Шашылыш кабар:

Айына жетпей төрөлүп, «калпакта» чоңойгон балдар тың чыгат

Ноябрь 17, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
219

17-ноябрь — ара төрөлгөн балдардын күнү. Маалыматка ылайык, жылдан жылга айына жетпей эрте төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө. Буга адистер эненин саламаттыгы түздөн-түз таасир этет дешет. Ага кошумча акыркы мезгилде жасалма жол менен кош бойлуу болгон энелер айына жетпей, аз салмакта көз жарууда. Бирок ага карабай аларга туура камкордук, жылуулук жана мээрим болсо, жашап кетүүсүнө чоң таасир этет. Тарых көрсөткөндөй алардан Ленардо Да Винчи, Альберт Энштейн сыяктуу белгилүүлөр чыгары бышык.


Айына жетпей төрөлгөн балдардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги айтат. Маалыматка ылайык, бул энелердин саламаттыгына байланыштуу. Айына жетпей төрөлгөн балдардын көпчүлүгү органдары толук калыптанбагандыктан чарчап калса, айрымдар эне мээрими, дарыгердин жардамы менен жашап кетишет. Мындай оор түйшүктү 9 жаштагы Чыңгыздын апасы Гүлзат дагы өткөргөн. Чыңгыз жарык дүйнөгө 900грамм салмагы менен төрөлгөн. Анда апасы үчүн Чыңгыз кадимки баладай көрүнсө, азыр ал күндөрүн эстеп, өзүнө таң калат. Баласын алаканына салып жуунтканын эстеп сезимдери менен бөлүштү.

-Ал кезде энелик сезим менен балам өтө кичинекей экенин сезчү эмес экенмин. Баламды алаканыма салып алып жуунтар элем. Азыр эсетсем, коркуп кетем, өзүмө да таң калам. Бирок ага карабай үмүт кылып баламды болгон күчүм менен чоңойттум. Уулум азыр 9 жашта. Мектепте жакшы окуйт. Мен сыймыктанам. 

Ал эми 3 эмдин энеси Жылдыз үчүн ара төрөлгөн кыздарын багуу оңой болгон эмес. Ага жолдошу, кайын энеси каралашкан. Бирок бирөө эмес, 3 бала менен учурунда кыйын болсо да азыр кыздарынын чуркап жүргөнүн көрүп баарын унутат.

лбетте, ал күндөрдү сөз менен айтуу кыйын. Алар кичинекей болчу. Жолдошум каралашты. Медиицинанын, ата-эненин мээрими менен кыздарым торолду.

Медицинада 37 жумадан эрте төрөлгөн балдарды ара төрөлгөн балдардын катарына киргизет. Алар аз салмакта  төрөлүп өзгөчө жылуулук, мээрим, камкордукту талап кылат. Салмагы 500-2500граммды түзөт. Андыктан алардын нормалдуу салмакты алып, жашап кетүүсүндө дарыгерлер менен катар, ата-энелердин эмгеги зор. Өзгөчө токулган кийимдер аларды жылуу кармоого жардам берет. Мурда да дал ушундай ыкмалар колдонулган. Маселен, ара төрөлгөн балдарды чоң апалар калпакка салып багышчу, дейт Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун ара төрөлгөн балдардын бөлүм башчысы Сагын Абдувалиева.

-Ал балдарга жылуулук керек. өзгөчө колго токулган кийимдерди кийгизүү сунушталат. Анткени анын жылуугу менен кошо, адам аны токуп жатканда жакшы сезимдерин кошо берет. Ошондуктан бул энергия баланын торолуусунда жакшы таасир берет. Мурда апаларыбыз ара төрөлгөн баланы калпакка салып же койдун терисине жылуу кылып бакчу эмес беле, ошондой эле ыкмалар азыр башка нерселер менен колдонулуп келет.

Балдардын ара төрөлүүсү жылдан жылга көбөйүп жатканын Сагын Абдувалиева кошумчалайт. Буга көпчүлүк учурда энелердин саламаттыгы менен, энелердин жасалма жол менен кош бойлуу болуусу себеп. Ага карабай балага өз убагында медициналык жардам менен, эненин мээрими берилип турса, анын бул жашоого болгон күрөшүн байкоого болот дешет дарыгерлер. Тарыхта да аз салмак менен төрөлүп, бирок тың чыккан белгилүлөр бул балдардан эл азаматтары чыгарын көрсөтүп турат дейт Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев.

Мен ара төрөлгөн балдардын бөлүмүнө киргенде биринчи эле буттарын карайм. Аябай кичинейкей, назик, куурчактын бутундай(күлүп). Аябай сүйкүмдүү балдар. Кулактары башына жабышып, көзү кичинекей. Буларга жылуу сезим керек. Анткени алар эрте төрөлөрүн өздөру сезбей калды да. Дагы энеси менен болушу керек болчу. Ошондуктан, бул балдар чоңойсо чыгаан кишилер болуп чыгышат. муну тарых адилдеген.

17-ноябрда дүйнө жүзүндө ара төрөлгөн балдардын күнү белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ара төрөлгөн балдардын көрсөткүчү 5-6% болсо, Кыргызстанда 8-8,5% түзөт.

Кошумчалай кетсек, дүйнөгө аты таанымал белгилүүлөр арасында да ара төрөлгөндөр жок эмес. Маселен, Ленардо Да Винчи, Наполеон Бонапарт 900 грамм салмагында төрөлгөн. Ошондой эле, Исаак Ньютон, Альберт Энштейн дагы ара төрөлгөн генийлердин катарын толукташат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *