, кыргыз-орус алакасын талкуулады. Жээнбеков андан ары 30-ноябрь күнү Белорусияга барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышты.

Көпчүлүк болжоп жаткандай эле анда Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Минскте болгон жолугушууда Назарбаев Сооронбай Жээнбековду президенттик ишине киришиши менен куттуктады. Андан сырткары кыргыз-казак чек арасындагы маселе талкууланып, президенттер чек арага үч тараптуу көзөмөл киргизүү боюнча келишишкенин Назарбаев мындайча айтып берди.

— Чек арадагы жагдай эмне үчүн болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз мындай деп келиштик. Эки мамлекеттин өкмөттөрү иштеп жаткан «жол картасы» бар. Ошол «жол картаны» кароо үчүн эртең, бүрсүкүнү кыргыз өкмөтү Казакстанга келет. Анда эки өкмөт отурат дагы ага кол коёт. Ошондон кийин убактылуу чек араны ачабыз. Бирок, Казакстандан да, Кыргызстандан да эки тараптуу көзөмөл коёбуз. ЕАЭБден үч адам ар бир жүктү карап өткөрө берет. Муну Кытайдын чек арасына дагы жасайбыз.  

Нурсултан Назарбаев кесиптеши Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Казак президенти ошондой эле, эки элдин ортосундагы бир туугандык мамиле бекемделет деген оюн айтты. Жээнбеков эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу сүйлөп жатып, кыргыз-казак ортосундагы бардык маселелер чечилет деп ишендирди.

— Биз Нурсултан Абишевич менен бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. «Жол картасы» бар, эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет. Анан чек арага казак, кыргыз, ЕАЭБ үч тараптуу көзөмөл коймой болдук.

Бирок, кыргыз-казак чек арасына киргизилчү көзөмөл тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин бул жаатта жетишилген сүйлөшүүлөрү Евразиялык экономикалык биримдиктин шарттарына каршы келет дегендер бар. Анткени Кыргызстан менен Казакстан мүчө болгон ЕАЭБ биримдигинин шарттарына ылайык ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы бажы көзөмөлү алынып салынган. Ал эми бажы көзөмөлүн киргизүү биримдиктин башкы жобосуна каршы келет дейт адистер.

Ошол эле учурда эки мамлекеттин жетекчилеринин жолугушу менен чек арадагы көйгөй чечилип кетет дегенге ишенбегендер бар. Маселен экс-депутат Равшан Жээнбеков ушундай ойду кармангандардын бири.

Менин оюмча кандайдыр бир жыйынтык чыгарганга али эрте. Себеби, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык абал жеткиликтүү деңгээлде курчуп калган. Ал бир гана эки мамлекеттин ортосундагы мамиле эмес, эки президенттин мамилесинин бузулганына байланыштуу. Буга чейин жасалган иштерди бат эле чечип жиберүү оор болот. Анткени казак тарап Кыргызстанга бир топ талаптарды коюшу мүмкүн.

Азырынча чек арадагы абал өзгөрө элек. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык «Ак тилек» жана «Чоң Капка» өткөрмө пункттарында 600гө чукул жүк ташыган автоунаалар турат.

Ошол эле кезде мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов президент Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөгө болгон биринчи визити майнаптуу болгонун айтууда. Ал Минсктеги ЖККУ саммити кыргыз-казак чек арасындагы маселени талкуулоого жакшы аянтча болгонун айтып буларга токтолду.

— С.Жээнбеков Минскидеги жыйынга катышып, президенттер менен маек кылганы жакшы жышаан. Анын үстүнө өзүңөр билгендей Казакстан менен болгон мамиле салкындап кеткен. Эми сүйлөшүп, талкуулап бир чечимге келгени жакшы.

Кыргыз-казак чек арасындагы бир тараптуу көзөмөл 10-октябрдан тарта күчөгөн. Эки өлкөнүн чегиндеги кырдаалдын түзүлүшүнө Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы негиз болгону айтылып келет.

Эске салсак Атамбаев Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдында казак бийлигин Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип жатат деп айыптаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *