Шашылыш кабар:

Бишкек шаарындагы №87 мектепте Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү белгиленди

Ноябрь 20, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
75

Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата Бишкек шаарындагы Келечек жаңы конушунун №87 мектебинде #KidsOverTake глобалдык акциясы өттү. Окуучулар мектепте бир күн жетекчилик кылышып, бий флешмобун даярдашты. Иш-чара Кыргызстандагы окуучулар дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө жашаган балдарга кошулуп, укуктары корголбой келе жаткан миллиондогон курдаштарына колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган. Анын алкагында Балдардын укуктары боюнча ачык сабак өткөрүлдү.

№87 орто мектептин  директору Жаңыл Исанова балдар ар бир күнү мектепке майрамга келип кеткендей болуш керектигин белгиледи.

-Ар бир класста ачык сабактар өткөрүлдү. Мектепте иштеген мугалимдердин баары балдардын укугун коргоого кызыктар. Балдар үчүн бир гана балдар күнү эмес, ар бир күн майрам болушу зарыл. Окуучулар мектепке көңүлдүү келип кетиши ар бир мугалимдин оюу жана милдети.

Иш-чаранын жүрүшүндө майыптуулугу бар балдардын укуктарын коргоо, алардын билим алуу, медициналык жана социалдык кызматтарды пайдалануудагы жеткиликтүүлүгү канчалык маанилүү экенин туюнткан “боорукердик сабагы” өттү. Сабакка катышкан  8-класстын окуучусу Айнази Мадираимова аталган сабактан үйрөнгөн билимин биз менен бөлүштү.

-Биз бул сабактан майып адам айлана чөйрөсүндөгүлөр менен бирдей жашоого укуктуу экенин үйрөндүк. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кемчиликтерин баса белгилебеш керек экен. Андан сырткары, майыптар физикалык жактан айрым кыймыл-аракетти же жумуштарды аткара албаса, шылдыңдап күлбөшүбүз зарыл. Себеби, толук акыл эстүү адам жасай албаган нерселер да көп. 

Бүткүл дүйнөлүк Балдар күнүнүн алдында ЮНИСЕФтин иликтөөлөрүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча ар бир он экинчи бала ата-энесине салыштырмалуу келечеги начар өлкөдө жашайт. Маалыматка ылайык, 385 млн бала жакырчылыкта жашаса, 264 млн жаштар мектепке барышпайт. БУУнун балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо акыркы 10 жылда жетишилген прогресске карабастан, өткөн жылы беш жашка чейинки 5 млн 600 миң бала алдын алууга болгон оорулардан улам көз жумганын белгиледи. Мокуо, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын саны 2 миллиондон ашуун экенине токтолуп, бул калктын басымдуу бөлүгүн түзгөндүктөн, балдарга көбүрөөк инвестиция кылууга чакырды.

-Бүткүл дүйнөлүк балдар майрамын белгилеп жатып, алардын укуктарына көп көңүл бурсак. Айрым өлкөлөрдө жаш муундар жашоо деңгээлин жакшыртууда чоң прогрессти көрүп жаткан чакта, көпчүлүк балдар бул жетишкендиктердин түшүмүн колдоно албай жатканын унутпашыбыз зарыл.  ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, дүйнөдө 180 млн бала мектепке барбай, зордук-зомбулуктан өмүрү менен кош айтышуу тобокелдиги жогору болгон өлкөдө жашашат. Кыргызстанда да магранттардын балдарына жетиштүү көңүл бурулбайт. Мындай көйгөйлөрдү бирге чечсек, алдыда мындан да көп жетишкендиктер болот. Окуучуларга канчалык көп инвестиция кылсак, Кыргызстандын келечеги ошончолук жарык болот.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо максатында мурда балдар үчүн  гана программа иштелип чыкса, азыр ата-энелер жана мугалимдерге да даярдалууда. Бул боюнча Билим берүү жана илим министринин башкы адиси Гулшан Абдылбаева билдирди.

-Ички жана тышкы миграциядан улам көпчүлүк балдар түрдүү зордук-зомбулуктарга кабылып жатат. Ошондуктан, мурда балдардын укугун коргоодо жалаң балдар үчүн программаларды иштеп чыксак, эми, класс жетекчилерге, ата-энелерге да даярдап жатабыз. Ата-энелердин балдарды туура тарбиялоосун кароо мугалимдердин милдетинде каралган. 

Эске салсак, БУУнун Балдар фонду дүйнөдөгү балдарга жардам берүү үчүн 190 дон ашуун өлкөдө иш  алып барып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *