Шашылыш кабар:

Кочкоров: Жээнбеков кадр саясатынан сыналат

Ноябрь 23, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
72

Бүгүн, 23-ноябрда Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан бошотулду. Андан сырткары Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагалыгынан алынды. Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Толкунбек Абдыгулов вице-премьер-министр болуп дайындалса, өлкө башчысынын дагы бир буйругуна ылайык Икрамжан Илмиянов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматынан кетти. Биз өкмөттөгү кадрдык алмашуулар жана анын максат мүдөөсү тууралуу экс-депутат Улукбек Кочкоров менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Дүйшөнбек Зилалиевдин вице-премьер-министрлик кызматтан алынуусу менен башталган өкмөттөгү кадрдык өзгөрүүлөр уланып жатат. Коомчулукта «Раим миллион» деген ат менен таанымал Райымбек Матраимов, Болсунбек Казаков кызматынан алынды. Президент Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынында аткаруу бийлигинде дагы өзгөрүүлөр болот деп жарыялаган эле. Өкмөттөгү кадрдык орун алмашууларды эмне менен байланыштырып жатасыз?

Улукбек Кочкоров: Бажы кызматын ала турган болсок булардын айынан 100 миңдеген дыйкандар түшүмүн жакшы баада сата албай калды. Он миңдеген ишкерлер жапа чегип жүрүшөт. Бир ишкер менен сүйлөшсөм Кытай менен Казакстандын чек арасында жайгашкан «Хоргос» базарында жүгү үч жумадан бери кармалып, чоң суммадагы айып пул төлөп алып келдик дейт. Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Кыргызстандагы Бажы кызматынын айынан биз ушул кадамдарга барып жатабыз деп айтпадыбы. Ошондуктан бул чечим (ред: Райымбек Матраимовду кызматтан алуу) туура эле болду.

Буга чейин активисттер дагы комиссия түзүп Бажыда болуп жаткан коррупцияны иликтөөгө алабыз дешкен. Балким аларды жоошутуу же мына биз чара көрдүк деген максатта болушу мүмкүн. Эми кылмыш иштери козголуп, туура эмес иштерге бөгөт коюлабы ошондон кийин гана кандай максат болгонун биле алабыз.

Марал: Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков эртең ант берип, расмий кызматка киришет. Өкмөттөгү орун алмашуулар Жээнбековдун кызматка отурушу менен байланышы бар болушу мүмкүнбү?

Улукбек Кочкоров: Коомчулуктагы нааразычылыктан улам эле өзгөртүүлөр болбосо менин пикиримде олуттуу кадамдарга барбайт. Сооронбай Шарипович биз буга чейинки команданын кылган ишин улантабыз деп айтып келген. Анын үстүнө ошол команданын Сооронбай Шариповичтин шайлоодон жеңип чыгышына салымы чоң. Андыктан алардан кол үзө алабы бул чоң маселе. Эгерде ал өз алдынча саясатчы, лидер болуп өз саясатын жүргүзсө кескин кадамдарды күтсөк болот. Бирок, буга чейинки эле иштерди уланта турган болсо анда орун алмашуулар эле болушу мүмкүн. Ошондуктан азыр бардыгы Сооронбай Шариповичтен көз каранды. Чын эле журт башы болом десе анда олуттуу кадрдык өзгөртүүлөр жасалышы зарыл.

Марал: Кыргызстанда негизинен кызматкерлер кайсы убакта кызматтан алынат? Кетирген кемчиликтери үчүнбү же саясий негиздеби?

Улукбек Кочкоров: Негизи аркалаган кызматын аткара албай калган учурда же каюлган иш планды толтура албай калганда кызматтан алынышы керек. Бирок тилеке каршы биздей андай эмес. Көпчүлүк учурда эл нааразы болуп, кызматкерди бийлик кантип сактап калаарын билбей калганда жумуштан алуу чечимин кабыл алууга мажбур болушат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *