Шашылыш кабар:

Ара жолдо калган «Ачык асман» долбоору

Ноябрь 17, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
74

Кезектеги «Экомайдан» программасынын алкагында  бүгүн биз өлкөбүздө 2012- жылдан бери  талкууланып келе жаткан  Ачык асман долбоору тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Маектин коногу «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы  Жолдошбек Бектурганов  «Эксперт» аналитикалык борборунун  директору  Улук Кыдырбаев жана жарандык авиация агенттигинин  жетекчиси  Курманбек Акышев  менен маектешебиз.

Негизги суроолорду берээрдин алдында  жогоруда белгиленгендей эле абдан көп жылдардан бери «Ачык асман» долбоору деп эле айтып келебиз. Кыргызстан башка өлкөлөргө, окен жана деңиздерге жолубуз жок. Дагы бир перспективдүү багыт бул  жүк ташуу авиа тармагында жүргүнчүлөрдү ташуу дагы айтылып келе жатат.

Марал:  «Ачык асман» долбоору эмне болгон долбоор кыскача токтоло кетсеңиз?

Ж.Б: Саламатсыздарбы? Бул «Ачык асман» саясаты көп өлкөлөрдө бар. Кээ бир өлкөлөрдө мисалы: Араб өлкөлөрүндө  нефть табылганда батыш өлкөлөрүнөн келип нефтти казып баштаганда авиация маселеси көтөрүлгөн. Ошол мезгилде батыш өлкөлөрүнөн келген эксперттер арабдарга «Ачык асман» саясатын киргизген. Азыркы күндө Араб Эмиратынын  жеке 5 авиакомпаниясы бар.

90-жылдары жалпы эле авиация кризис абалга келген.  ССР кулагандан кийинки самолеттор Араб өлкөлөрүнө кеткен. Бүгүнкү күндө арабдарда деле «Ачык асман» саясаты деген менен аталган саясат аларда деле иштебейт. Ал эми биздин өлкөдө авиация өнүкпөй жаткандыгы болсо, албетте  эгер биздин авиация жок болсо, ошол «Ачык асман» саясатын киргизип койсок болмок. Башкалар  биздин өлкөгө учмак. Европа союзунун ичинде келишимдин негизинде «Ачык асман» саясаты киргизилген. Анын курамындагы ар бир өлкө бир — бирине уча беришет.  Кыска аралыкка 1 саат 2 саат жана 3 саат аралыкка  учушат. Орундуктар дагы тыгыз жайгашкан жана тамак берилбейт. Кээ бир аэропорттордо  аэровокзалдарды дагы пайдаланышпайт анын ордуна алачыктарды эле тигип коюшкан.  Көзөмөлдөр дагы алачыктын ичинде жүргүзүлөт, ошондуктан арзан билеттер  менен Европа ичинде каттам  жүргүзө беришет.

Марал: Бизге да ошол шарттарды кантип алып келсек болот ?

Ж.Б: -Анда мамлекет  же бир  авиакомпанияны, чет өлкөлүк инвесторлорду тартыш керек. Жаныбыздагы 3 сааттык 4 сааттык  коңшу өлкөлөргө  учууларга ошол компанияларды пайдалансак болот. Бирок, бул шартка ылайык биздин мыйзамдарды түздөп алышыбыз керек. Анткени биздин учуу кодексинде  «Ачык асман» деген түшүнүк жок. Азыркы күндө аны кантап киргизебиз?  Парламентке маселени коюп, принцип, эрежелерин талдап ,жолдорун ачып алышыбыз керек.   Бирок, бизде жергиликтүү  авиакомпаниялар эч кимди киргизбейт, өздөрү эле басып алган деп. Ошол эле «Pegasus Airlines» авиакомпаниясы кирип  учууга болгон баалар арзандай деди эле. А бирок, тилекке карша ал деле арзандаган жок да. Андыктан авиацияны өнүтүрүү үчүн калыптанган жүргүнчүлөрдүн  агымы керек. Чет элдик авиакомпаниялар  айына 100миң жүргүнчү болсо Кыргызстан аркылуу туш тарапка учууга даярбыз деген талаптарды коюшат. Ал эми бизде андай жүргүнчүлөрдүн агымы жок да…

Мейли, ага карабай ачкан күнү деле бизге ошол эле «Аэрофлот» авиакомпаниясы келет. Алардын принцибин карап көрсөк учуу бааларын убактылуу түшүрүп койсо дагы, биздин жергиликтүү  авиакомпаниялар  банкрот болот же башка жакка кетип да калышат. Мисалы: Африкага самолетун алып барып коюп иштей беришет. Бул жерден Кыргызстан гана  зыян тартат. Баардык атаандаштары кеткенден кийин  Аэрофлот кайра өтө кымбат баада билет сата баштайт.

Марал: Ушул «Ачык асман» долбоорунун ар кандай моделдери бар экенине ынандык.  Курманбек мырза, жарандык авиацияда кандай жетишкендиктер болду?  Бүгүнкү күндөгү жарадык авациянын абалы кандай?

К. А: -Ачык асман принцибинде оң жагы бар бирок, терс жактары  көбүрөөк дегим келет.  Жакында эле арменияга бпарып келдим, ал жердеги авияция 2013- жылы «Ачык асман»программасын кабылдашкан. 2жылдын ичинде Армениянын  өздүк авиациясы  толугу менен жок болду. Алардын айтымында 1 эле аэропорт иштеп жатат. Болгондо дагы алар Орусиянын учактары. Билеттери 3 эсеге кымбаттаган.  Ал эми биздин өлкөгө пайда алып келе турган долбоор болуш үчүн  өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.  Аба эркиндигинин 9 баскычы бар, Кыргызстан  9 баскычтын 5- баскычы менен иш алып барат. Мамлекеттик бардык министрликтер менен келишимге келип азыр Премьер-министрге  кол коюуга сунушталды.

Марал: Аталган долбоордун маанисине кененирээк токтоло кетсеңиз?

К.А: -Абанын 5- баскычтагы эркиндиги менен бир тараптан жарыя кылгандан кийин ар бир мамлекеттин авиакомпаниялары бизге өздөрү каалаган убакта каалаган маршрутта биздин өлкө аркылуу башка да мамлекеттерге  кайра эле ошол маршрут менен өздөрүнүн аэропортуна келип коно тургандай болот. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эркин ташый турган укугу болот.

Марал: Биздин өлкөгө сиз айткан  шарттар түзүлгөн болсо кандай пайда алып келет?

К.А:- Бизге азыр кара тизменин негизинде  Европага учушка уруксаатыбыз жок да. Андыктан, башка авиакомпаниялар аркылуу Европага жол ачылат. Жакынкы батыш-чыгыш  өлкөлөрүнө  жаңы маршруттар ачылат.

Марал:  5- тепкичтеги эркиндикти кабыл алганда жогоруда сиз атап айткан коркунучтар канчалык деңгээлд еболот жана  кооптонуу жоголобу?

К.А: — Албетте, кооптонуулар эске алынууда. «Аэрофлот» авиакомпаниясы кубаттуу компания болгондугуна бйланыштуу биздин жергиликтүү авиакомпаниялардын маршруттарын алып коюусу мүмкүн. Анткени, эркиндикти берип койгондон кийин Москва Новосибирск  тараптарга күнүнө «Манас» аэропортунан эле 6,7 рейс учат. «Аэрофлот» 3,4 рейсти алып баасын азайтып койсо эле. Калган компаниялар атаандаштыктан улам уча албай калат. Ал эми 5- баскычта учканда башка өлкөгө да барып келип учууга туура келет. Биз ошол үчүн уруксаат берип жатабыз.

Марал: Улук мырза бизнес коомчулук, өкмөт жана жарандардын арасында бир топ талкуу жаратып  6 жылдан бери эч кандай жыйынтык көрсөткөн жок . Элементардуу түрдө мыйзамы эмне себептен кабыл алынуусуна тоскоолдуктар бар болуп жатат?

У. К:  –Менин жеке көз карашым боюнча эгерде чындыгында Кыргызстан ошол 5- тепкичтеги аба эркиндиги келе турган болсо буга саясий чечим керек болот. Ошол эле убакта жергиликтүү компаниялардын жинине тийип аларга кысым же коркунуч жакындагандай кабылдашат. Бул маселе боюнча коомго, ишкерлерге түшүнуктүү түрдө кеңири  маалымат берилиши керек. Башында «Ачык асман» деп жүрөбүз бул туура эмес термин. Бул аскерлерге тиешелүү сөз. Эң негизги ой туристтердин баары чет жакка чыгуу үчүн Алмата аркылуу чыгып жатышат.  Компаниялардын көйгөйү  Алматада  авиабилеттер төмөнкү баада болуп жатат. Демек, атаандаштыкка ээ болбогондук дегенди билдирип жатат. Келгиле!  Өкмөт менен биргеликте Кыргызстанда сатылган билеттердин баасы Алмата же Ташкент менен салыштырганда  эң төмөн болуп 10,20 жакынкы мамлекеттерге аарзан баада сатылсын деген жыйынтыкка жетишибиз керек. Ал 5-6-7 тепкич болобу айырмасы кайсыл, эгер билеттер арзандабаса? Эгерде бизде авиабилеттер арзан болсо тескерисинче Алматадан жарандар келип учуп кеткичекти Кыргызстанда тамак аш ичет, такси кызматын пайдаланышат а балким эрте келип мейманканада конушат. Мунун баар каражат. Акча. Демек экономикага да салым кошула баштайт.

Марал: Кыргызстан канчалык деңгээлде атаандаштыкка туруктуу? Жолдошбек мырза сиз жооп берсеңиз.

Ж.Б:- Авиакомпаниялар ортосунда мындай саясат бар. Мисалы: бизге «Pegasus Airlines» авиакомпаниясы кеиши менен атаандаштыктын негизинде жергиликүү компаниялар учпай калды. Ал табигый көрүнүш. Ал жакка учпай калсак, башка жакка деле учабыз. Атаандаштыктан коркпош керек. Жайында жүргүнчүлөрдүн саны көбөйүп кеткендиктен билет да кымбаттайт. Кышында Бишкек-Москва багытында баалар 100 долларга чейин түшүп жатпайбы. Алматыдан да арзан баага түшүп жатпайбы.

К.А: Стамбул-Бишкек-Улан Батор багытынын каттамы келишим менен бир тараптуу каттамды ачкандан кийин  каалаган убагында каалагандай билет бааларын коюшат. Чектөө жок болот. Ошол эле жүк ташуучу  самолеттер айына  канча жолу биздин өлкөгө кирип чыканы келишимдин негизинде жүрөт. Ал эми жаңы долбоордун негизинде баардык өлкө биз тарапка билдирүү берип коюп эле каалагандай учса болот.

Марал: Кабатаж маселесине дагы токтоло кетсеңиздер?

К.А: Кабатаж маселеси тууралуу «Аэрофлот» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп көрдүм . Аларга ичкикаттамдарды да аткарууга мүмкүнчүлүгүңөр барбы деп сурасам, алар таптакыр ички каттамдарга жакын жолобойбуз дешти. Алар үчүн экономикалык жактан пайдасы жок экен. Убагында «Flydubai» авиакомпаниясы Ошко учуп келип Оштон Бишкекке учуп кетчү эле. Аларга пайда болбогондуктан ал каттамдарды дароо эле жаап коюшкан. Негизги актуалдуу нерсе, биздин кээ бир аэропорттон эл аралык статуска ээ . «Ачык асман» саясатына мына ушул аймактык аэропортторду киргизиш керек.

Келип маек куруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык

Саламатта барыңыздар.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *