Шашылыш кабар:

Чек ара көйгөйү: Сөзсүз үмүт болушу керек

Ноябрь 16, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
72

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаалдан улам кыргыз-казак мамилеси күндөн-күнгө курчуп баратат. Президент Алмазбек Атамбаев 15-ноябрда чек арадагы абалды блокада деп дагы атаган эле. Ал өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында расмий Астананын дарегине ачуу сындарды айткан.

Бүгүн, 16-ноябрда Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Алмазбек Атамбаевдин чек арадагы абал боюнча сөздөрүнө комментарий берди. Ал Атамбаевдин билдирүүсүн саясий өңүттөн туура эмес деп баалаган. Көп күттүрбөстөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев казак кесиптешинин айткандарына каршы жооп кайтарып, Кайрат Абдрахмановдун кадамын туура эмес деп баалаган.

Биз Кыргыз-казак мамилеси боюнча эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Эдил Осмонбетов менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Кыргызстан менен Казакстан Тышкы иштер министрлери бүгүн кайым айтышышты. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан башка өлкөгө чөгөлөп жашабашы керек деген билдирүүлөрдү жасады. Эки өлкөнүн тиреши эми канчага чейин уланат?

Эдил Осмонбетов: Кыргыз-казак алакасы, эки өлкөнүн чек арасындагы маселе келечекте сөзсүз чечилет. Турмуш уланат кайрадан достук мамиледе болобуз. Бирок, чыр-чатак теориясы бар да. Азыр геосаясий кырдаалды карап көрсөк ЕАЭБдин дагы таасири тийет. Биз бул уюмдун мүчөсү болгондон кийин ортодогу түшүнбөстүктөр ЕАЭБдин комиссиясында, сотунда каралып чечилиши зарыл эле.

Бирок, тилекке каршы бир айдан бери маселе карала элек. Көңүл бурбай, бир дагы сөз айтып койгон жок. Бул таң калтырат. Анткени бул Орусиянын геосаясий долбоору. Уюмга кирип жатканда болсо чек ара ачылат, мигранттарга шарт түзүлөт, экономикалык тармакта жакшы долбоорлор ишке ашат деп убадаланган. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы кырдаал ЕАЭБге сыноо болуп жатат.

Марал: Айрым эксперттер жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин, ал президенттик ишине киришкенден соң гана кыргыз-казак чек арасындагы маселе чечилет деп айтышууда. Жээнбеков абалды оң жолго салат деп канчалык ишеним артсак болот?

Эдил Осмонбетов: Сөзсүз үмүт болушу керек. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясынан кийин маселе чечилеби же чечилбейби аны дагы көрөбүз. Эми ЕАЭБге беш мамлекет киргенден кийин биздин укугуз, соодабыз, базарыбыз дагы бир. Бул жерде эркин соода аймагы бар болсо Казакстан аны жаап жатат.  Эми президент аракет дагы аракет кылыш керек. Бирок муну ЕАЭБдин комиссиясы карашы зарыл. Борбордук Азиядан Тажикстан ЕАЭБге кирген жок. Эки жыл мурун Кыргызстан уюмга кирип жатканда тажик өкмөтү Кыргызстанда кандай жылыштар болот анан карап көрөбүз деп айткан. Өзбекстан дагы байкап турат. Президент айткандай бул уюм кагаз жүзүндө болуп жатпайбы.

Марал: Чек арадагы маселе ЕАБЭдин шартында чечилиши керек деп жатасыз, бирок Орусия бул абалга кийлигише элек. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

Эдил Осмонбетов: Бул Орусиянын геосаясий долбоору болгондуктан аларга кызыктуу болууда. Менин оюмча алардын биз билбеген саясий максаттары бар го. Бирок, бул туура эмес. Орусия реакция кылышы керек, антпесе экономикалык жана саясий жагынан жыйынтыгы жаман болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *