Шашылыш кабар:

Акыркы эки жылда 800дөн ашуун мектеп директору кызматтан алынган

Ноябрь 21, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
163

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерде көп жылдардан бери иштеп калган директорлор окуу жайларды менчиктештирип алып, коррупциялык иштерге жол ачылып жатканын белгилейт. Депутат, мындан улам, мектеп жетекчилерин 5 жылда бир алмаштырып, башка мугалимдердин да директорлук кызматка келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү зарылчылыгы бар экенин айтты.

20-30 жылдап отурукташып калган директорлор бар. Ошол жерде коррупциялык системанын бары, акча топтомой дагы эле уланууда. 500-600 сомдон стабилдүү сумманы коюп алган. Ошонун негизинде ата-энелерден акча топтоп жатышат. Ротация болсо бир мектептин директору жакшы иштеп өзүн көрсөтө алса, экинчи мектепке дагы 5 жылдык мөөнөт менен жетекчи боло алат. Эгер, жакшы иштей албаса, анда кызмат ордунан бошотулат.

Мектептеги коррупциялык иштерди басаңдатуу максатында 2014-жылы билим берүү министрлигинде билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери бир мекемеге дайындалган учурдан тартып 5 жыл ээлөө мөөнөтү жөнүндө билим берүү мыйзамына өзгөртүү киргизилген. Анын негизинде 2015-жылы республика боюнча баардык мектеп жетекчилери менен келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гулшан Абдылбаева билдирди. Ал аталган токтомду ишке ашыруунун негизинде бүгүнкү күндө өлкө боюнча 800дөн ашуун мектеп жетекчиси кызматынан бошотулганын маалымдады.

-Түзүлгөн келишимдин негизинде 2015-жылдан бери 800дөн ашуун мектеп жетекчиси кызматынан бошотулду. Учурда дагы пенсия курагындагы директорлор ээлеген кызматынан алынып жатат. Билим берүү мыйзамынын негизинде мектептердин аккредитацияларын жүргүзүп жатабыз. Анын негизинде, окуучулардын билим деңгээли түшүп кетчү болсо, ошол окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулат.

Жылдызкан Сарыгулова Бишкек шаарындагы №85 орто мектебине 7 жылдан бери жетекчилик кылат. Бул аралыкта бир топ иштерди жасоого жетишкенин айткан директор, алгачкы 5 жылда иштин көзүн таба албай көп кыйналган. Андыктан, бир мектепти өнүктүрүш үчүн жок дегенде 15 жыл мөөнөт бериш керектигин айтат.

-Беш жылда директор кайсыл баскычтан кантип өтөөрүн үйрөнөт. Каржылоонун, өнүктүрүү жолдорун таап, тажырыйба топтоого араң жетишет. Негизи мектепти жакшы жолго коюп, ата-энелер менен тил табышып, билим сапатын жогорулатыш үчүн жетекчилик мөөнөт 15 жыл болушу зарыл.  

Деген менен Билим берүү тармагынын адиси Асылбек Жоодонбеков мектеп директорлору  өз ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө 5 жыл кенен жетээрин белгилейт. Ал өлкөдө мектеп жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалаган конкреттүү система көрсөтүлбөгөндүктөн улам бир топ директорлор көп жылдап  иштеп жатканын айтат. Анын пикиринде, мектепке жетекчи дайындаарда ата-энелердин, мугалимдердин пикири эске алынышы зарыл. Жооданбеков Американын ар бир аймагында мектеп директорлору билим берүү боюнча түзүлгөн топтун чечими менен дайындалаарын, Кыргызстан да чет өлкөлүк тажырыйбалардан үлгү алуу кажет экенин билдирди.

-Мектеп жетекчилигинде иштеп, кайсыл бир тыянак көрсөтүү үчүн 5 жыл жетиштүү убакыт. Чет өлкөлүк тажырыйбаны эске алуу менен директорлорду дайындоону караш керек. Андан сырткары, иштин эффективдүүлүгүнө көңүл буруу кажет. Жетекчинин мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө кошкон салымын, мектеп окуучуларынын Жалпы Республикалык тестирлөөдөгү көрсөткүчүн, бүтүрүүчү жана ата-энелер менен болгон мамилесин эске алып, директорлордун ишин баалоонун так жол-жобосу иштелип чыкса жакшы болмок.

Таалайбек Рыскуловдун эки баласы борбор калаадагы мектептердин биринде окуйт. Ал көп жыл иштеген мектеп директорлору өздөрүн окуу жайдын кожоюну катары сезээрин айтып, ар бир беш жылда жетечилерди алмаштырып турса жакшы болооруна токтолду.

-Бизде президент, министрлер бат-баттан алмашат. Бирок, мектеп директорлору андай эмес. 15-20 жыл жетекчи болуп иштегендер бар. Алар окуу жайларды менчиктештирип алган, өздөрүн кожоюндай сезишет. Ошондуктан аларды 5 жылда алмаштырып турган оң.

Ал эми Ош шаарынын №6 мектеп-гимназиясынын мугалими Адина Мукум кызы мектеп директорлорунун бат-баттан алмашканы коллектив менен иштешүүгө терс таасирин тийгизээрин  айтат.

-Жетекчилерди бат-баттан алмаштыруу коллектив менен иштөөгө тоскоолдук жаратат. Себеби, мугалимдер жаңы директор менен тил табышып, жакшы иштей баштаганда башка бирөө келип, ал өзүнүн талабын коёт.

Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 236 мектеп дироктору эмгектенет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *