Шашылыш кабар:

Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү онлайн көзөмөлдөнөт

Ноябрь 30, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
67

Эпидемиологдор эми сасык тумоо же курч камаган респиратордук вирустук оорулар күч алганда статистиканы оңой жана бат чыгара алышат. Анткени, эми алар үчүн электрондук базада жаңы категория каралды. Муну жакшыртуу максатында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму техника менен камсыздап, адистерди окутуп жатат. Эми жугуштуу оорулар боюнча чукул кабар болгондо кат же телефон аркылуу эмес, бейтап каттоого алынган учурда дароо онлайн түрүндө өлкө аймагы боюнча эпидемиологдор биле алышат.


Сасык тумоо эпидемиясы башталардын алдында эпидемиологдорго вирус чыккан аймакты өз убагында аныктап, алдын алуу чаралары үчүн жаңы шарттар түзүлдү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, мурдагы электрондук базага сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялык оорулардын категориясы да киргизилип, эми статистиканы заматта аныктоого болот.

-Автоматтык информациялык система деп жатпайбызбы, ошол системада бардык оорулар боюнча маалыматтар бар. Ошого жараша көрсөткүчтөрдү талдап билүүгө болот. Ага кошумча эми курч респиратордук вирустук оорулар менен сасык тумоо кошулду. Ага жараша өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды карап, байкап алдын алууга болот.

Жаңы программаны адистер дарыгерлерге ыңгайлаштырып жасап чыгышкан. Алар эми кагаз иши менен убара болбой, онлайн түрүндө иштешет. Бейтаптардын анализи аркылуу кайсы вирустун түрү өлкөдө журүп жатканын билип, вакцинаны да ошого жараша камдоого болот. Аны менен катар эски көрсөткүчтөр менен учурдагы абалды салыштырып, статистиканы чыгарып турат.

— Мында ар бир ооруну жазып отурбай, автоматтык түрдө тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай учурда дарыгер жаңылып калуудан оолак болот. Ошондой эле, убакытты үнөмдөйт.

Бул кызматты жакшыртуу үчүн  өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал менен күрөшө турган медициналык мекемелерге техникалык мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жугуштуу оорулар боюнча адиси Калия Касымбекова, мурда өлкөнун эң алыскы аймагынан жуктуруп келген оорулуу Бишкекке келгенче баштапкы оору кайдан чыккан деп аныктагыча убакыт кеткенин белгилейт. Эми дарыгерлер антип убара болбойт. Вирус чыккан аймак дароо аныкталып,онлайн режимге чукул кабар берүүгө мүмкүн.

Мисалы, бир бейтап холера (жугуштуу ич өткөк) оорусу менен келсе, өлкө боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алган мекемелердин баары онлайн түрүндө кабардар болот. Сервер аркылуу Саламаттыкты сактоо уюмуна чейин жетет. Мурда болсо чукул кабар телефон аркылуу же кагаз аркылуу жеткирилип келген.

Маалыматка ылайык, кышында күч алган сасык тумоо декабрда башталып, январда эң жогорку чекке жетет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *