Шашылыш кабар:

Кыргыз-орус славян университети «Достук» орденин алды

Ноябрь 16, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
72

Кыргыз-орус славян университетине “Достук” ордени ыйгарылды. Мындай жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Окуу жайга орденди өкмөт башчы Сапар Исаков тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси, өкмөт өкүлдөрү, мугалимдер, студенттер катышты.


Президент Алмазбек Атамбаевдин указынын негизинде кыргыз-орус славян университетине “Достук” ордени тапшырылды. Ардактуу орденди өкмөт башчы Сапар Исаков ыйгарды. Сапар Исаков куттуктоо сөзүн айтып жатып, аталган окуу жайдын эки мамлекеттин ортосундагы көпүрөнү түзүүдө мааниси зор экендигин белгеп, өкмөттүн иштеп жаткан жаңы долбоорлорунда  активдүү катышууга чакырды.

«Менин пикиримде, университеттин өз  учурунда негизделиши биздин элдер жана өлкөлөр ортосундагы достуктун мыкты көпүрө  катары кызмат кылуусуна шарт түздү. Аталган чечим абдан туура болгон. КРСУ бүтүрүүчүлөрүнүн  арасында өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан көптөгөн мыкты ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Мен ишенем сиздер Таза коомду ишке ашырууда өз салымыңыздарды кошосуздар”.

Аталган окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев мамлекет башчынын бул орденге окуу жайды татыктуу көргөнүнө ыраазычылыгын билдирип, окуу жай 24 жыл мурда жөн жерден уюшулбагандыгын айтып, мындан ары бул орден студенттерге да шык берээрин белгиледи.

“Биз үчүн сыймык. Бул биздин окутуучу, студенттердин ийгилиги.  24 жыл мурда бекеринен бул окуу жайды түптөгөн эмеспиз. Бул университет Кыргызстанда эки мамлекеттин дипломун берерин сыймыктануу менен айтып, ар бир студенттин өлкөнүн өнүгүүсүндө чоң салым кошуусуна тилектешмин”.

Окуу жайдын өзгөчөлүгү эки мамлекеттин достугун бекемдеген мекеме болуусу менен бирге, ар бир бүтүрүүчүгө, Орусияда иштей алуусуна да шарт түзө турган дипломду берүүсүндө дейт административдик жана финансы укугу  кафедрасынын ага окутуучусу Болотбек Шаиков. Жыйынтык катары жыл сайын жумушка орношуу статистикасы тастыктап жатат дейт.

«Биздин окуу жай эки өлкөнүн дипломун берет. Бул анын артыкчылыгы. Буга байланыштуу Орусияда иштеген биздин жарандар балдарын ушул окуу жайга берүүгө аракет кылышат. Чындыгында биз жыл сайын мониторинг жүргүзөбүз, анда да биздин балдар Орусияда чоң жерлерде иштеп жатканын көрөбүз».

«Достук» ордени өлкөнүн  социалдык-экономикалык, рухий жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *