Шашылыш кабар:

Тергөөнүн натыйжасыз жүрүшү абактардагы кыйноо фактыларынын көбөйүсүнө себеп

Ноябрь 6, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
95

Кыргызстанда кыйноолордун 80 пайызы кылмыш тергөө ишинде күнөөнү мойнуна алдыруу максатында жасалып келээрин  «Кыйноолорго каршы улуттук борбор» айтып келет.  Бул маселенин алдын алуу иштери Марал радиосунун эфиринде талкууланды.

Студиянын мейманы, «Голос свободы» коомдук уюмунун өкүлү Асель Койлубаеванын айтымында, кыйноо иштерин токтотууга карата мамлекет атайын улуттук борбор уюштурду, парламент анын иштерин мыйзам чегинде бекитип  берди. Мындан тышкары, мыйзамдарды эл аралык документтерге тууралап жатат. Анткени менен, абактарда кыйноо фактысы азайбай келет. Бул тергөөнүн натыйжасыз жүрүп жаткандыгынын кесепетинен болуп жатат. Бул жерде коррупциялык элементтер бар. Эң жаман практика сотто жүрөт. Анткени, алар өзүлөрү тергешет, өзүлөрү күнөөнү мойнуна коёт.

Асель Койлубаева  өзүнүн тажрыйбасында болгон кыйноо фактысын мисал келтирип, анда укук коргоо органдарынын кыйноосуна чыдабай 2014-жылы абактан качып чыккан Темирчиев Самат аттуу жаран тууралуу айтып берди.

Ал бул иш боюнча 4 кызматкер жоопко тартылып, соттошуп келип, жогорку сотко барганда актап чыгарып койгонун жана сот отурумунда иштин чоо жайы толук тергелбегенин, жабырлануучудан эмне болгонун сурап дагы койбогонун айтты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *