Шашылыш кабар:

Окуучулардын ден соолугу коркунучта

Ноябрь 20, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
64

Билим берүү мекемелеринде коопсуз, толеранттуу жана көп маданияттуу билим берүү чөйрө түзүү зарылдыгын жана бардык жарандарга билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү системасын эске алып, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына  ылайык, Кыргызстанда мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү долбоору иштелип чыккан. Анын негизинде өлкө боюнча бул долбоорго 12 мектеп пилоттук түрдө кошулган. Аталган долбоор 2013-2017-жылдары Өкмөттүн туруктуу өнүктүүрүү программасына да кирген.

Кыргызстанда мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү долбоорунун саясат боюнча координатору Анна Кириленконын айтымында, Борбор Азия боюнча мектептеги абалдарга байланыштуу ооруган балдардын саны көбөйгөн. Мисал катары көзүнүн көрүүсү начарлап, омуртка тутумуна доо кеткен учурлар көп кездешет.  Окуучулар биздин келечегибиз деген координаттор алардын ден соолугуна бүгүн кам көрбөсөк, кийин кеч болуп калаарын баса белгиледи.

-Мектептерди кыдырып жүрүп коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүдө айрым окуу жайлар менен Билим берүү министрлиги же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш алып бараарын билдик. Кээ бир  мектептер такыр эч ким менен байланышпайт экен. Мындай көйгөйлөргө дуушар болгон соң ченемдик укуктук актыларды жана мамлекеттик органдардан аларга ким жооптуу экенин иликтедик.  Окуучулардын тамак ашы, гигиеналык копсуздук жана башка тармактарда көп көйгөйлөр аныкталды. Аларды өзгөртүш үчүн биртоп орган чогуу иш алып барыш керек.

Долбоордун алкагында коопсуздук маселелери боюнча баардык мектептерге тиешелүү стандарттар аныкталып чыккан. Окуучулардын транспорт маселесин чечүү да каралган.

Жогоруда аты аталган долбоордун Коомдук кеңешинин координатору Альфия Насырова аталган поект 3 негизде иш алып барып жатканын айтып, окуучулардын психологиялык, физикалык жана экологиялык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулаарын билдирди.

-Долбоордун негизги ишмердиги Кыргызстандын мектептеринде коопсуз билим берүү чөйрөсү үчүн улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу;  улуттук, жергиликтүү жана институттук денгээлдеги кызыгуу менен каржылык колдоо, коопсуз окуу чөйрөсүн башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана механикалаштыруу; мыкты тажрыйбаларды жайылтууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу. Ошондой эле, окуучунун психологиялык бул-дискриминациянын алдын алуу, физикалык бул-имараттын коопсуздугу, ал эми экологиялык коопсуздук бул-таза аба, туура тамактануу, бөлмөлөрдү жарыктантуу, температура маселелерин карайт.

Аталган долбоордун менеджери Биргит Ветцель  билимдүү жаштар канчалык көп болсо, өлкөгө келген инвестициянын көлөмү артаарын белгилейт. Ал инвестиция көп келиши менен мамлекет өнүгүп, натыйжада сапаттуу билим алууга шарт түзүлөөрүнө токтолуп, инвестиция менен билим эриш-аркак экенин айтты. Биргиттин пикиринде, көп окуучу билим алууга кызыгышы үчүн билим берүү системасына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы туулат.

-Статистика боюнча карасак, көпчүлүк окуучулар 9-кластан кийин окууну улантышпайт экен. Ага окуу жайларда санитардык тазалыктын сакталбаганы башкы себеп. Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринде кышкысын суук, жайкысын ысык болуп, температура көзөмөлдөнбөгөн мектептер да бар. Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен аталган көйгөйлөрдү чечүү Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк.  Окуучулардын акча тапканы чет өлкөгө кетет экени  алардын туруктуу  келчеги үчүн терс таасирин берет. Билимдүү кадр канчалык көп болсо, инвестиция ошончолук жогорулайт. Инвестиция канчалык көп болсо, билимдүү жаштардын өз өлкөсүндө калуу ыктымалдуулугу жогору. Демек, билим менен инвестиция бири-биринен көз каранды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда мектеп билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү долбоору Евробиримдик тарабынан каржыланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *