Шашылыш кабар:

Шайлоо мыйзамы: Акыркы чечим баары бир парламентте

Ноябрь 29, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
101

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары жана анда кеткен кемчиликтер тууралуу жыйын кылды. Шайлоо темасына арналган коомдук диалогдо Боршайком, юристтер жана эксперттер тарабынан шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча бир нече сунуштар айтылды. Биз ушул теманын айланасына «Таза шайлоо» ассоциациясынын жетекчиси Тагир Осмоналиев менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын чыңдоо, өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керектигин көрсөттү деп жатат. Мыйзамдарды өзгөртүүгө канчалык зарылчылык бар?

Тагир Осмоналиев: Ар бир шайлоо өткөн сайын биз шайлоо процессиндеги кемчиликтерди көрүп жатабыз. Ошондон улам шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жаралганы байкалып турат. Мисалы президенттик шайлоодо добуш сатып алууга каршы көп иштер аткарылып, бирок дагы деле добуш сатуу көп катталганын байкадык. Бирок тилекке каршы ИИМ тарабынан бул факт боюнча 28 иш сотко өтсө, 24ү сотко чейин эле тараптардын жарашуусу менен аяктаган. Алдыда болчу парламенттик шайлоодо дагы ушундай эле добуш сатып алуулар катталса мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам алар тараптардын тил табышуусу менен кала берет.

Марал: Сиз добуш сатып алууга каршы мыйзамдардын чабалдыгын айтып өттүңүз. Эсиңизде болсо добуш сатып алууга каршы документ 2016-жылы демилгеленип, айрым фракциялардын каршылыгынан улам токтоп калган. Кээ бир мыйзамдардын депутаттардын колдоосуна ээ болбой калышын эмне менен байланыштырып жатасыз?

Тагир Осмоналиев: «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика-Ата Журт» фракциялары тилекке каршы бул мыйзамдарды жактырган эмес. Бирок башында аталган фракциялар бул документке демилгечи болгон. Аз убакыт калганда 2016-жылы мыйзамга добуш берүүгө катышпай, документ өтпөй калган. Биз ушундан улам алар шайлоодо добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу аракетин көрүп жатат деген жыйынтыкка келгенбиз. Бирок, президенттик шайлоодо ошол эле Өмүрбек Бабановдун, Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары добуш сатып алууну колдонушту деген сөздөр көп айтылды.

Марал: БШК шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү керек деп өзү демилге көтөрүп жатат. Боршайком шайлоого мониторинг кылган ар кайсы тараптар менен иштешип, шайлоо мыйзамдарын чогуу түздөгөнгө канчалык жөндөмдүү?

Тагир Осмоналиев: Ар бир шайлоонун жыйынтыгы боюнча мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү аныктап, Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштарды берип келебиз. БШК албетте биз берген сунуштарды четке какпайт. Боршайком менен чогуу аларды ЖК депутаттарына берип келебиз. Бирок, акыркы чечимди баары бир парламент кабыл алат. Андыктан негизги ролду ЖК ойнойт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *