Шашылыш кабар:

Жээнбеков Орусияга ыраазы экенин айтты

Ноябрь 29, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
105

Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапарын Орусиядан баштады. Өлкө башчысы анда Россиянын өкмөт башчысы Димитрий Медведев менен жолугуп эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты. Жээнбеков кыргыз-орус мамилесинин артыкчылыктары тууралуу айтса Медведев Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен алака-катыш дагы да артты деген оюн билдирди.

Президенттик ишине жаңы гана киришкен Сооронбай Жээнбековдун Москвага болгон иш сапары 29-ноябрда башталды. Өлкө башчысынын аппараттынан билдиришкендей бул визит Орусия тараптын чакыруусу менен болду. Анын алкагында Сооронбай Жээнбеков Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп, орус тарапка Кыргызстанга ар дайым көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

— Дмитрий Анатолиевич сизге терең ыраазычылык билдирем. Мен Кыргыз Республикасынын президенти катары алгачкы сапарымды Москвага жасаганым символикалуу болду. Бул эки өлкөнүн союздаштыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого биротоло багыт алгандыгын ырастап турат. Сиз ортодогу маселелерди чечүүдө дайыма бизди колдоп келгенсиз жана биз койгон маселелерге көңүлкош мамиле кылган жоксуз.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай Жээнбеков менен Медведевтин жолугушуусунда кыргыз-орус кызматташтыгы жана мындан аркы алака-катыштын багыттары талкууланды. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев эки өлкөнүн мамилеси акыркы жылдары жаңы деңгээлге чыкканын айтып, аны Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болушу менен байланыштырды.

— Сиз Кыргызстандын премьер-министри болуп турганда бир нече ирет жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаган элек. Биз буга чейин сиз премьер-министр катары жана мурдагы президент тарабынан жасалган иштерди жана учурда жүргүзүлүп жаткан иштерди улантабыз деп ишенебиз. Бул эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү чыңдоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ кошулушуна байланыштуу болду. Бул иштерге сиз дагы олуттуу салым коштуңуз.

Президент Жээнбеков менен бирге Кыргызстан тараптан барган делегациянын курамында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев жана президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев бар.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Абдывахап Нурбаев Орусия Кыргызстан менен мындан ары дагы тыгыз иштешүүгө кызыктар экенин айтып, буларга токтолду.

— Албетте, сөзсүз кызыкчылыгы (ред: Орусиянын) бар. Биз ЕАЭБге мүчөбүз. Жакында эле Армения бул биримдик боюнча маселе көтөрдү. Бизде дагы Казакстан менен чек арада көйгөйлөр жаралды. Ошондуктан Кыргызстандын бул багытта позициясын тактап алалы деп чакырышы (ред: Орусия чакырышы мүмкүн) мүмкүн.

Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго ыйгарылган «Достук» орденин дагы тапшырды.  Өлкө башчысы эми 30-ноябрда Минск шаарында болчу ЖККУнун юбилейлик сессиясына катышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *