Шашылыш кабар:

Равшан Жээнбеков: Казакстан бир топ талаптарды коёт

Ноябрь 30, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
121

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чек арадагы кырдаалды талкууга алышты. Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев бүгүн, 30-ноябрда Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинин алкагында бейформал жолугушуу өткөрүштү. Анда казак лидери Назарбаев эки элдин ортосундагы кошуналык мамилелерди кайра калыбына келтириш керек экенин айткан.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапарга чакырганы дагы белгилүү болду. Ал эми Кыргызстандын президенти Жээнбеков жолугушууда кыргыз-казак ортосундагы бардык маселелер талкууланып, чечим кабыл алынганын билдирген. Аны менен катар эки өлкөнүн өкмөттөрү «жол картасын» декабрь айында иштеп чыгышаарын айтып, ал эми чек ара ага чейин ачылат деп кабарлаган. Биз президенттердин жолугушуусунан кийин чек ара маселеси чечилеби деген теманын тегерегинде экс-депутат Равшан Жээнбеков менен маек курдук.

Марал: Бүгүн Белорусиянын Минск шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Эки өлкө жетекчилери чек арадагы 2 айга чукул убактан берки катаал көзөмөл тууралуу дагы сүйлөшкөнүн президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Анда айтылгандай жол картасы иштелип чыгып анын негизинде чек ара көйгөйү чечилиши күтүлүп жаткан экен. Сооронбай Жээнбеков жакын арада чек ара маселесин жөнгө салат деп үмүт артсак болот?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча кандайдыр бир жыйынтык чыгарганга али эрте. Себеби Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык абал жеткиликтүү деңгээлде курчуп калган. Ал бир гана эки мамлекеттин ортосундагы мамиле эмес, эки президенттин мамилесинин бузулганына байланыштуу. Буга чейин жасалган иштерди бат эле чечип жиберүү оор болот. Анткени казак тарап Кыргызстанга бир топ талаптарды коюшу мүмкүн. Ошол талаптарды аткарганда гана чек арада жеңилдиктер каралышы ыктымал. 1-эки мамлекеттин мурдагы президенти менен болгон мамилеси кандай болот? 2-Кыргызстандын азыркы президенти өз алдынча, жеткиликтүү деңгээлде казак мамлекетинин алдында өзүн көргөзө алабы же жокпу?  3-чек арага ЕАЭБдин өкүлдөрү текшерип отурушу керек деген талапты тез арада чече алабызбы же жокпу? Мына ушуга окшогон маселелер жөнгө салынганда гана чек ара көйгөйү оң жагына чечилет деп айтсак болот. Ошондуктан азырынча маселе  бат эле чечилет деп айта албайм.

Марал: Казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанда президент алмашкандан кийин гана жибип, чек ара көйгөйү боюнча мунасага келүүгө макул болгондой түр көрсөтүүдө. Демек бул Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге карата жеке таарынычына байланышкан десек болобу?

Равшан Жээнбеков: Албетте, бул эки мамлекеттин ортосундагы таарыныч мурдагы президент Атамбаевдин чексиз, ар кандай сөздөрдү айткандыгынын жыйынтыгы болуп эсептелет. Бул маселенин аягы кандай болот кеп ошондо. Назарбаев Кыргызстандын учурдагы президентин өз алдынча өлкө башчысы катары көрө алабы? Болбосо экс-президент Атамбаевдин мураскору катары анын гана айтканын аткарган президент катары кабыл алабы? Бул дагы эң маанилүү жагдай.

Марал: Ал ортодо Казакстандын «Хабар» мамлекеттик маалымат агенттиги Кыргызстандагы 2010-жылы болгон окуялар тууралуу 45 мүнөткө созулган тасма тартып жарыялады. Анда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин дагы пикирлери камтылган экен. Ушуга окшогон иштер кыргыз-казак мамилесине кайрадан кедергисин тийгизбейби?

Равшан Жээнбеков: Бул жерде казак тарапты бир жактуу күнөөлөбөшүбүз керек. Кыргызстанда да жалданма ЖМКлар, андан сырткары элчиликтин алдына кийим-кече алып барган  окуялар болду. Өзгөчө «Эгемен», «Вечерний Бишкек» сындуу мамлекеттик ММКлар аркылуу Назарбаевди жамандоо, ошол эле учурда мындай иштерди казак тараптын кылып жатканы эки мамлекеттин мамилесин дагы да оорлотот. Андыктан буга окшогон жалданма ЖМКлардын жамандаган маалыматтарын токтотсок жакшы болмок.

Марал: Чек арадагы абалдан улам ишкерлер миллиондогон каражаттарга чыгымга учурашты. Кыргызстан мындан ары эми тышкы саясатты жүргүзүүдө бул окуядан кандай сабак алыш керек?

Равшан Жээнбеков: Бул окуядан биздин мамлекет башчылар, саясатчылар, жогорку кызматта отургандар сүйлөгөндө, кандайдыр бир иш жасаардын алдында биринчи кезекте эмоциясына, көз карашына эмес биринчи кезекте улуттук кызыкчылыкты ойлош керек деген сабак алышы керек. Ишкерлердин, экономикалык абалды карап иш кылуу зарыл.

Cүрөттө Равшан Жээнбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *