Шашылыш кабар:

Жамиля Сабитахунова: Ишкер айымдар үй-бүлөнү биринчи орунга койгондо гана иши жүрүшөт.

Ноябрь 22, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
46

Марал радиосунун угармандарына бүгүнкү  «Экомайдан» программасынын  алкагында 19- ноябрда  Эл аралык айым ишкерлердин майрамы белгиленип, бул жаатта коомдук ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргызстандагы жалпы эле ишкердик батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу абдан жаш. Жалпысынан  25 жылдын тегерегинде бул тармакта эмгектенишет. Союз тараганда айымдар коомдун алдына чыгып, коммерция багытында жана соодага, бизнес чөйрөсүнө сүңгүп киришкен. Бүгүнкү программанын коноктору  «Быламык» тамак-аш өндүрүү компаниясынын жетекчиси Жамиля  Сабитахунова жана билим берүү тармактагы  «Академия роста» компаниясынын жетекчиси Сайкал  Асылбекова.

Марал : Бүгүнкү күндө азыркы коомдо аял ишкер деген ким?

Ж.С:  Аял ишкер деген азыркы күндө  жалпы эле коомдун тиреги. Себеби, аялдар ишкердик менен катар үй-бүлөнү алып жүрүшү керек болот. Аял ишкерлердин эң негизги өзгөчөлүгү мына ушунда. Ал эми, үйдөгү балдардын тарбиясына алардын окуусуна жана жолдошуңа көңүл бөлүү да ишкердиктен ашык билимди  жана көңүлдү талап кыла турган жогорку баскычтарынын бири. Андыктан, аялдар биринчи кезекте кудайдан берилген вазыйпасын аткарып , андан кийин ишкердикке өтсө мен туура болот го деп ойлойм. Себеби, үй-бүлөдөн мамлекет түптөлөт. Мен үй-бүлөнү биринчи орунга коюп туруп андан кийин ишкерликке келгем.

Марал: Сайкал айым, бул туурасында сиздин да пикириңизди уккубуз келет.

С.А: Мен үй-бүлөө биринчи орунда деген, Жамиля  айымдын оюна толугу менен кошулам. Андан сырткары, биринчиден ишкер айым, бул эң биринчиден билимдүү, акылдуу жана өзүнүн максатына жете билгенди көздөгөн аял гана  ишмердүүлүк менен алектене алат.

Марал: Кыргызстандык ишкер айымдарды колдоого жана алардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган, атайын уюмдар же мамлекеттик программалар барбы?

Ж.С: Мындай бир, масштабдуу ар бир эле айымга жете турган мүмкүнчүлүктөр бизде өтө аз. Бирок, бизнестин жогорку баскычына чыккан аялдардын арасында ишкер айымдардын коомдору бар. Ошол коомдор аркылуу ар бир региондордо бизнес кылам деген, же ишкердик менен алектенип жаткан айымдарга, ошол коомдор аркылуу таасир кылсак болот. Себеби,бизде ишкер болобуз деген жаш кыз- келиндер мага көп кайрылышат . Аларга материалдык ресурс жетпейт. Бул бир. Экинчиден, бизнести кантип эмнеден башташ үчүн билими жетишсиз. Мына ушул жагынан  масштабдуу программа түзүп, аны өкмөттүк деңгээлде алып чыкканга сунуштайт элек.

С.А: ЖИА ассоциациясынын ишкер айымдар клубу бар. Алар көптөгөн окууларды, тренинг жана семинарларды өткөрүп, айымдарды ишкердүүлүккө чакыруучу иш- чараларды  көп өткөрүшөт. «Ишкердик» ассоциациясы да жигердүү иштеп келет. Ушул сыяктуу уюмдарга мүчө болуу да абдан пайдалуу нерсе.

Марал: Бүгүнкү күндө айымдардын ишкердигин мыкты деңгээлге алып чыгуу үчүн кандай негизги факторлор тоскоолдук кылып жатат?

С.А: Негизи биздин жаратылыштан берилген аялдык милдеттерибиз  бар эмеспи, жогоруда айтылгандай үй-бүлөнүн очогун кармоо деген. Эгерде, ишкердик менен үй-бүлөнү тең алып кетсек абдан жакшы. Менин сунушум: балдарыбыз  мектепте окуп жүргөндө эле аларды жакшы тарбияласак. Алар үйдөгү үй жумушту жана сырт жумуштун милдетин чогуу алып кетүүгө жөндөмдүү кылып тарбия берсек. Гарвард (Harvard University) бизнес мектебинде 2002- жылдан 2012- жылга чейин 12 өлкөдө изилдөө жүргүзүлгөн экен. Алар ишкердик менен алектенген айымдар менен үйдө отурган  айымдардын айырмачылыгын салыштырышкан. Ошол 10 жылдык изилдөөнүн негизинде иштеген айымдардын балдары ийгиликтүү болушкан экен. Андан сырткары иштеген айымдардын кыздары жетекчилик жумуштарга көбүрөөк орношкон. Ишмердүүлүккө киришкен энесинен тажрыйбасын кичинекей кездеринен эле ала башташкан. Ошол себептен үй оокаттарына  жана ишкердикке да жетишүүгө айымдарды чакырат элем.

Марал: Жамиля эже, Кыргызстанда сиз өндүрүш тармагында иш алып барасыз. Ушул тармак  мээнетти жана жоопкерчиликти талап кылат эмеспи. Убакытты туура колдонуу жаатында өзүңүздүн ыкмаларыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

Ж.С. Туура. Менин ишим өтө мээнетти талап кылган кызмат. Себеби, тамак өндүрүшү – коопсуз, сапаттуу жана ар бир кардарга жеткиликтүү болуусу зарыл. Ушул үч тармак биргеликте болгондо гана бизнес өнүгүп өсө алат. Менин жолдошум жана төрт балам бар. Алардын баары күндүр-түндүр мени менен кошо иштешкен. Ар бир нерсени окуп изилдеп, изденип ар бир жаралган көйгөйгө сырттан кеңеш алам. Билгендерден уялбастан барып сурайм. Бизнес деген бул-чылгый проблема. Мында эч качан даңгыр жол болбойт. Бир көйгөйдү чечсең, экинчиси пайда болот. Чет элдик тренерлерим айтышат; канчалык масштабдуу көйгөйдү чечсең, ошончолук масштабдуу киреше табасың  деп. Ушул нарселердин барын балдарыма үйрөтөм, Себеби, бала тарбиянын 85 пайызын ата-энеден, үйдөн алат.

Кыргыз интелегенциясы 90- жылдардын башында жапырт базарга чыктык. Мен болсо, мугалимдиктен ишкердикке келген элем. Анда базарда эч кандай система жок, тартип жок. Өзүбүздү тобокелдикке салып эле иштеп жүрчүбүз. Ошол кезде өндүрүш жаатында билимим жок экендигине карабай туруп ишти баштап, ушул жолду тандап алгам.

Марал: Бизде орто жана чакан бизнес өсүп келе жатат. Айымдар ишкердикти өнүктүрүү үчүн кайдан маалымат жана тажрыйба ала алышат?  Ишкер айымдар кайсыл багытка басым жасашы керек?

С.А: Азыркы учурда бардыгын эле мамлекет кылыш керек деп отура бербестен.Мектептен баштасак, дүйнөлүк практиканы карасак, чет өлкөлөрдө бир бөлмөдө атайын өндүрүш сабактарын берип, билимди  практикалык түрдө өтүшөт. Балдарды кичинекейинен эле акчаны туура пайдаланууну, ишмердүүлүктү курганды үйрөтсөк. Кийин ал ишкердик кесибин оңой алып кетүүгө өбөлгө болмок. Азыр интернет кулачын кенен жайган заманда онлайн семинарлар абдан көп. Айымдарга кеңешим жок дегенде ошол жерден ишкердик боюнча  билим алууга мүмкүнчүлүк чоң. Үйдө отуруп эле билим алгандар болот. Ал эми мамлекеттик деңгээлде туруктуу иш-чаралар азырынча жок.

Марал: Жалпы эле ишкерлер ишкердик билимди алып туруунун кажети канчалык деңгээлде бар? Же тажрыйбанын негизинде эле иштей берсе болобу?

Ж.С: Теорияны окуганда адам көп нерсени алат. Жаңы башка да идеялар келиши мүмкүн. Теория менен практиканы айкалыштырып отуруп өзүңө керек болгон жоопторду ала аласың. Мен 9 жылдын ичинде Жапониянын  Токио шаарынан  жана Шикоко аралдарынан 3 жолу окуудан өтүп келдим. Ал жерде укмуштуудай уникалдуу система иштейт экен. Кичи жана чакан ишкердиктен  мамлекеттин кирешесинин 80 пайызы өндүрүш тармагынан келет экен. Ал жерде бизнес жаатында иштегендердин бардыгы эмгектенишет. Мисалы: сенин бир бизнес идеяң болсо, ошол борборго келип бизнес планыңды өткөрөсүң. Андан соң ошол жердеги кызматкерлер ал долбоорду текшерип чыгып, долбоор жараксыз болуп калган учурда дагы, долбоордун ээси менен биргеликте кайра иштеп чыгып, өткөрүшөт. Керек болсо ал адамдын продукциясын сатып өткөрүүгө чейин жардам кылышат. Ал эми маркетологдор сен өндүргөн товарга  кайсы өкөдө талап бар деп, анализ жасап, кардарды таап товарды сатып берет. Өндүрүшчү  товарын өндүргөндү гана билет экен. Аны кайда сатам деп, башын да оорутпайт. Келечекте ушундай борборлорду Кыргызстанга да ачсак, ишкерлерге алда канча жеңил болоор эле.

Марал: Көп учурда адамдардын мыкты идеясы, мыкты бизнес планы колунда болот. Бирок, тилекке каршы аны ишке ашырууга каражат жок болуп калат. Бул жаата кандай кеңеш бере аласыздар?

Ж.С: Финансы көйгөйү ишкеркердикти жаңыдан баштап жатканда пайда болот. Каражат маселесинин артынан канчалаган мыкты идеялар ишке ашпай калып жатат. Бул үчүн, бизнес планыңар болсо аны жазып алып, мамлекеттик  РСК банк жана Айыл банктарына келип, банктын атайын адистерине сунуштап, долбоорду талкууга салып , күрөөгө кое турган мүлк болсо, аны күрөөгө коюп бизнести баштаса болот. Азыр бизде «Кепилдик фонд» деген фонду ачылган. Эгерде күрөөгө коюлган нерсе жетпей жатса, аталган фонд  30-40 пайызга чейин каражатты бөлүр берүүгө даяр. Андыктан, Кыргызстанда бизнес кылууга болбойт, аракет акталбайт дегендерге таптакыр кошула албайм. Аракет кылса сөзсүз баары болот.

Марал: Ишкердик көп убакыт ресурсун талап кылат эмеспи. Сиздер ийгиликке жетүү үчүн убакытты кандай бөлүштүрөсүздөр?

Ж.С: Өнүккөн өлкөлөрдө эң жогорку тепкичке жеткен ишкерлердин бардыгы  оюу менен иштейт. Мээнин ичиндеги ойлорду бир калыпка салып , аны кагаз бетине түшүрүш керек. ошол кагаз бетиндеги идеянын үстүндө кичине гана эмгектенип койсоң, башкасы өзүнөн – өзү эле ишке ашып кетет.

С.А: Убакыт адамдын эң баалуу байлыгы. Мендеги жакшы бир курал менен бөлүшө кетейин. Биринчиден алдыңызга келечектеги 5 жылдык максатты коюңуз. Анын ичинде 1 жылдык максат коюш керек. кайра аны ар бир айга бөлүп, ал айларды күндөргө бөлүштүрүп туруп, күн сайын эмне иш кылаарды пландап кагаз бетине жазышып алып, ошого ылайык иштерди жасап, жашаш керек. Ал эми убакытты туура пайдаланууга биз ар бир күндү 15 мүнөттүк секторлорго бөлүп алуубуз керек. Ошол 15 мүнөт ичинде эмне ишти бүтүргөнгө отчет берүүгө керек болот. Ал оор болуп жатса 1 сааттан бөлүп алыңыз. Жыйынтыгында ар бир сааттын ичинде бирден жакшы иш бүтүрсөңүз дагы 8 сааттын ичинде 8 мыкты жыйынтык алган болосуз.

Марал: Бүгүнкү күндө  айым ишкерлерди өнүктүрүү багытында кандай иш- чаралар жасалса деген сиздердин сунуш бар?

С.А: Адамдын ою туура болсо, жана ал бир багыттуу болсо, сөзсүз түрдө ишке ашат. Алдыга жакшы ой максаттарды коюп, ар бир инсан баштаган ишине  күчүм жетет деп ишеним болуш керек. Ошондой эле эртең менен күнүңдү кандай баштасаң, ал күн дал ошндой өтөт деген түшүнүк 100 пайыз иштейт. Уйкудан ойгонгондо эле алдыга жакшы ой, жакшы максат жана  ал күндөн жакшы ийгилий күтүү менен иш баштаса ал мыкты натыйжасын берет.

Ж.С: Биз кылып жаткан иш жеке ишкердик болгон соң, ишкер бул ишке башын сайып, белин бек бууп башташ керек. Анткени, бул иштин президенти да өзүңсүң, өкмөтү да өзүңсүң бардык тармак бир гана өзүңдөн көз каранды. Мамлекеттен эч жардам күтпөстөн иштеш керек.Ишти алып кете албаган киши мамлекет салыкты кыскартып, светти арзандатып койсо да иштей албайт. Андыктан, баары адамдын  өзүнүн ишмердүүлүгүнөн көз каранды. Жеке ишкердикте ишкер өзү жумуштун жана көйгөйдүн 90 пайызын өзү аткарып аны чече билбесе, аны ишкер деп мен айта албайм.

Маегиңиздерге ыраазычылык

Саламатта барыңыздар.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *