Шашылыш кабар:

17-ноябрь: Алакандай ымыркайларга кайдыгер карабаган ыктыярчылар

Ноябрь 17, 2017 | жарыялаган Диналиана Джунушева
152

Бүгүн, 17-ноябрь мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдардын күнү. 

Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын саны соңку жылдары азайган жок. Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөдө жарыкка мөөнөтүнөн эрте келген ымыркайлардын саны 6-8 пайызды, ал эми Кыргызстанда 4,8 пайызды түзөт. Кош бойлуулуктун 22-аптасынан кийин төрөлгөн балдардын 50 пайызы гана жашап кетет.

Адистердин айтуусунда, мындай балдардын салмагы канчалык көбүрөөк болсо, алардын адам болуп кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Өтө аз салмакта көз жарган муштумдай ымыркайлардын көбү бир жашка чыкпай чарчап калууда.

Саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйлөрүн заманбап жабдыктар менен камсыздоо аракетин көрүү менен алек. Себеби, атайын аппараттар ара төрөлгөн балдардын жашап кетишин шарттай алат. Бирок, ошол эле тапта мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн ымыркайлардын жашап кетүүсүнө өз жардамын сунуштап, ушул кезге чейин жүздөгөн бөбөктүн эрте торолуп кетүүсүнө себепчи болгон “28 илмек” деп аталган клуб бар.

“28 илмек” клубу Кыргызстанда өз ишин мындан туура бир жыл мурун баштаган. Аталган Эл аралык социалдык кайрымдуулук долбоорунун Бишкек шаарындагы координатору Гузель Керимкулованын айтымында, алардын кайрымдуулук кыймылы эң алгач Казакстанда 2012-жылы ачылган. Учурда клубдун туруктуу кыркка жакын мүчөсү бар.

Ара төрөлгөн ымыркай абдан алсыз болот, алар атайын кувезде багылат. “28 илмек” клубунун ыктыярчылары бул ымыркайлардын эртерээк торолуп кетиши үчүн накта жүндөн токулган кийимдерди белек кылышат. Анткени накта жүндөн токулган кийимдер ара төрөлгөн ымыркайларды жылуу кармап, аларды катуу уйкуга түшүрбөйт. Жүн булалары наристенин бутуна тийип, тамандагы рефлектордук зоналарга табигый массаж жасалат.

«Эмне үчүн уюм “28 илмек” деп аталат? Анткени, жаңы төрөлгөн ымыркайдын бутуна жүн байпак түйүү үчүн так ушул 28 илмек керектелет.»

“28 илмек” клубу ара төрөлгөн ымыркайларга жардам берип келген өлкөдөгү жалгыз уюм болуп эсептелет. Алар бир жыл ичинде 600дөн ашуун ымыркайга кийим токуп беришкен.

Кош бойлуулуктун 22-аптасынан кийин төрөлгөн балдардын салмагы 500 граммдан 2 килограмм 500 граммга чейин болот. Бою – 37 сантиметрден 49 сантиметрге чейин деп саналат. Гузель Керимкулова Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен калкынын саны менен эсептегенде ара төрөлгөн ымыркайлар  боюнча Кыргызстан алдыңкы орундарда турганын айтат.

Балдардын мөөнөтүнөн мурда төрөлүшүнө негизинен түрдүү себептер айтылып келет. Маселен, мындай көрүнүшкө эненин ден соолугунун начарлашы, экологиянын кирдеши, тамеки чегүү менен ичимдик ичүү жана башка.

Мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн балдар коомдо 9-10 пайызды түзөт. Көп учурда ара төрөлгөн балдар өтө акылдуу чыга келишет. Мисалы, химия илимдеринин атасы аталган Менделеев 900 грамм төрөлгөн деп айтылат. Дүйнөнү дүңгүрөткөн физик Эйнштейн да ара төрөлгөндөрдүн катарына кирет.

Ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү Жаңы төрөлгөн бейтаптарга кам көрүү боюнча Европа фондунун демилгеси менен 2009-жылдын 17-ноябрынан бери белгиленип келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *