Шашылыш кабар:

Кыргызстан эки жарым жылда толук арзан интернет менен камсыздалат

Ноябрь 23, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
59

Эки жарым жылдын ичинде Кыргызстандын баардык айылдары арзан интернет менен камсыздалат. Буга 50 доллар жумшалмакчы. Учурда каржы алуу үчүн өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банк менен келишим түзүүдө. Жумуштардын баары “Таза коом” долбоорунун негизинде жүргүзүлөт.


Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай айылындагы Бусурман Ходжаев атындагы мектеп интернетке туташкан эмес. Билим берүү мекемесинде  эски үлгүдөгү саналуу гана компьютер бар. Мектеп жетекчилери эл аралык уюмдар менен кызматташып, компьютер сатып алууну максат кылышууда. Аталган мектептин мүдүрү Пайзилла Салимбеков, борбор менен байланышуу, документ жиберүү сыяктуу иштерде да интернет муктаждыгы жаралып жаткандыгын айтат.

Болгону он эле компьютерибиз бар. Бирок өтө эски, заманбап компьютерибиз жок. Интернет жок, болсо жакшы болмок. Анткени бир эле орунда отуруп, борбор, министрлик менен байланышууга  мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бизде мындай мүмкүнчүлүк чектелүү.

Ак-Сай Тажикстандын чек арасы менен чектеш айыл. Ал жерде бир гана мектепте эмес, аталган айыл өкмөтүнө кирген айылдардын эч биринде интернет байланышы жок. Айылдык кеңештин депутаты Азамат Абдразаков, бир топ жактарга кайрылып, айылды интернетке туташтырууга аракет кылганын айтат. Өкмөттүн мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча убадасынан үмүт кылышууда.

Ак-Сай айыл аймагына 5 айыл кирет, анын эч биринде интернет жок. 2G байланышы иштейт, бирок ага эч бир жумушуңду бүтүрө албайсың. Биз мобилдик операторлорго кайрылып, жок дегенде 3G коюп берүүнү өтүнгөнбүз. Күтүп турабыз эми.

Жогоруда сөз болгон интернет жетпей жаткан айылдар көп. Айрыкча борбордук шаарлардан алыс жайгашкан элеттерде мектептин негизги көйгөйүнө айланган.

Бул маселе эки жарым жылда толук чечилээрин өкмөт башчы Сапар Исаков парламентте билдирди. Анын айтымында, 50 миллион долларга өлкөнүн бардык айылдары арзан интернет менен камсыздалат.

-Биз Бүткүл дүйнөлүк банк менен келишимге кол коёбуз. Ошол келишимдин алкагында 50 миллион доллар алабыз. Ал каражатка интернетти ар бир айылга жеткиришибиз керек. Биз көздөп жаткан эки максат бар. Интернетти ар бир айылга жеткирүү жана анын баасын төмөндөтүү. Айылга жеткиришибиз мүмкүн, бирок баасы кымбат болсо эч ким албайт. Телеберүү, интернет ар бир үйгө кире турган болушу керек. Бул иштер жакынкы эки жарым жылда бүтөт.

Эл өкүлү Алмазбек Эргешов өкмөт интернет маселесин эртелетип чечпесе, айыл жергесиндегилердин жумушна тоскоолдуктар жаралып жатканын  билдирди.

Бирок азыр өлкөнүн алыскы аймактарында компьютер да жетишсиз экени айтпаса да маалым. Мына ошол мектептерге интернетти атайын оптикалык кабелдер менен жеткирүү зарыл экендигин билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жоодонбеков белгилейт.Себеби ал интернеттин ылдамдыгы күчтүү, туруктуу жана арзан болот. Ал эми мобилдик интернеттин бир кемчилиги бир каналды жалпы класска колдонууда күчү жетпей калат.

Биз аймактарга чыгып калганда көрүп жүрөбүз, көп мектептерде интернет абдан эле жай иштейт. Телефон линиясы тартылбаган мектептерде модем аркылуу таратылат. Азыр «Код сааты» деген дүйнөлүк акция жүрүп жатат. Тилекке каршы интернетке туташпаган мектептер катыша албай жатат.

Кошумчалай кетсек, бул жылдын аягына чейин өкмөт 765 мектепти интернетке кошууну пландаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *