Шашылыш кабар:

А.Шыкмаматов: Экспонаттардын жоголуусу тарыхка каршы кылмыш

Декабрь 1, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
61

Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын жыйынында мамлекеттик тарых музейинен жана М.В. Фрунзе атындагы мемориалдык үй музейинен жоголгон экспонаттар тууралуу маалымат угулду. Белгилүү болгондой, тарых музейинен  503 экспонат жоголсо, Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинен 104 экспонат дайынсыз.  Фракция мүчөлөрү аталган жагдай кыргыз тарыхына жасалган кылмыш экенин белгилеп, Өкмөт өзгөчө көңүл буруусу керектигин белгилешти.


Мындан бир жарым ай мурун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде коррупциялык иштер аныкталганы расмий кабарланып, текшерүүгө алынган. Натыйжада аталган музейден 503 экспонат жоголгон, анын 29у баалуу металл экени белгилүү болгон.

Жоголгон экспонаттардын айынын мурунку министр Түгөлбай Казаков кызматынан кеткен.

Бул жагдайга парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы көңүл буруп, жоголгон экспонаттар тууралуу тиешелүү органдардын маалыматтын укту.

Жыйында маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статc-катчысы Бактыбек Секимов Тарых музейинде жоголгон тарыхый баалуу экспонаттардын саны 500дөн ашуун экенин айтты.

-Бул Тарых музейинде жоголгон 503 экспонат тууралуу маалымат 2012-жылы инвентаризация учурунда белгилүү болгон. Бул боюнча тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага берилип, кийин шаардык прокуратурага өткөрүлгөн. Ал жерден Бишкек ШИИББине маалыматтар өтүп, иш козголгон. Анын ичинде 1970-2000-жылдарга чейин жоголгондору бар. Алардын арасында 358 археологиялык предметтер, 2 медаль, 2 төш белги бар. Ал боюнча Маданият маалымат жана туризм министрлиги 2013-жылы маселени карап чыгып, тийиштүү адамдардын баарын кызматтан бошоткон. Эң баалуу буюмдар таза алтындан турган ордендер болгон.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик тарых музейинен 503 экспонат жоголсо, М.В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинен 104 экспонат дайынсыз. Жоголгон буюмдардын арасында Сак дооруна тиелешүү канжарлар, жебелер жана башка бир катар тарыхый учурларды камтыган экспонаттар бар.

Бүгүнкү күнгө чейин Тарых музейинде жоголгон баалуу тарыхый экспонаттар боюнча үч кылмыш иши козголуп, токтоп турат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын тергөө иштери боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мухамед Карашев билдирди.

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштери Тарых музейи жана мемориалдык «Фрунзе» музейинде жоголгон экспонаттар боюнча козголгон. 2017-жылдын 18-майында Эсептөө палатасынын берген маалыматтары боюнча Каржы полициясы да иш козгогон. Бул бардык экспонаттар боюнча Эсептөө палатасынын бүтүмүнө ылайык козголду. Тергөө иштери жүргөн, бирок азыр иштер токтоп турат. Учурда кайра териштирип чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Конкреттүү эч нерсе табыла элек.

Фракция мүчөлөрү аталган жагдай кыргыз тарыхына жасалган кылмыш экенин белгилеп, Өкмөт өзгөчө көңүл буруусу керектигин белгилешти.

Алсак, депутат Алмамбет Шыкмаматов экспонттардын арасында 300 граммга жакын таза алтын болгонун айтып, бул боюнча козголгон иштен ушул күнгө чейин жыйынтык чыга электигин белгиледи.

Башкы прокуратура, силердин Жогорку Кеңешке бере турган отчётуңардан бул иштин жыйынтыгын да күтөбүз. УКМКга, ИИМге силер тийиштүү тапшырмаларды берип, бул иштин бетин ачкыла. Бул деген кылымдап топтолгон баалуу буюмдардын тонолгондугу. Бул деген мамлекеттин кадыр-баркына шек келтире турган, абдан жүрөктү оорута турган маселе. Азыр баалуу буюмдардын баары тонолуп, «тазаланып» бүтүптүр да. Мумияны да көмүп салдыңар. Эми музейди аты үчүн эле кармап турасыңар. Бул маселе ачылбаса генералдардын басып жүргөнү уят!

Эми “Ата-Мекен” фракциясы маселени өз көзөмөлүнө алат.  Ал эми иликтөө ишин Башкы прокуратура колго алуусу тапшырылды. Ошондой эле, аталган маселе Башкы прокурордун жылдык отчету учурунда да көтөрүлөөрү эскертилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *