Шашылыш кабар:

Доллар кымбаттады деген шылтоо менен пайда тапкандар көбөйдү

Ноябрь 28, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
65

Улуттук банк жыл башынан бери 12 жолу долларды сатыкка чыгарды.  Үстүбүздөгү айда эле сегиз ирээт интервенция жасады. Жалпы 77 миллион 95 миң доллар рынокко чыкты.  Доллардын кымбатташына негизги кайсы фактарлар таасир этип жатат? Суроолорубузга «Күн чекит» программасында  эмгек сиңирген экономист  Каныш Шаршекеева жооп берди.

-Доллардын наркы жаңы жылга чейин дагы көтөрүлөөрү айтылууда. Кайсы жагдайлардан улам кымбаттап жатат?

Кыргызстанда доллар дайымкыдай күзүндө көтөрүлүп келет.  Мындай толкун жаз жана күз мезгилинде кескин  байкалат. Бирок көпчүлүк учурда буга элдин дүрбөлөңгө түшүүсү себепчи болуп жатат. Экинчи жагынан Казакстан мененки оор акыбал кедергисин тийгизүүдө. Анткени буга чейин биздин дыйкандар мөмө-жемиш, сүт жана жеңил өнөржай продукциялары экспорттолуп жаткан. Азыркы тапта бул агым кескин кыскара түштү. Албетте бул жакшы көрүнүш эмес. Бирок менин оюмча бул көпкө созулбайт. Эл деле түшүнүп калды. Алган насыялардын басымдуу бөлүгү сомго өтө баштады. Ошондой эле ушундай кырдаалдарда эл дагы өзүн коргоону үйрөндү.

-Улуттук банк ноябрь айында эле сегиз жолу долларды сатыкка чыгарды . Бул валюта рыногундагы абалды жөндөй алдыбы? же алдыда дагы кымбаттоо болушу мүмкүнбү?

-Эми алдыда бизди кандай кырдаал күтүп жатканын эч ким айта албайт. Бирок эл жөн эле дүргөлөңгө түшпөөсү керек.  Бүгүнкү күнү айрым соодагерлер доллар көтөрүлдү деген жүйө менен бааларды кымбаттатып жатат. Мындан көптөрү акча дагы жасоого өтүштү. Бул жалпы элге кыйынчылыктарды пайда кылып жатат. Жыйынтыгында бирөө байып, экинчиси  жакырчылыкка туш келүүдө.  Учурдан пайдаланып соодагерлерге кайрылат элем. Экономика менен ойногонду токтотолу.  Элди дүрбөлөңгө салбайлы. Буга байланыштуу учурда улуттук банк дагы доллардын наркын кармап туруу боюнча баардык чараларды көрүп жатат жана анын жыйынтыктары бар.

-Эксперттер муну кыргыз-казак чек арасындагы абал менен байланыштырып жатышат. Финансист катары айтсаңыз бул абалдан кантип чыгышыбыз керек?

Эми абалды бир гана сүйлөшүү жолдору менен чече алабыз. Ал үчүн жаңы шайланган президент Казакстандын өлкө жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү баштоосу керек. Себеби күндөн-күнгө экспорт кыскарып баратат. Экинчиден жарандарыбыз дагы банкта же үйдө сом менен сакталган акчаны долларга айлантып убаракерчилик тартпашы керек. Себеби суроо-талап канчалык көп болсо доллар кымбаттайт. А эгер суроо-талап түшсө албетте АКШ акчасынын курсу дагы түшөт. Ошондуктан мындан ары көтөрүлөт деген ойдон алыс болушубуз керек.

-Рахмат маегиңизге!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *