Шашылыш кабар:

Примов: Бир уюмдун көзүн карабашыбыз керек

Ноябрь 16, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
231

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаалдын мамлекеттин бюджетине тийгизген таасири кечээ, 15-ноябрда өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында дагы сөз болду. Биз ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Улан Примов менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн маалыматына таянып «блокаданын айынан Кыргызстан ички дүң өнүмдүн 0,3 пайызын жоготоорун» айтып, «Биз буга туруштук беребиз» деп жарыялады. Жогоруда айтылган 0,3 пайыз жоготуу бул реалдуу эле пайызбы же мындан дагы көп болушу мүмкүнбү?

Улан Примов: Бул биздин Экономика министрлиги тарабынан жылдын жыйынтыгы боюнча алдын ала эсептелген көрсөткүчү. Албетте ушуга окшогон блокада Казакстан тараптан улана бере турган болсо ички дүң продукциянын мындан дагы жогору жоготушуна алып келиши мүмкүн. Учурдагы абалдан чыгыш үчүн кошумча жолдорду таап, дыйкандар менен ишкерлерге башка рынокторду издебесек пайыздын өсүү тобокелчилиги бар. Эгер экономикабыздын жоготууларын толуктоо үчүн алдын ала иш аракеттерди кылсак бул кырдаалдан чыгып кетебиз.

Марал: Финансы министрлиги чек арадагы кырдаалдан улам бажыдан 400-500 млн сом түшпөй калышы ыктымал деген маалымат бергени айтылууда. 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 158,3 млрд сом, ал эми жалпы чыгаша 178,6 млрд сом деп бааланып жатат. Республикалык бюджеттин тартыштыгы болсо дагы деле чоң сумманы көрсөтүп 20,3 млрд сомду түзүүдө. Бул сандарды эске алганда эмдиги жылы бюджет аткарылбай калат деген коркунуч жокпу?

Улан Примов: Албетте, экономикалык шарт, саясий шарт жана башка ар кандай таасирлерден улам жыл сайын эле бюджеттин аткарылышы боюнча тобокелдиктер болот. Бирок, акыркы эки жылда Финансы министрлиги, өкмөт тарабынан белгиленген экономикалык божомолдор аткарылып, айлык акы, пенсия убагында берилип жатат. Жогорку Кеңеште 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын божомолу каралууда. Өкмөт сиз айткандай 20 млрд сомдун тегерегинде дефицит сунуштап жатат. Алдын ала бизге берилген маалымат боюнча сунушталган бюджет, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эске алганда экономикалык өсүш 3,6 пайыздын тегерегинде деп айтылууда.

Марал: Сиз башта өкмөт эми башка рынокторду таап, ишкерлер менен дыйкандарга шарт түзүп бериши керек деп айтып кеттиңиз. Өкмөт эми келерки жылдын бюджетин максималдуу аткарыш үчүн кандай реалдуу сунуштарды берет элеңиз.

Улан Примов: Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы учурдагы кырдаал мамлекетибизди дагы бир чоң сыноодон өткөзүп жатат.  Биз ушундай кабыл алышыбыз керек. Демек биз бир гана уюмдун мүчөсү болуп, ошого гана көз каранды болбой алтернативдүү түрдө башка мамлекеттер менен соода-сатык тармагында, биз өндүргөн продукцияны экспорттоо багытында иш алып баруу керектигин көрсөттү. Толук кандуу көз карандысыз болуш үчүн өзүбүздүн темир жол, Ачык асман, авиациябыз болуу керек деген бир топ жагдайларды аныктады. Биз өкмөткө депутаттар дагы ар дайым алтернативдүү жолдорду карап, анын үстүнөн иштешибиз керек деп айтып келебиз. Бир уюмга көз каранды болуп, биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына, экономикабызга доо келтирилбеши керек. Эң биринчи элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы алдыда болушу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *