Шашылыш кабар:

Улуттук валютага аяр мамиле жасалышы керек

Ноябрь 16, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
90

«Марал» радиосу жана Улуттук банк биргеликте экономикалык багыттагы «Эколикбез» программасын сунуштайт.

Ар бир экономикалык системада акча эң маанилүү элемент катары бааланат. Тилекке каршы жүгүртүүдө жүргөн банкноттор акырындык менен жарактан чыгып, өзүнүн сатыкта жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Акчанын керектен чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, анын накталай жүгүртүүдө жүрүү мөөнөтүнүн узартылышы ар бирибиздин акчага карата кылган мамилебизге көз каранды. Улуттук валютага аяр мамиле жасоо, эскирген, жыртылган банкнотаны же кертилген монетаны кайда алып барып өткөрүү керек деген маселе боюнча Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Бермет Эсенгулова менен маектештик.

Марал: -Акчага карата аяр мамиле жасоо талабы бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде актуалдуу?

Б.Э: -Ар бир өлкө өзүнүн улуттук валютасынын сырткы келбетине кам көрүп, ага аяр мамиле жасап турушу зарыл. Бул бир гана банкноттун же тыйындын сырткы келбетинин сапатын, жасалгасын, коргоо чараларын гана эмес, акчаны колдонуу мөөнөтүн узартып, элдин ага аяр, сый мамиле кылуусуна дагы байланыштуу. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу муктаждыгы менен биргеликте, бүгүнкү күнү ар бир атуулду акчага карата аяр мамиле кылууга үйрөтүү талабы турат. Анткени акча айрылып, бүктөлүп, томолоктонуп, тамак аштын калдыгы менен булганып, капчыкка салынбастан чөнтөк же баштыкка салынып колдонулуп жатат. Мындай мамиле жасоо менен биз купюранын жашоо мөөнөтүн кыскартып, жаңы акча чыгаруу үчүн мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүп жатабыз.

Марал:-Кандай болгон учурда жарактан чыккан купюралар жаңыга алмаштырылат жана кандай болгондо алмашпайт?

Б.Э: -Улуттук банкта Кыргыз Республикасынын атуулдары үчүн жарактан чыккан акчаны жаңыга алмаштыруу боюнча атайын алмаштыруучу кассалар уюштурулган. Мындай кассалар Кыргызстандын ар бир аймагында жана Бишкек шаарында иш күндөрү саат 9:00 дөн 15:00гө чейин акысыз ишке ашырылат. Ошондой эле Кыргызстандын баардык коммерциялык банктарынан жарактан чыккан акчаны алмаштырууга болот. Канча суммадагы жараксыз акчаны же тыйынды алмаштырасыз ага да чек коюлган эмес. Банкнотторду алмаштыруу үчүн анын жарактуу нак аймагы банкноттун көлөмү менен барабар 200 ячейкадан турган атайын торчого (палетки) салынып, аныкталат. Анын негизинде банкноттун 50 пайызы же андан ашыгы жарактуу деп табылса 100 пайыз жарактууга алмаштырылат. Ал эми 50 пайыздан аз аймагы аз аймагы сакталган болсо, алмаштырылбайт.

Марал:- Ал эми монеталарды алмаштыруунун жолдору кандай?

Б.Э: -Ошондой эле Улуттук банктан банкноттрдон тышкары монеталарды дагы алмаштыра аласыз. Болгону, монетанын аверс жана реверс деп айткан арткы жана алдыңкы беттери сакталып, салмагынын 80% бар болсо ал 100% өз наркына алмаштырылат. Ал эми 80% салмагын сактабаган монеталар алмашууга жатпайт. Андыктан, жараксыз, эскирген акчаларды кайра-кайра чаптап же тытылганча колдо кармап жүгүртүүгө айланта бербей, алмаштырып туруу зарыл. Эң негизгиси, акчага аяр мамиле жасап, улуттук байлыгыбыз болгон сомду пайдалануу маданиятыбызды жогорулатсак деп кайрылгым келет.

Марал:- Акчанын эскилиги канчалык деңгээлге жеткенде Улуттук банкка тапшырса болот? Анын критерийлери барбы?

Б.Э: -“Эскирген банкнота” жана жарактан чыккан монеталар” категорясын так аныктоо максатында аларды сорттоп жатканда кассирлер таяна турган атайын критерийлер бар..

Эскирген банкноталар деп төмөнкүлөр аталат:

  • Тешилип калса, жыртылса, бурчтары жана четтери жок болсо, ошондой эле, экиге бөлүнүп жана чапталган банкноттор;
  • Боекторго малынып, май же турмуш тиричиликтеги реагенттер менен булганган, баштапкы өңүн өзгөрткөн;
  • Жуулган;
  • Күйгөн же өрттөлгөн;
  • Басылып чыгуудагы даана кемтик;
  • Эскирген жана кирдеген;
  • Максаттуу түрдө өзгөртүүгө жасалган аракеттер же болбосо текстке, цифрага жана башка сүрөттөргө деталдарды кошуу;
  • Бир нече жазуу, чийимдер жана булганган, банкноттогу басылган сүрөттөрдүн эскирип же өчүп калышы;
  • Мөөрдүн туура эмес басылышы, укук коргоо органдары тарабынан ар кандай атайын операцияларды жүргүзгөндөгү ультра кызгылт нурунда көрүнүүчү атайын эн белгилердин болушу.
  • Марал: — Ал эми монеталарга кандай критерийлер коюлуп, жараксыз же эски деген аныктама берилет?

Монеталар деле жогорудагыдай себептерден улам жүгүртүүдөн алынат. Баштапкы формасын, калыбын өзгөртүп кетилген, эритилген, ийилген, кесилген, металлды жок кылууга аракеттенүүдөн улам калган тактар, кемтиктер болуп, бирок аверс жана реверсте сүрөтү толук сактагандар алмаштырылат. Ошондой эле, жогорку температурадагы издер, тактар жана агрессивдүү кемтиктер эритүү, өңүн өзгөртүп жиберүүсү, басып чыгаруучунун кемчилиги бар монеталар жараксыз деп эсептелинет. Булар дагы алмаштырылат.

Марал: — Эгерде Сиз айткан кемчиликтер болуп, эскирип, жарактан чыккан банкноттор менен монеталарды качан жана кайда алмаштырса болот?

Б.Э: -Эгерде колуңуздагы банкноттун 80% ашык көлөмү сакталса, анда Кыргызстандагы баардык эле коммерциялык банкка барып аны 100% өз наркына алмаштырсаңыз болот. Ал эми аянтынын 50%дан 80%га чейинки аймагы сакталган банкнотаны Улуттук банктын мекемелеринде алмаштырууга болот. Бул жерде белгилеп кетчү нерсе – банкнотанын 51% кем эмес көлөмү сакталса, анда банкноттун өз номиналына алмаштыра аласыз, банкнотанын аянтынын тең жарымы сакталса, анда банкнотаны 50% номиналында алмаштырса болот. Мисалы Сиздин колуңузга 1 000 сомдун жарымы эле болсо, аны 500 сомго алмаштыра аласыз. А эгер акчанын 50% кем көлөмү гана калса, ал банкноталар алмаштырылбайт.

Марал:- Жараксыз банкноталар менен тыйындарды алмаштырууда убаракерчилиги жокпу. Ал үчүн кандайдыр бир арыз жазып, акча төлөш керекпи?

Б.Э: -Мен жогоруда айтып кеткендей эле акчаларды алмаштыруу Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары менен Улуттук банкта бекер, акысыз ишке ашырылат. Ошондой эле канча суммадагы жараксыз акчаны же тыйынды алмаштырасыз ага дагы чек коюлган эмес. Болгону эгер төлөмдүүлүгүн аныктоо керек болсо же шектүү банкнота/монета болуп калса, экспертиза жүргүзүү үчүн арыз жазылышы керек.

Эгерде экспертизанын жыйынтыгы акчалардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана аныктыгын тастыктаса, анда кардарга мурда алынып коюлган банкнота/монетанын суммасы кайтарылып берилет. Эгерде төлөө күчүн жоготту деген жыйынтык чыкса, анда андай банкноталар кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт.

Марал:- Айтмакчы, Сиздин элди акча кармоо маданиятына чакырган чакырыгыңызга кайрылсак. Дегеле, биздин өлкөдө элдин акча колдонуу маданияты барбы? Мисалы, Европада биздикиндей тешилген акчаларды жүгүртүүдөн көрбөйсүң. Элди кантип акчага аяр мамиле жасоого болот?

Б.Э: -Сиз туура байкадыңыз, Европа жана башка өнүккөн өлкөлөрдө акча кармоонун маданияты жогору. Бизде азырынча, андай жогорку деңгээлге жетише элекпиз. Бирок, биздин эл дагы улуттук валютабыз – бул улуттун байлыгы деп аяр, сый мамиле жасарына ишенем. Ал үчүн ар бирибиз, үй бүлөдө, коомдук жайларда акчаны кор кармабай туура пайдаланышыбыз керек. Эң биринчи кезекте, банкнотанын жашоо мөөнөтүн узартуу үчүн аны бүктөп, томолоктоп, чөнтөк же баштыкка салбай, дайыма капчыкка салып кармоо керек. Ал эми монеталарды капчыктын чөнтөгүндө кармоо ыңгайлуу. Бул жөнөкөй эрежелер сакталса эле, улуттук валютабыз узагыраак жүгүртүүдө болуп, элге кызмат кылмакчы. Кырсылдаган, боек жыттанган жаңы акчаны кармоо кандай жакшы таасир калтырат. Элдин акча кармоо маданиятынын төмөндүгүнөн жылына Улуттук банк 40 тоннадай эскирген, керектен чыккан акчаларды жок кылып, анын ордун жаңы акчалар менен алмаштырып турат. Бул мамлекет үчүн өтө олуттуу чыгым алып келүүдө. Андыктан, улутубуздун сыймыгы болгон сомубузга татыктуу мамиле жасап, анын колдонуу мөөнөтүн узарталы. Сомдун тагдыры ар бирибиздин колубузда. Андыктан колдонуп жаткан банкноталарга чийбей, тытпай, тоголоктоп чөнтөгүбүзгө тыкпай, капчыкка салып кармоо маданиятына жетүүгө чакырар элем. Элибизде айткандай эмнени кор кылсаң, ошого зар болосуң дегендей, акчабызга аяр мамиле жасайлы. Ал эми эскирген, керектен чыккан акчаларды жаңы акчага алмаштыруунун артында бир топ адамдардын түйшүктүү эмгеги, анан дагы Улуттук банктын ага короткон чыгымдары турат. Андыктан, ар бир жаранды акчага аяр, сый мамиле жасоого чакырар элем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *