Шашылыш кабар:

Жунушалиев: Кара тизмеден чыгуу аракетиндебиз

Ноябрь 22, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
111

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүн, 22-ноябрда парламентте Кыргызстанда ички рейстердин баасы арзандатылат деп кабарлады. Авиакомпанияларга бааларды арзандатуу боюнча оозеки тапшырма берилгендиги дагы белгилүү болду. Министр атаандаштык жок болгондуктан баалар кымбат бойдон калууда дейт. Биз авиабилеттердин баасы жана Жарандык авиациянын абалы тууралуу Жарандык авиациялык агенттигинин жетекчи орун басары Бакыт Жунушалиев менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Бакыт мырза учурда Кыргызстанда канча авиакомпания иштеп жатат жана алардын канча учагы бар?

Бакыт Жунушалиев: Бизде азыр «Avia Traffik Company», «Air Manas», «Тез жет», «Air Kyrgyzstan» жана «Air KG» менен «Скай KG» деген авикомпаниялар бар. «Avia Traffik Company» компаниясынын беш, «Air Manas» ишканасында үч, «Air Kyrgyzstanдын» бир жана «Тез жетте» үч учак болду. Булар кишилерди гана ташыйт. Алардын айрымдары Орусияга, Казакстанга, Кытайга каттайт. Ал эми «Тез жет» Кыргызстанда гана учат. Ал Баткенге, Ошко, Жалал-Абадга кээде Исфанага учат.

Марал: Жарандар авиабилеттердин баасы кымбат экенине нааразы болуп келишет. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Билеттердин баасын ким коёт жана ким көзөмөлдөйт?

Бакыт Жунушалиев: Билеттердин баасы менен Монополияга каршы агенттиги карайт. Жарандык авиациялык агенттиги буга кийлигишпейт. Ал жерде керосиндин баасы, аэропорттун баасы эске алынып Монополияга каршы агенттиги менен баа келишилет. Биздин агенттик болсо учактардын учууларынын коопсуздугун көзөмөлдөйт.

Марал: Анткен менен Жарандык авиациялык агенттигинин кыйыр түрүндө бааларга болгон таасири болсо керек. Жарандар Бишкек-Москва менен Бишкек-Ош авиакаттамдарынын баасы 5 миң сом болуп билеттердин баасы теңелип калган кездер болот деп айтышат. Ички каттамдар эмнеге мынчалык кымбаттап кетүүдө?

Бакыт Жунушалиев: Бул авиакомпаниялардын саясаты. Сиз айткандай кээде баалар 5 миң сом болуп калат. Бирок, Москвага болгон баалардын бардыгы эле 5 миң сом боло бербейт. Анткени эл аралык рейстин баалары башкача. Ошондуктан бул маркетингдик кадам. Мисалы 3-4 жыл мурун «Air Manas» Ошко болгон каттам 999 сом болот деп айткан. Бул эми пайдасыз рейс болуп калат.

Марал: Айрым эл өкүлдөрү «Ачык асман» саясатын киргизсе билеттерге болгон баалар түшөт деп жатышат. Бул канчалык негиздүү?

Бакыт Жунушалиев: Менин оюмда ушундай болуш керек. «Ачык асман» саясаты бир нече мамлекеттерде ишке ашкан. Кээ бир жерде баалар төмөндөдү, айрымдарда баа жогорулады. Ошондуктан алардын тажрыйбасын карап көрүү керек. «Ачык асман» болсо баары учат, чектөө жок. Бир нече авиакомпания учса атаандаштык болуп билет баасы төмөндөйт.

Марал: Ал эми Кыргызстандын жарандык авициясынын учурдагы абалы кандай?

Бакыт Жунушалиев: Өзүңөр билесиңер да кара тизмедебиз, самолёттор эски. Эл аралык авиация 4-5 жылда келип аудит өткөзөт. Акыркы аудит 2016-жылдын февраль айында болгон. Азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Эл аралык стандарттарга жооп бербейт деген 128 кемчиликтер аныкталган. Ошонун баарын азыр аткарып жатабыз. Бүгүнкү күндө 90 пайыз ишти аткардык. Иш аягына чыккандан кийин биз аны онлайн кат менен жөнөтөбүз. Андан соң Кыргызстанга комиссия келет. Текшерүүдөн соң чечим чыгарышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *