Шашылыш кабар:

2018-жылы Дүйнө чемпиондугуна катыша турган «эң кымбат команда» деп Бразилиянын курамасы табылды

Ноябрь 21, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
84

2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турчу «эң кымбат курама команда» деп Бразилиянын улуттук курамасы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Дүйнө чемпиондугуна катыша турчу 32 кураманын ичинен Бразилиянын футбол боюнча курама командасы 671,5 миллион еврого бааланган. Ал эми Испания курамасы 643,5 миллион евро деп бааланса, Франция курамасынын баасы 636,5 миллион еврого жеткен.

Бул көрсөткүчтө курама командалардын баасы, анда ойногон оюнчулардын баасын кошуу менен чыгарылган. Анда эң арзан бааланган курама Панама жана ал 5,25 миллион евро корото турган болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *