Шашылыш кабар:

Эксперт: Кылмышкерлер кайдыгерликтен качты

Ноябрь 27, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
177

Чүй облусунда Сокулук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагынан качкан төрт киши изделүүдө. Бул багытта “Сирена” планы жарыяланып, издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алар 27-ноябрда таңкы саат алты чамасында камалып турган жерден качып чыгышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, качкан кишилерге “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып, соту жүрүп жаткан. Мына ушул теманын алкагында мурдагы ички иштер министринин орун басары Бакыт Жусубалиев менен “Күн чекитте” маек курдук.

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайдан оор кылмыштарга шектелген кылмышкерлер качып кеткени айтылды. Негизи бул убактылуу жай кандай иштеши керек эле, буга кандайча жол берилди деп ойлойсуз?

Мен дагы бул окуя тууралуу уктум. Абдан жаман болуптур. Негизи убактылуу кармоочу жай Ички иштер министрлигинин буйруктары, эрежелери менен иштеши керек. Жетекчиликтен жооптуу кызматкер, ыкчам топ, күзөт кызматкерлери, убактылуу кармоочу жайдын өзүнүн күзөтчүсү иш алып барышы керек болчу. Бүгүнкү окуя кайдыгерликтен улам болду окшойт. Менин баамымда, кылмышкерлер эч кандай талкалоо, же болбосо пара берип качышпаптыр. Ички иштер министрлиги муну көзөмөлгө алса керек.

Качкандар “адам өлтүрүүгө”, “каракчылыкка” шектелген кылмышкерлер экен, башка жарандарга зыяны тийбесе деп тилеш керек. ИИМ “Сирена” операциясын киргизиптир, бул операция – качып жүргөн кылмышкерлердин кайда жүргөндүгүн аныктай турчу кадам. Такталып калса, кармоо боюнча операция жарыяланат, бирок ага бир аз убакыт жана каражат талап кылынат. Менин байкашымча, кылмышкерлердин качып кетүүсү кайдыгерликтен болду.

Демек, убактылуу кармоочу жайларда көзөмөл начар деп айтса болобу?  

Убактылуу кармоочу жайларында Ички иштер министрлигинин буйруктары, эрежелеринин негизинде кызматкерлерге катуу талап болушу керек. Ар бир өзүн сыйлаган бөлүмдүн башчысы, орун басарлары негизги иштерин убактылуу кармоочу жайларды көзөмөлдөөдөн башташса. Анткени, ал жерде ар кандай кылмышкерлер кармалат.

Биз илгертен эле убактылуу кармоочу жайларын “порохавая бочка” деп атачубуз. Башкача айтканда, бул жайлар өтө кооптуу жай болуп эсептелет. Өзгөчө көзөмөл керек.

Мен ИИМде иштеп жүргөндө биздин башыбыздан да мындай окуя өткөн. 1994-жылы Тогуз-Торо районундагы ички иштер бөлүмүнөн 4 кылмышкер качып чыгып, бүт күзөт бөлүмүн куралсыздандырып, курал-жарактарды алып кетип, элди талап-тоношкон. Мен аларды издеген топту жетектеген элем, качкан кылмышкерлерди кармоо учурунда ок атышуу болуп, экөөсү өлгөн. Азыркы кырдаал да ушундай деңгээлге жетпеши керек.

Башка убактылуу кармоочу жайларда да мындай окуялар катталбаш үчүн кандай кадамга баруу керек?

Баардык убактылуу кармоочу жайларында көзөмөл системасы, мисалы – видео байкоолорду орнотуу, кайтаруу системасын күчтөндүрүү, кармалып жаткандардын арасында кандай иш алып баруу керектигине көңүл буруу талап кылынат. Мунун баарын ошол жерлердеги башчылар билет. Ошондуктан өздөрү көзөмөлгө алып, күзөттө иштеген кызматкерлерге күн сайын эрежелерди айтып, кайра отчет алып турушу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *