Шашылыш кабар:

ВИЧке чалдыккандар да жашап кетээрине ишениши керек

Ноябрь 22, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
115

Бактыгүл Шүкүрова жети жылдан бери ВИЧ илдети менен күрөшүп келет. Өзү  2 кыздын апасы. Ал коомчулук СПИДге чалдыккандарга башкача карагандыктан, көпчүлүк жабырлануучулар дартын жашырып коёрун айтат.

— Мен өзүм башымдан өткөргөн үчүн жакшы билем. ВИЧти жуктуруп алгандардардын арасында жакшы адамдар да бар. Андыктан, илдеттин бул түрүнө кабылгандарга колдоо көрсөтүү зарыл. Эч ким эртеңки күнгө кепилдик бере албайт. Дарыларды туруктуу ичип, кадимкидей жашап келе жатам. Мен ВИЧ менен ооруганымды ачык айтып, башкаларга үлгү боло алдым. СПИДке чалдыккандар да жашай алаарына ишендирдим. Мени кооптонткону эртеңки күнү дарыланууга шарт болобу. Мен балдарыма татыктуу апа боло алдымбы деген суроо көп түйшөлтөт.

Дал ушул Бактыгүл айым сыяктуу ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны Кыргызстанда ушул жылдын 1-ноябрына карата расмий түрдө 7 миң 803  кишиге жеткен. СПИД оорусунан 879 киши көз жумган. ВИЧке кабылгандарды аймактар боюнча бөлүп карачу болсок, биринчи орунда Чүй облусу, экинчи Ош, андан кийин  Жала-Абад облустары турат. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун Мониторинг жүргүзүү жана анын сапатын аныктоо бөлүмүнүн адиси Замира Тилекова билдирди.

-СПИД илдетин жугузуп алгандардын 53%ы жыныстык жол менен жуктурган. Ал эми, экинчи орунда парентералдык жол аркылуу жуктурушат. Алар баңги заттарды колдонгондор.  1-ноябрына карата ВИЧке чалдыккандардын саны Чүй облусу боюнча ушул жылы 231ди түзсө,   былтыр 260 болгон. Ош облусуна карасак, быйыл 84, өткөн жылы 100 киши аныкталган. Оорулуу экенин айтпай үйлөнгөндөр бар. Илдетин жашырып коюп стоматологго барып жатышат. Мына ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн улам жугуп жатат. Вертикалдык жолдор менен кош бойлуу энеден баласына өтөт. 2017-жылы он айдын ичинде 714 киши катталса, быйыл 660 жабырлануучу катталып, ВИЧке чалдыккандардын саны кыскарган.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Улан Кадырбеков жарандар өздөрүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле кылып жаткандыктан СПИДге чалдыккандардын саны өскөнүн айтат.  Жаштар арасында баңги зат колдонуу да аталган илдетти жуктуруп алууга жол ачып жатканын, ал эми, орулуулардын 60%ы 20 жаштан 45 жашка чейинки жарандар экенин белгиледи.

-Көрүлгөн чараларга карабастан ВИЧ илдети орчундуу бойдон калууда. Өлкө боюнча 8 миңге жакын киши СПИДке чалдыккан. Жыл сайны 7 жүздөн ашуун ВИЧ илдетине чалдыккандар катталат. Дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү эмгекке жарамдуу жаштар. Каттоодо тургандардын 60%ы 20 жаштан 45 жашка чейинки жарандар. Акыркы жылдары бул илдетти жуктуруп алгандардын саны өстү. Мындан улам, коомчулукка СПИДтен коргонуу жолдорун жана аны дарылоо жөнүндө иш-чараларды уюштуруу зарыл. 

Баңгизаттарды колдонуп, ийне сайынуу жолу аркылуу ВИЧти жуктуруп алгандардын саны өскөн.  3 миң 406 жаран так ушул жол аркылуу жуктуруп алгандар. Республикалык наркология борборунун дарыгери Айзада Үсөнакунова маалымдагандай, өлкө боюнча 8 миң киши апийим колдонсо, алардын 1200дөн ашыгы атайын метадон терапиясын колдонот. Бул терапия апийимге болгон көз карандылыкты дарылоо ыкмасы болуп саналат.

-Эки-үч адам бир ийнени колдонгондон СПИД башкаларга да таркайт. Эгер баңги зат колдонуучулар метадон терапиясын алса, врачтардын көзөмөлүндө болот. Дарылоонун бул түрү апийимге болгон көз карандылыктан кутулууга жардам берет. Убагында ВИЧке кан тапшыртып, анализдерин көзөмөлдөйбүз. Метадон дарылоо ыкмасы биринчиден, наркомандарды дарылайт. Экинчиден, СПИДдин алдын алууга шарт түзөт.

Сорос-Кыргызстан фондунун “Коомдук саламаттык” программасынын директору  Айбек Мукамбетов ВИЧке чалдыккандарды дарылоодо колдоо көрсөткөн эл аралык донорлор жардам берүүнү акырындык менен токтотуп жатканын билдирди.

-Глобалдык фонд каржылык колдоону азайтууда. Алар “Коомдук саламаттык” программасын мамлекет каржыласын деп жатышат. Программага карасак, бир кишинин дарылануусуна жылына орточо эсеп менен 200 доллар керектелет. Өз учурунда дарылабасак, убакыттын өтүшү менен мындан да көп суммага дарылоого туура келет. Балким, 1 миң доллардан да ашат. А мамлекет бул мындай ири суммадагы каражатты бере албайт. Андыктан, азыр күн сайын бир доллар бөлүү менен келечектеги акчабызды сактап калсак болот. 

Кошумчалай кетсек, метадон дарылоо ыкмасы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты  сактоо уюумунун сунушу менен  сексенге жакын өлкөдө колдонулат. Ал эми Кыргызстан 2002-жылдан бери колдонуп келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *