Шашылыш кабар:

Максим Бакиевдин сатылган коттедждери текшерилет

Ноябрь 17th, 2017 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Максим Бакиевдин сатылган коттедждери текшерилет
Гезит бетинде
0

Бүгүн, 17-ноябрда «Фабула», «Ачык саясат» жана «De-факто» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Максим Бакиевдин текейге сатылган 48 коттеджи, жаңы президенттин аппарат башчысы болчу адамдын ысымы, Дубайдын кызыктары менен төбөсү көрүнүп калган адамдардын студенттик күндөрү тууралуу жазып чыгышты.

«Фабула» гезити бүгүнкү санында «Министр Батыралиевдин ишмердиги текшерилет» деген Саламаттыкты сактоо министринин ишин иликтей турган депутаттык топ түзүлгөнүн, «Эки мэрге «даңк» деген Бишкек менен Ош шаарларынын калаа башчыларына берилген орден, «Прокуратура Карганбек Самаковго 19 жыл сурады деген» экс-депутаттын соттук ишине байланышкан кабарды жана мындан башка бир топ макалаларды басып чыгарды.

Гезит мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан хан сарайлардын сатылышы боюнча макаланы жарыялады. Анда премьер-министр Сапар Исаков башкы прокурор Индира Жолдубаевага Бакиевдин коттедждери кимге сатылганын иликтөөнү тапшырганы айтылат. Буга журналист Элнура Алканованын иликтөөсүндөгү Максим Бакиевдин 48 коттеджди жайгашкан «Идеал Хаус» деген аталыштагы турак жай комплексин «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башчысы Темир Рыскулов сатып алган деген маалыматы негиз болгон. Аталган комплекс 2010-жылдан кийинки төңкөрүштө мамлекеттин карамагына өткөн. Быйыл ал Мүлк фонду тарабынан 142 миллион сомго сатылган.

Ушул эле гезит чет жакта жүргөн мекендештердин быйыл Кыргызстанга которгон каражаттарынын суммасын жарыялады. Ага ылайык сыртта эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары өлкөгө 1 млрд 740 млн доллар которгон. Улуттук банктын маалыматында бул былтыркы жылдын ушул мезгилге карата келген каражаттардан 274,6 млн долларга көп. Кыргызстанга которулган акчанын 90 пайызы Орусиядан келет.

«Ачык саясат» басылмасы бүгүн «Бала бакчалар коопту болуп калганбы?» деген, «Таласта бош орун бар, ким барат?» деген, «Өчүңөрдү Бабановдон алгыла» деген дагы башка макалаларды жарыялады.

Гезиттин төртүнчү бетине жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун аппарат жетекчиси болуп Фарид Ниязов келээри күтүлүп жатканы жазылат. Ал эми учурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеп турган Алмаз Усенов КТРКга директор болуп барат дейт автор.

Андан сырткары «Сиз эңсеген Дубай тууралуу кызыктуу 20 факт» деген материал чыкты. Анда Дубай эң тез өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирээри жана дүйнөнүн көзүн күйдүргөн учурдагы шаар ордунда мындан 40 жыл мурун какыраган тегиз чөл гана болгону жазылат. Аталган шаар эң бай калаа экени, бюджетти киши башына бөлгөндө ар бирине 59 миң доллардан тийээри камтылган. Дубайда эркек бала төрөлсө 50 миң доллар сүйүнчү пул, ал эми үйлөнсө 19 миң доллар кээде үйү менен берет экен. Жол эрежесин бузган айдоочу 800 доллар айыпка жыгылса, эң ири байге коюлган оюну төө жарыштырмай болсо аны роботтор чабат. Өлкөдө ар бир жаран үчүн жылына 38 грамм алтын берилсе, калкынын көбү иштебейт ошондуктан 80 пайызын мигранттар түзөт. Мындан башка дагы бир топ фактылар камтылган биз билбеген дагы толкон токой кызыктар бар чыгар.

«De-факто» гезити депутат Асылбек уулу Дамирбектин «Бизге сапаттуу жол керек» деген, эл өкүлү Абдывахап Нурбаевдин «Кыргызстан бир мамлекетке көз каранды болбошу керек» деген, дагы бир парламентарий Кожобек Рыспаевдин «Министрлерге душмандыгым деле жок» деген маектерин чыгарды.

Гезит бүгүн, 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата ар кыл тармактын өкүлдөрүнөн студенттик учурундагы жатаканада өткөн күндөрү  тууралуу сурап көргөн. Депутат Талант Мамытов 1993-жылы Жогорку окуу жайга тапшырып 1995-жылдары жатаканада жашаганы боюнча айтып берген. Мамытов жатаканада бир гана маселе тамак-аштын тартыштыгы болчу десе, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев Жусуп Баласагын атындагы университеттин №5 жатаканасында жашаганын, ал учурда азыркы төбөсү көрүнүп калган адамдардан депутат Чыныбай Турсунбеков, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, журналист Бүбүкан Досалиевалар дагы жатаканада күн кечирүшчү дейт. Досалиева жатакандан сүрсүгөн эт бышканда алдырып жиберип ызалангам деп, жатканадагы күндөрүн эстесе, эл өкүлү Тазабек Икрамов өзүнчө эле «танцор диско» болуп жүрчүбүз деген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache