Шашылыш кабар:

Темиралиев: Доллардын курсу экспортту көбөйтүү менен гана кармалат

Ноябрь 17, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
89

Улуттук банк 16-ноябрга карата интервенция жасап, 450миң доллар сатты. Бул тууралуу банк башкармалыгынан кабарлашты. Жалпысынан ушул аптада эле 9 миллион 650 миң доллар сатылса, ноябрь айында 32,2млн доллар сатылды. Ошону менен АКШ валютасынын наркы 10 тыйынга гана ылдыйлады. Анткен менен жыл аягына чейин 1 доллар 75 сомго чейин көтөрүлөөрү айтылууда. Кайсы негизги жагдайлар доллардын кымбатташына алып келип жатат? Бул тууралуу Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеӊешинин катчысы Умбриель Темиралиев «Күн чекит» программасында маек курду.

-Доллардын наркы жаңы жылга чейин 75 сомго жетээри айтылууда. Бүгүнкү күнү доллар кайсы жагдайлардан улам кымбаттап жатат?

Доллардын наркы 75 же 65ке түшөбү муну айтуу өтө кыйын. Анткени келечекти алдын ала эч ким билбейт. Доллардын көтөрүлүп жатканын эки себеби бар. Биринчиси туруктуу, экинчиси убактылуу. Туруктуу себеби биздин соода балансыбыз эң туура эмес. Бүгүнкү күнү Кыргызстанга доллар өтө аз кирип, тескерсинче көбү сыртка чыгып кетип жатат. Доллар өлкөгө негизги үч жол менен кирүүдө. Эң эле туруктуусу бул чет өлкөдөгү мигранттардын акча которуулары. Ал эми экспорттон өтө аз. Бирок карыздар менен басымдуу бөлүгү кайра эле чыгып жатат. Бул мезгилге дагы көз каранды. Жайкысын сырттан доллор көп кирет. Жазында АКШ акчасына суроо талап өсөт.  Күзүндө дыйкандар түшүм жыйнап базарда сом көбөет. Мындан  валюта рыногуна туруктуулук кириши керек болчу. Бирок Казакстан менен болгон жагдайлардан улам кирбей жатат. Мунун экономикага түздөн түз таасири болгон жок. Бирок албетте ишкерлерибиздин чыгымдарын эске албаганда.  Мындай кырдаалды ишкерлерибиз Казакстан менен чек ара ачылбай калат деп дүрбөлөнгө түшүп, күтүүлөрү өзгөрүп жатат. Ошондуктан экономиканын себептерине эмес, элдин психологиясына  байланыштуу сом менен соода кылгандар акчаларын долларга которо баштады.  Менин оюмча доллар мындан ары өсөт. 3-5  жылды алдыга карай турган болсок, дайыма өсүп турат. Бирок улуттук банк валюта рыногун турукташтырып жаткандыктан кескин секирүүлөр болбойт.

Улуттук банк ноябрь айында эле беш жолу жалпы 32,2млн долларды сатыкка чыгарды . Бул валюта рыногундагы абалды жөндөй албыды?

Албетте бул чыңалууну алып жатат.Бирок эл үйүндөгү акчасын долларга айлантууну улантса, улуттук банкка бара-бара кыйындайт. Бирок жаңы президенттин иннагурациясы болгондон кийин. Казакстандын президенти менен сүйлөшүүлөр жүрсө, абал кайра эле мурунку калыбына түшөт.  Бирок 2018-2020-жылдары бул көрсөткүчтөн доллар эч качан ылдый болбойт.  

-Буга чейин өкмөт доллардан баш тартуу демилгесин көтөргөн. Бул жаатта бир катар  иштер жасалган. Өзгөчө кыймылсыз мүлктөрдү сатууда бааны сом коюу талабы кирген. Доллардан каптип баш тартууга болот?

Азыр 1-2 айда доллардан баш тартууга эч кандай механизм жок. Элди дагы доллардан толук баш тарткыла деп айта албайбыз. Себеби биз базар экономикасында жашайбыз. Ошондуктан  бул маселеде бир эле туруктуу шарты бар. Ал экспортту көтөрүү. Экспортту качан көтөрүү менен доллар чыкпай тескерсинче көбүрөөк киргенде гана доллардын баасы токтойт. Бүгүнкү күнү экспорттун көлөмү 1 млрд доллардан ашпай келет. Өкмөт экспортту илгерилетүү боюнча  эң оптималдуу чараларды бүгүн баштаган күндө дагы анын жемиштери 2 же 3 жыолан кийин гана бере  алат.

-Маегиңизге рахмат!

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *