Шашылыш кабар:

Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы төраганы алуу үчүн чачырадыбы?

Ноябрь 30, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
43

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы коалициялык көпчүлүктүн курамынан чыкты. Бул тууралуу фракция лидери Алмаз Кененбаев «Маралга» билдирди. Чечим жаңы курала турган коалициянын форматын өзгөртүүгө байланыштуу чыккан. 

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициядан КСДП фракциясы чыкты. Сунуш аталган фракция тараптан берилген. Бул тууралуу фракция лидери Алмаз Кененбаев  Маралга билдирди. Ал өз сөзүндө бул жерде эч кандай саясат жок экенин белгилеп,  жаңы курала турган коалициянын форматын өзгөртүп, активдүү иштөөсүнө жол ача турганын айтты.

Көпчүлүк коалициянын форматын өзгөртөлү деген ой менен жана алдыбызга коюлган пландарды натыйжалуу ишке ашыралы деген тилектер менен фракциядан чыктык. Чечим биз тараптан берилди. Мунун эч кандай саясий жагы жок. Бир гана Бишкек шаардык кеңештин ишин дагы натыйжалуу алып баруу.  

Ал арада шаардык кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда  төрага, «Республика -Ата-Журт» фракциясынан депутат  Канат Музуралиевди чакыртып алуу чечими  дагы жарыяланды.  Алмаз Кененбаев муну көпчүлүк коалициянын  тарагандыгы менен түшүндүрдү.  Учурда беш фракция менен  тең сүйлөшүүлөр башталды. Бирок кайсы фракциялардын бир муштумга биригээри боюнча депутаттар айтуудан карманып турушат. Анткен менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутат Рыспай Аматов КСДПнын бул аракетинин саясий башка өңүтүн айтып берди. Анын кабарлашынча көпчүлүк коалицияда ырк кетти. Бүгүнкү кырдаал ошонун натыйдасы  болду.

Буга чейин шаардык кеңештеги  көпчүлүк коалиция өзүнүн ичинде пикир келишпестиктер болуп келди. Мен ойлойм ошол пикир келишпестиктердин натыйжасы деп бааласак дагы болот. Ушул себептердин натыйжасы коалициянын таркашына алып келди. Бирок биз муну жаман деп кабыл албашыбыз керек. Тескерсинче  жакшы көрүнүш катары кабылдаганыбыз туура. Тагыраагы парламентаризмдин өнүгүүгө бет алган көрсөткүчтөрүнүн бири.

Саясий серепчи Сейтек Качкынбаев  коалициянын форматын өзгөртүү деген шылтоо менен  «Республика-Ата-Журт» фракциясынан  дайындалган төраганы алуу  кызыкчылыгы турганына токтолду.  Буга чейин Жогорку кеңештен башталган процесстер Бишкек шаардык кеңешине жетип, өз кишилерин дайындоонун  уландысы деди ал.  Ошондуктан бул логикалуу кадам деп сыпаттады.

Бул жерде логикалык эле кадамдар ташталганы көрүнүп турат. Мына буга чейин Жогорку Кеңештин төрагалыгынан Чыныбай Турсунбеков шайлоо маалында  тең салмакты сактаганы үчүн алынды. Андай кийин Өмүрбек Бабановду лидерликтен кетирилди. Эми үчүнчү кадам «Республика-АтаЖурт» фракциясынан болгондугу үчүн Канатбек Музуралиев  алынып жатат.

Эми КСДПнын ордун кайсы фракция басары белгисиз. Депутаттар ушул жума белгилүү болоорун айтууда.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңеште беш фракция бар. Анын үчөө — КСДП, «Республика — Ата Журт» жана «Кыргызстан» көпчүлүктө, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Мекеним Кыргызстан» оппозицияда.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *