Шашылыш кабар:

Чынара Эсенгул: БУУ чек арадагы кырдаалды чечип бере албайт

Ноябрь 21, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
76

Казакстан 10-октябрдан бери чек арада жасалма тосмолорду түзүп жатканы тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунда талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда БУУнун баш кеңсесинде экономикалык, экологиялык жана каржы маселелерине байланыштуу резолюциялардын топтому каралган.

Анда Кыргызстанга “Бир тараптуу экономикалык чаралар — өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты” аталышындагы резолюцияга 116 мамлекет макул болду, экөө — АКШ менен Израил — каршы чыгышты, 49 мамлекет добуш берген жок. Бул резолюциянын мааниси жана чек арадагы кырдаалды жөндөөгө салымы канча? Ушул жана башка суроолорго «Күн чекит» программасында эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул жооп берет.

Бириккен улуттар уюмунун бул резолюциясы эмнени айгинелеп турат?

Бул резоюция үстүбүздөгү  жылдын август айынан баштап  даярдала баштады. Анын эң негизги мааниси өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин сунушу менен даярдалышы. Экономикалык санкция же блокадаларга окшогон инструменттерге каршыбыз деген ойду билдирет.  Анткени мажбурлоо аркылуу ички процесстерге кийлигишүү болуп жатат. Ошондуктан 17-ноябрда бул резолюциянын  болжолдуу варианты талкууланып добушка коюлду. Аны колдогондордун көбү өнүгүп келе жаткан мамлекеттер, ал эми колдобой же позициясын билдирбегендер Европа өлкөлөрү болду.  Анткен менен резолюция кабыл алынды. Бирок албетте Кыргызстандын баяндамасы, койгон маселеси чоң ролду ойноду.

Эми бул резолюцияны 116 мамлекет колдогону кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөндөгөнгө таасири канчалык?

БУУнун канчалык эффективдүүлүгү тууралуу маселе коюлуп келе жатат. Анын ичинде Башкы ассамблея же Коопсуздук кеңешинде беш туруктуу мүчөсү  бар. Ошондой эле туруктуу эместери дагы… Бул жерде Казакстан туруктуу эмес мүчөлөрдүн катарында. Андыктан менин айтайын дегеним бул жерде БУУ дүйнөлүк саясаттагы логиканы колдоду. Добуш берүүнүн жыйынттыгынан өнүккөн мамлекеттер өздөрүн башкача сезип, экономикалык жактан биз алдыдабыз  деген позициясын байкоого болот.  Эми ачыгын  айтканда Кыргызстандын глобалдык деңгээлде жакшы эле роль ойноду. Бирок кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды позитивдүү жагына чечип берет дегенге кошулбайм. Тескерсинче дүйнө коомчулугун ирээнжитип жатат. Бирок ошол эле замат бул маселелер глобалдык деңгээлде чечилиши керектигин күн тартибине киргизип, өзүнчө фактыларды алып келгени Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары эгемендүү мамлекет экенин айгинелеп жатат.

Бул уюмдун натыйжасы аз болсо,  чек арадагы кырдаал кандай жөнгө салынышы керек?

БУУда резолюция  кабыл алынып , бирок ишке ашпай калганы көп. Ошондуктан кыргыз-казак чек арасындагы маселе эки тараптуу эле чечилет го. Президенттердин же премьер-министрлердин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде.  Бирок өз позицияга туруп, ошол эле мезгилде консенсуска даяр болушубуз керек.

Маегиңизге рахмат!

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *