Шашылыш кабар:

Качкынбаев: Жээнбеков үчүн ички саясат эң идеалдуу болуп турат

Ноябрь 27, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
269

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришип жатып коррупция менен анын ичинде аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөш ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Жээнбековдун президенттик ишине киришиши жана анын билдирүүсүндө айтылган убадалар тууралуу саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Жээнбеков президенттик аппарат менен болгон алгачкы жыйынында да жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди. Жаңы президенттин алдында тезинен аткарчу дагы кандай иштер турат?

Сейтек Качкынбаев: Президенттин алдында мына мындай иштер турат деп көп багытты айтсак болот. Анын ичинен коррупция маселеси өтө чоң көйгөй. Анткени 27 жылдын ичинде Кыргызстан дагы деле эң коррупцияланышкан өлкөлөрдүн катарында келе жатат. Мисалы 176 өлкө болсо, биз 136-орунда турабыз. Президент өзүнүн алдына бул маселени приоритет катары коюп жатканы жакшы. Өлкө башчысы негизи оор басырыктуу киши. Мен билгенден убадасына дагы турган адам. Бирок, экинчи дагы бир маселе бар. Канчалык жакшы ниет, ойлор менен иш баштаганыбыз менен көрөңгөлүү, билими жогору, чечкиндүү балдардан турган команданы топтобосо алар ишке ашпай калышы мүмкүн.

Марал: Жээнбеков инаугурацияда тышкы саясат боюнча да азын-оолак кеп кылып кетти. Ал Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоо менен бирге тышкы саясатта Кытай жана кошуна өлкөлөр, Европа менен дагы тыгыз иш алып бараарын айтты. Бул жатта Жээнбеков кандай мүнөздө саясат жүргүзөт деп боолгоп жатасыз?

Сейтек Качкынбаев: Президент тышкы саясаттагы мындан аркы доктринасын угуза элек. Өкмөттө же буга чейинки сүйлөгөн сөздөрүнө, инаугурацияда айткандарына караганда биринчи кезекте кошуналар менен жакшы алакада болуш керек деп жатат. Экинчиден көчтү улайм дей турган болсо анда көрдүк да көчтө тышкы алака биринчи кезекте Орусия менен приоритет катары каралды. Менин оюмча Орусия менен мамиле дагы деле ошол бойдон калат. Жээнбеков ошол эле учурда батыш өлкөлөрү Америка, Жапония менен дагы мамилени жакшы кылабыз деп айтты. Мүмкүн Атамбаевдин учурунда ооп кеткен тышкы саясатты түздөсө керек. Кытай менен болгон мамилеге дагы көңүл буратго.

Марал: Экс-президент Алмазбек Атамбаев ал өлкөнү башкарган алгачкы жылдары ага иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбегенин, акыркы 3-4 жылда гана өз максаттарын ишке ашырууга жол ачылганын айтып келди. Сооронбай Жээнбеков берген убадаларын аткаруу үчүн учурдагы өлкөдөгү кырдаал  кандай болуп турат?

Сейтек Качкынбаев: Ички саясат азыр эң эле идеалдуу абалда болуп турат. Мисалы учурда бийликке азуусун көрсөтүп, шаштысын ала тургандай бир дагы оппозиция жок. 2005-2010-жылдардан кийин реваншисттер же мурдагы режимдин айрым күчтөрү калып 1-2 жылдай бийликти чарчатып жаткан болсо азыр мындайча айтканда тарых жаңы барактан башталды. Себеби жаңы президенттин мурдагылардай душманы дагы жок. Тоскоолдук кыла турган күчтөр дээрлик жокко эсе. Азыр Сооронбай Жээнбеков тез аранын ичинде демилгени өз колуна алып, көп-көп идеяларды элге таштап, буларды жасайлы, ушуларга жардам бергиле деп оюн ачык айтыш керек. Парламентке дагы ачык эле сунуштарын киргизсе ЖК дагы, эл дагы колдоп кетет.

Сүрөттө саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *