Шашылыш кабар:

Алмазбек Атамбаев ээ болчу артыкчылыктар

Ноябрь 21, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
77

Бүгүн, 21-ноябрда «Фабула» менен «Кыргыз Туусу» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Алмазбек Атамбаев президенттик кызматын тапшыргандан кийин ага берилчү артыкчылыктардан тарта Өзбекстандан турист тартуу аракетине байланышкан макалаларды жарыялады.

«Фабула» гезити бүгүн «Ишти коррупционерлерден баштаңыз» деген жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу иретинде жазылган макаланы чыгарды. Анда Жээнбековдун шайлоо маалында дебатта «Президент болсом биринчи ишимди 35 коррупционерлерден баштайм» деген сөзүн мисал келтирилген. Ошондой эле Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин «Экспонатты сактай албаган мамлекет-мажүрөө» деген маегин басып чыгарды.

Гезиттин 2-бетине Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин ээ болчу артыкчылыктар тууралуу жазылган. Ага ылайык Атамбаев кызматтан кеткен соң мыйзам экс-президентке кол тийбестик укугун берет. Бул Атамбаев бийлигин тапшыргандан кийин аны кылмыш жообуна жана жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт деген сөз. Андан сырткары ал Кыргызстандын аймагында мамлекет тарабынан коргоого алынат. Өзү жана жубайы менен жашы жете элек балдары бекер медициналык кызматтан колдоно алат.

Каржылык жактан эгер экс-президент пенсия курагында болсо пенсиясынын көлөмү ал алган айлыгынын 75 пайызын түзөт. Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдагы декларациясын карай турган болсок анын маянасы 103 миң сомду түзгөн. Демек Атамбаевдин бир айлык пенсиясынын көлөмү 77 миң сомду түзөт. Буга кошумча экс-президент өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттик дачалардын бирин колдоно алат. Аэропорт, темир жол бекеттеринде атайын расмий адамдар өтүүчү VIP залдарды, Кыргызстандын чегинде байланыштын бардык түрүнөн бекер пайдалана алат.

Ушул эле гезит Улуттук банк бир аптанын ичинде 32 млн доллар сатканын чыгарды. Маалымат боюнча өлкөнүн негизги банкы 16-ноябрда 450 миң доллар сатыкка чыгарган. Бул ноябрь айындагы алтынчы интервенция болуп эсептелет. Улуттук банктын курсу боюнча учурда 1 АКШ доллары 69 сом 75 тыйынга бааланууда. 2015-жылдын ноябрь айында доллар эң жогорку чекке жетип, бир доллар 75 сомго чейин чыкканы айтылат.

«Кыргыз Туусу» басылмасы «Мамлекеттердин алакасы да, лидерлердин алакасы да жакшы» деген Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы, «Айтматовго кайдыгерлик жасоого болбойт» деген Талас облусунда кароосуз калган Айтматовдун айкели жана башты алмаштыруу боюнча Кытайда жасалган операция тууралуу жазды.

Андан ары Бишкек шаарында кургак учукту дарылаган 120 орундуу жаңы оорукана салынаары тууралуу кабар чыкты. Курулуш иштерине эл аралык каржылык уюмдар көмөктөшүп 8,5 млн евро бөлгөнү айтылат. Оорукана Кыргызстандагы эл аралык стандарттарга жооп берген биринчи оорукана болот дейт автор.

Кыргызстан кышында Өзбекстандан турист тартуу аракетин көрүп жатканы дагы айтылат. Маалымат боюнча Өзбекстандан Кыргызстанга түз чартердик аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан экен. Эгер бул Ташкент үчүн дагы пайдалуу болсо анда каттам ачылаары кабарланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *