Шашылыш кабар:

Нышанов: Келээрки жылдын бюджети экономикалык секирик жасоого болбойт

Ноябрь 30, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
87

29-ноябрда  парламент 2018-жылдын мамлекеттик бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Анда өкмөт эмдиги жылы республикалык бюджеттин таңкыстыгы 20 миллиард сом болоорун айтты. Ал эми кирешеси 7,5 пайызга жогорулашы болжолдонгон. Кабыл алынган бюджеттин чыгаша жана киреше жагын  Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү депутат Сайдулла Нышанов менен «Күн чабыт» программасында маектештик.

-Жалпы жыйынында 2018-жылдын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата республикалык бюджеттин болжолу экинчи жана үчүнчү  окууда карап жактырдыңыздар. Келээрки жылдын бюджетинде киреше жана чыгаша бөлүгүндө  кандай өзгөчөлүктөр бар?

Былтыркыга салыштырмалуу келээрки жылы  бюджеттин чыгаша бөлүгү 161 млрд сомдун тегерегинде,  ал эми киреше бөлүгү 141 млрд сомго жакын болуп жатат. Ошондо бизде 20 млрд сомго жакын таңкыстык менен кабыл алдык. Негизинен бюджеттин көп жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизсек болмок. Чыгаша жагын айтпай эле коеюн. Киреше жагы боюнча өкмөт көп кадамдарга бара албай турат. Себеби бул боюнча анык так жооптор жок. Мына бүгүнкү күнү жолдогу автокырсыктар боюнча… Айдоочулардын кайдыгерлигин кошпогондо деле,бүгүнкү күнү жолдорго коюлчу жол белгилер стандартка жооп бербейт. Жол чийиндериндеги сырлар сапатсыз. Ушул сыяктуу иштерге көбүрөөк каражат бөлүп, өкмөт активдүү киришиши керек эле. Бирок аны көрө алган жокмун.

-Бюджет  20 млрд сом таңкыстык менен кабыл алынды.  Эми буга каражатты табуу мүмкүнчүлүктөр барбы?

Бул таңкыстыкты жабууга өкмөт каражат таба алат. Бир дагы бар. Сырттан келген каражат эреже боюнча киреше болуп жазылбайт. Ал эми чыгаша жагына жазылат. Ошондуктан ордун басат. Бирок бул жерде бир коркунуч бар. Курулуштарды жүргүзүү боюнча капиталдык салымдарга кийинки жылга 3 млрд сомго жакын каражат койдук. Өткөн жылы деле ушундай сумма коюлган. Бирок чыгаша 9 млрд сомго чейин болду. Буга табигый кырсыктардын эсебинен чыгымдар көбөйүп кетип жатат. Ушул жагында маселени өкмөт көп алып келип калат.    

Сиздин айрым коллегаларыңыз бул бюджет менен экономикалык секирик жасоого болбой турганын айтышты. Чыны менен ушундайбы?

Менин оюмча өкмөт өтө этият  болуп жатат. Негизи өкмөт башчы жакшы реформага барганда кыска убакытта жаман көрүнөт. Ошондуктан көп учурда кошумча жердерден салыктарды азайтып коюшат.  Муну моюнга алыш керек. Бирок тилекке каршы  бүгүнкү күнү өкмөт жаман көрүнгөнгө туруштук бере турган абалда эмес.

-Маегиңизге рахмат!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *