Шашылыш кабар:

Акматалиев: Путин өнөктөштөрүн элдештириши мүмкүн

Ноябрь 29, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
81

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден кийин алгачкы сапарын  Орусияга  жасады. Ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугат. Андан ары 30-ноябрда Минск шаарына сапар алып, ЖККУнун юбилейлик сессиясына катышат. Ушул тапта талдоочулар арасында, коомчулукта Жээнбековдун алгачкы сапары Казакстанга жасалса болмок деген пикирлер айтылууда. Биз ушул теманын алкагында “Күн чекит” программасында саясат таануучу Алмаз Акматалиев менен маектештик.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарын Орусиядан баштады. Өлкө башчысынын аппараты президенттин бул визити Орусия тараптын чакыруусу менен болгонун кабарлады. Айрым талдоочулар кыргыз-казак чек арасындагы абалды эске алганда Жээнбеков алгачкы сапарын Казакстандан баштаса болмок деп жатышат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

Алмаз Акматалиев: Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Эң көп экономикалык мамилебиз Орусия менен жүргүзүлүүдө. Миллиондогон мигранттар да Орусияда эмгектенет.  Ошондуктан президент биринчи чет жакка жасаган иш сапарын Орусиядан баштаганы бул мыйзам ченемдү эле нерсе.

Экинчиден, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чыңалып калган мамилени Орусия ортого түшүп, эки өнөктөшүн элдештиргенге аракет кылышы мүмкүн. Бул багыттан алганда Жээнбековдун кадамын колдойм.

Марал: Чынында эксперттер Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы абалды Орусия президенти Владимир Путин аркылуу чечүүнү көздөп жатат деп дагы айтышууда. Бирок, бир айдан ашык убакыттан бери кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча бир жолу дагы өз оюн ачык билдирбеген Орусия тараптан коңшу өлкөлөрдүн чегиндеги маселени чечүүгө көмөк көрсөтөт деп күтсөк болобу?

Алмаз Акматалиев: Евразиялык экономикалык биримдик – ири саясий дагы, экономикалык дагы бирикме. Ошол себептен Орусия кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга көңүл кош карап тура албайт. Себеби, эгер Кыргызстан кандайдыр бир деңгээлде биримдиктен чыгып кетсе, Орусиянын да позициясы азаят.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда тышкы саясатта Орусия менен болгон алаканы мындан ары дагы өнүктүрүү жана Кытай менен болгон ала-катышты да жакшыртуу, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен да туугандык мамиледи болуу ниетин билдирген. Европа менен дагы карын-катышты жакшыртам деп турат. Жээнбеков тышкы саясатта саналуу гана өлкөлөр менен эмес көп багыттуу иш алып барат деп үмүт артсак болобу?

Алмаз Акматалиев: Бул жерде президенттин каалоосу же каалабаганы башка маселе. Биз бул мамлекеттер менен табигый өнөктөшпүз. Дүйнөлүк мамлекеттер менен кызматташпай коюуга мүмкүнчүлүгүбүз да жок. Ушул себептен азыркы учурда көп кырдуу саясат күчөшү керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *