Шашылыш кабар:

Мамлекеттик тилдин багы 2019-жылы ачылабы?

Ноябрь 27, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
70

2019-жылдан тартып баардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди базалык деңгээлде билиши керек. Башкача айтканда, 1300 активдүү сөздөрдү билип, сөз айкаштарын кошуп, сүйлөм түзө алышы шарт.  Чакан көлөмдөгү текстти окуп түшүнүүсү милдеттүү. Мындай маанини камтыган токтомго өкмөт башчы кол койду.


2019-жылдан тартып бардык мамлекеттик кызматкерлер кыршыз тилин базалык деңгээлде билиши керек. Мындай маанидеги буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.

Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, жогорку, башкы, улуу жана төмөнкү административдик кызматтарда эмгектенгендер кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билиши шарт. Токтомдун максаты иш-кагаздарды өркүндөтүү, мамлекеттик иштерди жүргүзүүнүн чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат. Анткени мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Нарзакул Ишекеев белгилегендей, мамлекеттик тил боюнча мыйзам кабыл алынып, анда так, ачык жазылып турса да айрым беренелер иштебей келет. Бул токтом аны жөнгө салат деп ишенет.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамда баары ачык жазылган. Анда президенттикке талапкерлер, Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы, Жогорку соттун төрагасы, Конституциялык палатанын төрагасы мамлекеттик тил боюнча милдеттүү түрдө сынак тапшырышы керек деп айтылат. Бирок азыр булардын бирөө гана ишке ашып жатат. Бир гана президенттикке талапкер гана сынак берип жатат. Эми 2018-жылдын март айынан баштап бардык беренелер ишке кирет.

Өкмөт башчы кол койгон токтомдо мамлекеттик кызматкерлер 2019-жылдан тарта кыргыз тилинин базалык деңгээлин (А2), 2020-жылдан тарта орто деңгээлде (В1), 2021-жылдан тарта орто деңгээлден жогору (В2) билүү талап кылынат. Ал эми 2018-жылдын март айынан тарта массалык түрдө милдеттүү тестирлөө өтөт. Назаркул Ишекеев кошумчалагандай А2, башкача айтканда базалык деңгээлде кыргыз тилин билген киши иш-кагаздарды терең түшүнүп, анализдей алат.

Базалык деңгээлде билген жаран 1300 активдүү сөздөрдү билет. Сөз айкаштарын айкалыштырып, сүйлөм түзө алат. Лексиканы жана грамматиканы колдоно алат, чакан текстти окуп, түшүндүрө алат. Өзүнүн оюн эркин айтып түшүндүрө алуусу базалык деңгээлге кирет. Ал эми орто (В1) деңгээли 3000 сөздүн тегерегинде, ал эми андан жогорку деңгээл (В2) 6 миң сөздү билүүсүн талап кылат.

Деген менен эл өкүлү Рыскелди Момбеков, бул токтомду кабыл алынышы жөн эле сөз жүзүндө калган иш-чаралардын бири болот деп чочулайт. Анткени буга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча каражат бөлүнүп, программа бекитилсе да, ишке ашпай келгенин айтат. Эң негизгиси тилди өнүктүрүүнүн саясатын өзгөртүү керек деген депутат, мыйзамдагы “же” байламтасы кыргыз тилинин расмий тилдин көлөкөсүндө калуусуна себеп болуп жатат деп кейийт.

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамда: “Мамлекеттик тилде же расмий тилде…” деп жазылат. Мындагы “же” байламтасынынын өзү эле кыргыз тилинин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып, расмий тилдин көлөкөсүндө калтырууда. “Же” деген байламтаны алып салса, мамлекеттик иш-чаралардын баары мамлекеттик тилде, жыйындар мамлекеттик тилде болсо, милдеттүү болсо өнүкмөк.

Ал эми депутат Дастан Бекешев мамлекеттик тилди билбеген атка минерлерди уяткаруу менен эмес, аларга шарт түзүп берүү менен кыргыз тилин өнүктүрүүгө болот дейт. Анткени, кыргыз тилин үйрөнүүдө методикасы татаал болгондуктан  үйрөнүшпөйт. Жаңы үйрөнгөндөргө оңой ыкманы көрсөткөн китептерди чыгарууну сунуштайт.

Мамлекеттик тилди билбегендерди урушпай, аларга шарт түзүш керек. Мисалы,  методикасын жеңилдетүү сыяктуу. Анткени кыргыз тилин үйрөнө турган киши оңой методиканы үйрөткөн китептерди таба албайт. Ал эми англис тилин карасаң анда тилди үйрөтүү боюнча методикалар толтура. Биздин тил комиссия китептерди чыгарат, бирок методика боюнча китеп жокко эсе.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү боюнча 5 жылдык планга 493 млн сом каралган. Тилчилердин айтымында, бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз колдонулуп, майнап чыкпай келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *