Шашылыш кабар:

Конституциянын бардык беренелери күчүнө кирди

Ноябрь 30, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
70

Бүгүн, 1-декабрдан тарта 2016-жылы референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Конституциянын беш беренеси күчүнө кирип, жаңы Баш мыйзам толугу менен иштеп баштады.

2016-жылдын 11-декабрында жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган Баш мыйзамдын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Өткөн жылда болгон референдумда Конституцияга баш аягы 26 өзгөртүү киргизилген. Анын ичинен 21 берене үстүбүздөгү жылдын январь айында иштеп баштаган. Баш мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү демилгелеген депутаттардын бири, парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов ишке кирчү беренелер коалициянын бекем болушун шарттайт деп ишендирди.

— Бул беренелер көпчүлүк коалициясы бекем болуусун камсыздайт. Анткени ар бир коалиция тараганда өкмөт отставкага кетип жатпайбы. Ушуга байланыштуу өкмөт туруктуу иштеш үчүн эки жаңы берене кирүүдө.  Эгерде коалициядан бир фракция чыгам десе, депутаттардын үчтөн экисинин добушу жана ар биринин кол коюусу менен чыгат.

Өмүркулов ошондой эле жаңы беренелер өкмөт менен парламенттин ортосундагы тең салмакты камсыздай турганын айтууда. 70-беренеге ылайык парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгуу жөнүндө чечим анын курамындагы фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат. Фракциянын чечими фракциянын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсү ага кол коёт. Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр парламентаризмди чыңдайт деген ойдо.

— Негизи бул Улуу Британиянын тажрыйбасынан алынды. Беренелер парламенттин туруктуулугуна жана майнапттуу иштөөсүнө шарт түзүү максатында киргизилген. Эски мыйзамда эгер ЖК бюджет тууралуу же салык тууралуу мыйзам кабыл алса президент сөзсүз кол коюш керек. Эми өкмөт салык жана бюджет боюнча парламентке каршы чыкса президент кол койбой койсо болот.

Ал эми 75-берене боюнча коалициянын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Жогорку Кеңештин төрагасынын отставкасына алып келет. Демек төрага дагы коалициянын чачырап кетпесине кызыктар болот. Дагы бир күчүнө кирчү 72-беренеге ылайык парламент депутаты депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен премьер-министрдин же биринчи-вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындала алат. Ал өкмөт башчылык же вицелик кызматтан кетсе депутаттык ыйгарым укуктары толук көлөмдө калыбына келет. «Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси Рита Карасартованын болжошунча эми президент менен премьер-министрдин ортосундагы тиреш күчөйт.

Чынын айтканда, президент менен премьер-министрдин ортосундагы дагы аябай чоң конфликт болот. Анткени 1-декабрдан кийин экөө тең ажыдаар.

Бүгүнтөн баштап дагы бир 87-берене иштеп баштайт. Аталган берененин 1-бөлүгүндө айтылгандай жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн баштап өкмөт отставкага кетет. Ушул эле берененин 5-бөлүгү премьер-министрге өкмөттүн мүчөлөрүн кызматтан алууга укук берет.

Маселен премьер-министр жумуштан бошотууну сунуш кылган өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан алуу жөнүндө президент беш жумушчу күндүн ичинде жарлык чыгарбаса, өкмөт башчысы коалициядагы фракциялардын лидерлери менен кеңешип өз чечими менен аны кызматынан бошотууга укуктуу болот.

Андан тышкары өкмөт башчы сунуш кылып, парламент жактырган талапкерди президент үч жумушчу күндүн ичинде кызматка дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

Конституцияны өзгөртүү боюнча 2016-жылы болгон референдумга 1 млн 190 миң 855 адам катышкан. Анын ичинен 948 миң 185 адам Баш мыйзамды өзгөртүүгө «макул», ал эми 185 миң 140 адам «каршы» добуш берген. Башкача айтканда жарандардын 79,6 пайызы жалпы элдик добуш берүүнү колдосо, 15,4 пайызы каршы болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *