Шашылыш кабар:

Эсенкул Момункулов: Төрт багытта иш алып барам

Ноябрь 17, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
361

Кечээ 16-ноябрда Өкмөткө караштуу Инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлук кызматына Эсенкул Момункулов бекиди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Жаңы жетекчини өкмөт башчы коллективге тааныштырды. Кайрадан түзүлгөн агенттиктин негизги функциясы — инвестициялык долбоорлорду демилгелөөдөн тартып, аны ишке киргизүүгө чейин коштоп жүрүү эсептелет. Агенттикттитин макамынын жогорулатылышы өлкө рыногуна чет элдик инвестордун кирүү процессин жеңилдетип, инвестдолбоорлорду ишке ашырууда бюрократиялык тоскоолдуктарды өз учурунда четтетүүгө мүмкүндүк берет. Эми Момункулов ишин эмнеден баштайт?  Бул тууралуу «Күн чабыт» программасында айтып берди.

-Эсенкул мырза жаңы кызмат ордуңуз кут болсун!  Эми  агенттиктин ишин  негизги кайсы иштерден баштайсыз?

Премьер-министр Сапар Исаков бул агенттикке чоң үмүт байлаганы белгилүү болуп турат. Эми биз  бул ишенимди актоо үчүн негизги төрт багытты белгиледик. Биринчиси инвестиция тартуу, экспортту илгерилетүү, мамлекеттик жеке-өнөктөштүк механизмдерин жана Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактарды көтөрүү тармактарында иш алып барабыз. Мындан тышкары ишкерлерге тоскоолдук жараткан жагдайлар боюнча иш алып барууга бел байлап турабыз.

Мындан ары ишкерлерди ички жана тышкы инвестор деп бөлүнбөйт. Баардыгына бирдей шарт түзүлөт жана келген инвестицияны аягына чейин долбоор кылып чыгарып, элге жумушчу орундарын түзүп берүүгө кадамдар ташталат.

-Бул агенттиктин макамы, аты дагы 15-ноябрда өзгөртүлдү. Буга чейинки түзүлгөн агенттиктен эмнеси менен айырмаланып калды? Бул эмне бере алат?

Инвестицияны алдыга жылдыруу агенттиги буга чейин экономика министрлигинин алдында болуп келген. Мында башка министрликтер менен иштешүүдө  бир топ кыйынчылыктар болчу. Азыр түздөн түз премьер-министрге карап бюрократиялык тосколдуктар алынганга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ошондой эле өкмөт башчынын бул тармакты колдоп жана ишенгени инвесторлорго саясий сигнал болуп бере алат.  

-Кыргызстандын  кайсы тармактарга инвесторду  тартып келүүсүнө  мүмкүнчүлүгү көп?

Кыргызстанга инвесторду баардык тармагына тартса болот. Буга чейин биз тыштан бериле турчу карыздарга гана ишенип келгенбиз. Азыр мамлекеттик жеке-өнөктөштүк боюнча механизмдерин өркүндөтүү менен акчасын салам деген инвесторго шарт түзүп ушул тармакка өтүүбүз туура болот.

-Маегиңизге рахмат!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *